Апалар, асыл апалар...

8-март – Айымдардын эл аралык күнү. Майрамды утурлай кыргыздын белгилүү инсандары менен “апам – ийгилигимдин башаты” деген темада кеп курдук. Чыгармачылыкка келишине, ийгилик жаратышына апалары кантип таасир эткенин айтып беришти. 

 

Толгонай Арзыкеева, ырчы: “Мага жол салып берди”

– Талантым тай тарабымдан өткөн, таятам жакшы ырдачу, апам да жакшы ырдайт. Тилекке каршы, апам өзү ырчы болом деген кыялына жетпей калган. Ошондуктан мен жетпеген кыялыма кызым жетсин деп кичинемден мага жол чаап берип, чоң колдоо көрсөтүп келе жатат. Атам башында ырдашыма каршы болуп жүрдү, анда да апам “ырдасын, таланты бар” деп алдыга сүрөдү. Эсимде, 6-7 жашымда УТРКда чоң сынак болуп, мен скрипка менен ырдап чыкмакмын. Ошондо буту бутуна тийбей чуркап, даярдантып чоң дем берген эле. Азыр да биринчи угарманым, биринчи көрөрманым. Үй-бүлөбүздө болсо тың келин, сүйүктүү жубай, жароокер эне, өз кесибинин мыктысы. Кыскача айтканда, мен үлгү туткан эң жакыным.  

 

Назира Айтбекова, алпаруучу: “Апам мендеги булактын көзүн ачкан”

– Мендеги булактын көзүн ачкан адам – апам. Жаш кезинде диктор, актриса болом деген кыялы болгон экен. Мен там-туң басып жүргөн кезде эле Алыкул Осмоновдун ырларын көп жаттатчу. Сыналгы көрүп отурган учурда Советбек Жумадылов, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева сыяктуу улуу актёрлор чыгып калса кандай талант экенин, өмүр-таржымалдарынан бери айтып тааныштырар эле. Искусствого болгон сүйүүм ошентип ойгонду. Анда апам мектепте комуздан сабак берчү, азыр да ушул кесиби менен алек. Мени кошо комуз, фортепиано ийримдерине алып барып, ырдатып, фестивалдарга катыштырып жүрдү. Апамдын арты менен чоң сахналарга чыктым. Үйдөн диктор болуп, роль аткарып ойночубуз. Сыртынан катуу мугалим көрүнгөнү менен, үйгө келгенде бардык тарабынан мага ачылчу. Бирок катуу тартипте болдум, дискотека, отуруш дегендерге жиберчү эмес. Ошентсе да сөз эркиндигин берген экен, ачык сүйлөп, оюмдагыны айтып, ажыкыстанып эле жүрчүмүн. Мейли, сүйлөй берсин дечү. Кээде оозумда элегимдин жоктугу ошондон болсо керек (күлүп).

Биринчи жолу “Хит парадга” (ред.: телеберүү) чыкканымда алгачкы сынчым, демөөрчүм апам болду. Азыр да сынчым, бир да берүүмдү үзбөй, күтүп көрөт. Көрбөй калса “айтып койбойсуңбу” деп урушат. Ал адамдын тегирменинен бүкүлү чыгуу кыйын. Өзү да чыгармачыл адам болгондон кийин оңою менен бир нерсени жактыра бербейт. Апам мактаса, демек, аябай жакшы бирдеме кылганым да (күлүп).

Апам мени жалгыз өстүрдү, болгон сүйүүсүн, эмгегин, убактысын, акчасын мага жумшады. Азыр болгон убактымды ошону актоого жумшап жатам десем болот. Ошондуктан балдарды сүйгүлө, балдарга инвестиция кылгыла, ошондо баары жакшы болот деп айтат элем.

 

Өмүрбек Израилов, актёр: “Чет өлкөгө кетем десем каршы чыккан”

– Атамдын көзү эрте өтүп кетип, апамдын тарбиясында чоңойдум. “Энелүү жетим – эрке жетим” деп коёт го, эрке болчумун, ошол эле маалда апамдын талабы да, тартиби да катуу эле. “Башыңды кесип жатса да сөзсүз чындыкты айт” деп тарбиялаганы азыр да эсимде. Кичине кезимден бери “чыгармачыл адам болосуң, ырдайсың, роль ойнойсуң” деп мага ишеним, колдоо көрсөтүп келе жаткан адам – апам. Азыр да ар бир спектаклимди, киномду көрүп, өз баасын, сынын айтып турат. Жадакалса кийимдериме сын айтып, өзүмдү алып жүрүүмө чейин багыт берет.

Театрга жаңы киргенимде роль ала албай жүрдүм, ага катар айлык да аз учур. Маянам 4 миң сом болчу, ошого аябай кыжалат болуп жүргөм. Анан апама «мындан көрө чет өлкөгө барып иштейин, бул жактан оокатым өтпөйт окшойт» дедим. Апам «дарак бир жерден көгөрөт, ошол жерден өсүп-өнүшүң керек» деп урушуп оюмдан баш тарттырган. Ошондо «ооба, балам, акча табышың керек, кетип кал» десе деле кетип калмакмын да. Талантыма, ийгилик жаратарыма ишенген, көзү жеткен адам болуптур.

Негизи кыргыз энелерине өзгөчө баа берем, ыраазымын. Алсак, Каныкейдин Семетейди эл-жерине алып келиши, келечегин көрө билиши, ошондой эле Курманжан энебиздин эл-жери үчүн баласын садага чабышы кыргыз энелеринин кандай экенин далилдеп турат. Ар бир эне мен үчүн Каныкей, Курманжан. Улутту улут кылып сактоо энелерден көз каранды. Ошондуктан ар бир кыргыз айымы бар болсун, оорубасын деп тилейм!

 

Аксай Мукамбет уулу, ырчы: “Ырчылыкка болгон сүйүүмдү апам ойготту”

– Апам баатыр эне. 7 баласы бар, мен бешинчисимин. Биз кичине кезде ата-энем мал чарба, дыйкан чарба менен алектенип жүрүп бизди бакты. Оор кырдаалда өсүп жетилдик. Ошондой мезгил болгонуна карабай бизди да кара жумушта калбасын деп баарыбызды окуткан-чокуткан ошол кишилер. Ошонусуна азыр аябай ыраазы болом, аракеттеринин үзүрү кайтты. Ал эми менин ушул даражага, деңгээлге жетишиме апамдын таасири, кылган эмгеги зор. Анткени апам үйдө такай ырдап жүрчү. Советтик ырлардын көбүн билчү эле. Мен да апамдын ырдаганына шыктанып кошо ырдап баштап, чогуу да ырдап жүрдүк. Ошентип жүрүп апам талантымды байкап, мага музыка жаатындагы алгачкы энциклопедия болуп берди. Советтик ырларга болгон сүйүүмдү ойготту. Азыркыга чейин колдоочум, ар бир ийгилигиме, жакшылыктарда жүрсөм, концерт берип жатсам жашып сүйүнөт, сыймыктанып калат. Пенсияда болгонуна карабай эмгекчил, шайыр адам. Бизди “жата бербегиле, талыкпагыла, окугула” деп тарбиялады.

8-март мага даана энелердин, апалардын майрамындай сезилет. Ошондуктан учурдан пайдаланып алгач эле жалпы кыргызстандык апаларды куттуктагым келет. Энелер жаркылдап, жылуулук, мээрим берип алдыбызда аман жүрүшсүн. Эненин көз жашы төгүлбөсүн деп тилейт элем.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан