Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Жолдошум дайым жанымда жүрчү, жоготуу оор экен»

– Алина эже, саламатсызбы? Айымдардын майрамы алдында сиз менен баарлашалы дедик, кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Саламатчылык. Учурда Орусиядамын, 3 жылдан бери бул жакка бат-баттан каттап калдым. Концерт коюп, болбосо досторго, туугандарга келип жүрөм. Ден соолукка байланыштуу ушундай болуп жатат. Кан басымым бир аз жогору, бул жактын абасынын таасириби, Москвада жүргөнүм ден соолугума жагат. 4-5 ай жүрүп, жакшы болуп калганымда кайра Кыргызстанга кайтам.

– Ден соолук каалайбыз. Ал жакта да чыгармачылык менен алектенип жатасызбы?

– Ооба, сөзсүз түрдө. Бул жакта мекендештерибиз аябай көп да, көпчүлүгү менен таанышмын. Атайын уюмдар бар, жакшы иш-чаралар, тойлор болгондо чакырып турушат. Бул жакта деле Кыргызстандагыдай эркин жүрөсүң. 

– Популярдуулуктун туу чокусунда турган күндөрүңүз ностальгия тартуулайбы?

– Албетте. Ал убакта биз алып учуп, жан дилибиз менен сахнаны сүйүп ырдачубуз. Жаштык кылып ката да кетиргенбиз. Азыр андай каталарды оңдоп, аны кайталабаганга, мурдагыдан да жакшыраак болууга аракет кылып, мугалимдик кылууга да жетип калдык окшойт. 42 жылдан бери сахнада жүрөм. Тажрыйбамды жаштар менен бөлүшсөм деген тилектерим бар. Кандай ырдаш керек, сахнада кантип өзүн үлгүлүү алып жүрүш керек деген сыяктуу жакшы нерселерди жаштарга үйрөтүп кетсем дейм.

– Чыгармачылыгыңыз абдан гүлдөп турган учур кайсы жылдар болду деп ойлойсуз?

– Негизи 1982-жылы жаңыдан ырдап чыкканда эле белгилүү болдум. Ал мезгилдин ырчылары мамлекеттик кызматкер болуп филармонияда иштеп, союздук 15 республиканы кыдырып ырдап, көптөгөн сынактарга катышып, жеңип-жеңилип, такшалып калганда өзүбүзчө топторду ачып кеттик. 1991-жылдан 2000-жылдарга чейин мен үчүн чыгармачылыктын туу чокусу болду окшойт. Анткени ошол жылдары кайсы ырды ырдап чыксам да хит болуп жатты.

– 80-90-жылдардагы эмнени көбүрөөк сагынасыз?

– Тартипти. Ал убакта биз абдан тартиптүү элек, азыркыдай каалаганыбызды кыла берчү эмеспиз. Азыр көбү каалаганын кылып кыргыздын ырларын бурмалап жатышпайбы. Анткени алардын да фанаттары бар, алар аркылуу ыр ошол бузулган абалында тарап жатат. Кыргыздын бир сонун ырларын чет элдик ырларга окшоштуруп ырдап салышат. Кыргыздын нукура кайрыктары бузулбай ырдалса дейт элем.

– Учурдагы шоу-бизнеске, жаңы толкун, жаңы агымдын ырчыларына көз карашыңыз кандай?

– Жакшы эле дейм. Биздин убакта азыркыдай интернет жок болчу, азыркы жаштар интернеттен эле үндөрүн сонун кылып тарбиялаганга жетишип жатышат. Жаштар жакшы өсүп жатышат, мыкты ырчылар бар. Ал эми анча эмес болсо, эл ичинде элек бар да, эленип жатып мыктылары калат дайыма. Ар бир мезгилдин өзүнүн акча табуу ыкмасы болот экен да. Мурда сахнада концерт берип киреше тапсак, кийин тойлорго басым жасап кеттик. Каражатты ошол жактан табабыз, мен деле тойго барып ырдайм. Бирок сахна мен үчүн дайыма ыйык, сахнаны сагынам.

– Сахна адамынын көшөгө артындагы жашоосу көп учурда күйөрмандарга сыр болот эмеспи. Сиз кабылган, жеңип чыккан кыйынчылыктар тууралуу сурайын...

– Мен бул жагынан бактылуу адаммын. Албетте, ар бир иште кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болот. Мисалы, турмушка чыкканда кайын журтуң, жолдошуң ырдатпай коюшу мүмкүн. Андай тоскоолдуктар менде болгон жок, мени бардык жактан колдошту, ушуга ыраазымын. Жолдошум өзүнүн кесибин таштап, менин кесибим боюнча иштешиме жардам берип 15 жыл чогуу жүрдү жанымда. Ошого менде кыйынчылык көп болгон жок. Эми бир күнү ылдый, бир күнү өйдө болуп турат дечи, каражат жагынан же ооруп каласың дегендей.

– Жакынын жоготуу адамга оор, жолдошуңуздун көзү өткөнүнө да 3 жылга жакындап калыптыр...

– Ооба, бул мен үчүн абдан кыйын суроо. 3 жыл өтөбү, 30 жыл өтөбү, баары бир жүрөктө орду толбойт экен. Алдыда канча пландарыбыз, даярдаган жакшылыктарыбыз бар эле, эч бирин көрбөй кетти. Жоготуунун артынан өзүмө жогорку кан басым деген ооруну жабыштырдым. Жогоруда айткандай, Москвада жүргөнүмдүн себеби ушул. Баарыбызды кайгыга салып кетти, балдары, айрыкча кичүү балабыз азыркыга чейин мүрзөсүнө барып, ишене албай жүрөт. Бир небересин абдан жакшы көрөт эле, ага бир аз чоңойгондо айталы деп айткан жокпуз. Ал көтөрө алчудай эмес, ал “чет өлкөдө дарыланып жатат” деп азыр деле күтүп жүрөт. Орду толгус жоготуу экен, үй-бүлө башчысы, атабыз жок аңырайып калды. Мен каякка барсам да жанымда болчу. Азыр бул жакта жалгызмын, сүйгөн кесибим бар экен, ошону менен алаксып жүрөм.

Кичүү баламдын кенже уулу Даян жолдошум каза болгондон кийин төрөлдү. Ошол неберем чоң атасына аябай окшош, кыймыл-аракети, күлгөнү, көз карашы аябай окшош. Ал неберемди көргөндө жолдошум тирилип келгендей сезим болот.

– “Өзгөрүүдөн коркпойм” деп айткан экенсиз мурунку интервьюда, азыр деле коркпойсузбу?

– Ооба, эми улам жаш өйдөлөгөн сайын үлгүлүү болгонго аракет кыласың. Имиджим азыр мугалимдик жакка өзгөрдү го. Жаштардай болуп так секирип мурдагыдай жүрө албайсың. Негизи саркеч элемин, модадан артта калбайм, өзгөрүүдөн азыр деле коркпойм.

– Эмнеден коркосуз?

– Жоготуудан, жакындарымды жоготуудан корком. Андай коркунуч көп болуп, жалкып калгам. Ошон үчүн корком.

– Жаш ырчыларды карап, арасынан өзүңүздүн ырдоо стилиңизге окшоштуруп калгандары болобу?

– Болот, сөзсүз. Жаштар азыр чет элдик ырчыларды көп угушат, ошолордун ырдоо ыкмаларын колдонушат. Бирок баары бир алардын арасынан мага окшоштуруп ырдагандарын байкап калам. Андайда жагымдуу болот. Атайын мени туурап ырдаганын айткандар дагы бар. Мисалы, Клара Алибекованы айтайынчы. Кичинекейинде мени кумир тутчу экен. А бирок барып-барып өз атын жасады. Азыр Кларанын өзүнүн үнү, өзүнүн атагы, Клара Алибекова деген ысымы бар.

– Сизге көбүрөөк таасир калтырган китеп кайсы?

– Мурда классикалык чыгармаларды көп окучу эмес белек. Кыргыз жазуучуларынан Зуура Сооронбаева эженин, Мукай Элебаевдин китептерин, Чыңгыз Айтматовдун көп китептерин окудум. Таасир берген чыгармалар болот, андан өзүңдүн катачылыктарыңды оңдоп, тарбия аласың. Айтматовдун “адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген сөзүн дайым жүрөгүмдө сактап, турмушта колдонуп келем.

– Мурда кандай адам элеңиз, кандай болуп өзгөрдүңүз?

– Аябай деле өзгөрүп кеткен жокмун, бирок токтоо болуп баратам. Токтоо болосуң, анткени неберелериң бар. Сени карап түздөнгөн жаштар бар дегендей. Ошондуктан жаштарга жакшы жол көрсөтүү үчүн өзгөрөт экенсиң.

– Кандай чоң эне, таенесиз?

– Жакшы чоң эне, таене болсом керек, неберелерим биринен ашып бири телефон чалып турушат. Азыр видеочалуу аркылуу байланышып “качан келесиң?” деп улам сурап жатышат. 7 неберем бар. Баарын сагындым.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан