Саясат жаңылыктары

АКШ Кыргыз жарандарына туристтик визаны 10 жылга бере баштайт 

Кыргыз жарандары үчүн АКШ 10 жылга виза бере баштайт. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лессли Вигеринин билдиришинче, 10 жылдык мөөнөт В1, В2 жана В1-В2 категориясындагы (бизнес, дарылануу, туризм, көңүл ачуу) визалар үчүн каралган. Ал эми АКШда жумушка орношууга, узак мөөнөттүк билим алууга жана туруктуу жашоого аталган визалар жарабай турганы белгилүү. 10 жылдык мөөнөткө визалар 2024-жылдын 4-мартынан тарта бериле баштайт, буга чейин берилген визалардын мөөнөтү узартылбайт. Бул өзгөртүүнүн максатын “саякаттарды жеңилдетүү, америкалыктар менен кыргыз элинин ортосундагы байланышты тереңдетүү” деп атады АКШ элчилиги. Буга чейин аталган визалар 5 жылга берилчү.

АКШнын Бишкектеги элчилиги кыргызстандыктар үчүн виза алууга каралган 2 жылдык убакытты 2 ай кылып кыскартканын 2023-жылы маалымдаган эле.

Айта кетсек, АКШга туристтик виза алуу боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи сапта турат.

 

Кыргызстан кайрадан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына киргизилди

Эл аралык Freedom House уюму Кыргызстанды кайрадан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына киргизди. Бул тууралуу уюмдун “Дүйнөдөгү эркиндик – 2024” рейтингинде көрсөтүлдү. Рейтингде Кыргызстанга эркиндиктин деңгээли боюнча 100 упайдын ичинен 27 упай берилди. Айта кетсек, аталган уюмдун изилдөөсүндө Кыргызстан 2021-жылдан бери эркин эмес мамлекет деп бааланып келет. 2021-жылга чейин бир топ жыл “жарым жартылай эркин өлкө” аталып келген.

2024-жылга карата Казакстанга 23 упай, Өзбекстанга 12 упай, Тажикстанга 5 упай берилди.

Ал эми алдынкы ондукта Финляндия, Швеция, Жаңы Зеландия, Норвегия, Улуу Британия жана башкалар бар.

Уюмдун маалыматына таянсак, учурда дүйнө элинин 38 пайызы “эркин эмес” өлкөлөрдө, 42 пайызы “жарым жартылай эркин” өлкөлөрдө, 20 пайызы “эркин” өлкөлөрдө жашайт.

 

Коомдук жайда тамеки тарткандарга айып пул 3 эсе жогорулады

Кыргызстанда коомдук жайларда тамеки тарткан жарандарга айып пул 3 эсе кымбаттады. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 5-мартта кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, чылымды атайын белгиленбеген жерде чеккендерге мурдагыдай 1000 сом эмес, 3000 сом айып салынмакчы.

Ал эми тамеки чегүүгө ылайыкталган атайын жерлерди жергиликтүү бийлик, менчигинин түрүнө карабастан мекеме, ишканалардын жетекчилери бөлүп берүүгө тийиш. Аэропорт, вокзал жана жумуш орундарында тамеки чегүүгө тыюу салынат. Мындай жерлерде чылым тартууга ылайыкталган атайын орундар болууга тийиш.

Мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүүнү депутаттар Улукбек Зулпукаров, Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков жана Акылбек Түмөнбаев демилгелеп, мыйзамды Жогорку Кеңеш үстүбүздөгү жылдын 25-январында кабыл алган эле.

 

Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары күйүүчү май жөнөттү

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 2 миң тонна дизель майын жөнөткөнүн 5-мартта Кыргыздын Энергетика министрлиги жарыялады. Министрликтин билдиришинче, бул гумжардам коңшу мамлекеттин президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен жиберилди. Быйыл 28-февралда да Казакстан 1000 тонна күйүүчү май жөнөткөнү белгилүү. Мындан тышкары Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Орусиядан дагы гумжардам катары күйүүчү май алынган.

Эскерте кетсек, быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, шаардын бир бөлүгү убактылуу жылуулуксуз калышкан. Кырсыктын себебин учурда атайын комиссия иликтеп жатат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан