Учурда Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде коюлуп жаткан “Ак кеме” спектакли коомчулукта кызыгуу, талкуу жаратууда. Ал спектаклде Орозкулдун ролун ойногон, Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын актёру, интернет желесинде тамашалуу посттору менен да таанымал Канат Шабдалиев менен маектештик.
– Кандайсыз, Канат ага? Маекти сиздин театр босогосун аттаган күнүңүздөн баштайлы...
– Театр чөйрөсүнө 17-18 жашымда келдим. Алматыдагы Темирбек Жүргенов атындагы Театр жана кино академиясын 1999-жылы бүтүрүп келгем. Ошол бойдон Караколдо Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрда иштеп келе жатам. Театрдан тышкары кошумча жумушум деле жок. Ал эми Фейсбук болсо – менин хоббим. Ички энергияны, негативди тамаша аркылуу сыртка чыгарып салышым керек.
– Социалдык желеде аялдарга карата сүйүү темасында көп жазасыз?..
– (Күлүп) Бул эми кечээги “Ак кеме” спектаклинде баланы кыялкеч дегендей нерсе. 47деги кишиде кайдагы сүйүү, балдарым үйлөнө турган курактамын. Социалдык тармактын колдонуучулары “теңирчи”, “дакансачы”, “мадумаровчу” деп абдан бөлүнүп кетпедиби. Элдин маанайын башка жакка бургум келип, сүйүү темасын тамаша катары жазам. Айрымдар “аялың кызганбайбы?” деп сурашат. Келинчегим экөөбүз чогуу “кел, Салияга, Гүлзадага жазайын, кел Чынарага жазайын” деп сүйлөшүп отуруп жаза беребиз. Жанында турсам, эмнеге кызганмак эле?
– Эң алгачкы ролуңуз тууралуу айтып берсеңиз... Кандай ойногонсуз?
– Ар бир актёрдун көңүлүнө жаккан саналуу эле ролу болот. 28-29 жашымда “Ай тутулган түндө” спектаклинде Думананы ойногом. 35-36 жашымда “Манастын уулу Семетейде” Хан Жакыпты ойноп, Советбек Жумадылов атындагы сыйлыкты алгам. Кыялымда Базарбайды же Орозкулду ойносом дечүмүн. Жакында “Ак кеме” спектаклинде Орозкулду ойнодум. Ушул ролдорду ырахат алып ойнойм, кайра-кайра ойнотсо да чарчабайм.
– Бишкектеги көрүүчүлөр менен Караколдогу көрүүчүлөрдүн айырмачылыгы барбы?
– Илгери биз айылдан келгенде шаардыктар аппак болуп, айылдан келгенибиз билинип турчу. Азыр Бишкек кайсы, айыл кайсы, аралашып эле калды го. Шаардыктарга караганда айылдыктар заманбап жашап калышты азыр. Эми бизде Караколдо бир жаман жери – эл театрга көп көнө албай жатат. Бишкек чоң да, көрүүчүлөрү көп, эки күндөн бери театрда аншлаг болуп жатат. Караколдо залды толтуруш кыйын.
– Бала кезиңизде да ушул кесипти кыялданчу белеңиз?
– Ооба, бала кездеги кыялым деле актёрлук болчу. Апам мугалим болгон үчүн “менин ордумду басып калар бир балам болсун” деп зордоп эле мектепти бүткөндө филфакка тапшыртып салган. Бир жыл окуп, кыйратпай кетип калгам. Анан каңгырап жүрсөм дал ошол убакта Кудай жалгап Казакстандагы окуу жайга тандоо жүрүп жатыптыр. Тапшырып, өтүп кеттим.
– Жаш кезиңизде деле азыркыдай шок Канат белеңиз?
– Көпчүлүгү “бала кезде мен мындай тарбияда өстүм, тигиндей тарбияда өстүм” дешет го. Чынын айтайынбы?
– Албетте.
– Бала кезимде мени көчө тарбиялаган, көчөнүн баласы болчумун. Анткени 2-3-класстан тарта таенемдин колунда чоңойдум. Таенемдин 2 эле кызы бар эле, ошого мени ага берип коюшкан. Жалгыз кемпирдин колунда эрке өстүм. Көчөдө өзүмдөн 7-8 жаш улуу балдар менен көп жүрүп калдым. Кийин 9-10-класс болуп калганда өзүмдүн ата-энемдин колуна келгем. Бирок ал убакта ата-энеме деле баш бербей калган кезим. Ошентип көчөнүн, көчөдөгү балдардын тарбиясын алып калдым. Кудайга шүгүр, соттолуп кеткен жокмун. Бирок тентек болдум, көп жаман иштерди кылдым. Азыр ошол кезде ата-энемди капа кылган күндөрүмө өкүнөм, азыркыга чейин кечирим сурайм. Балдарым мендей болбосо экен дейм.
– Кандай жаман иштерди кылдыңыз эле?
– Майда бейбаштык, тескери жүрүм-турум. Кенедей чактан тамеки, кенедей чактан көчө, кенедей чактан мушташ. Тамекини 13 жашымдан баштагам, ошол бойдон таштай албай койдум. Убагында ичкилик ичкем, жашырбайм. Көп жолу милицияга түшкөм, тентектик кылып. Бирок эч качан уурулук кылып көргөн эмесмин.
– Азыр деле ошол сапаттар ойгонуп кетпейби?
– Азыр андай жок, үйлөнгөндөн кийин токтогон. 22 жашымда балалуу болгом да. Мен эрте бузулган, анан эрте токтолгондорго кирем. Азыр башкалар менен урушпайм, чатактан алыс жүрөм. Жашоо өзү керемет да, жыргап жашай бер, айткандар айта берет, теңелбей түз өз жолуң менен кете бер. Келинчегим менен урушуп кетсем да, көчөгө же айылга кетип калам.
– Канча балаңыз бар?
– Үч балам бар, улуусу 25те, Бишкекте иштейт. Экинчи балам 11-класста окуп жатат, кичинекей кызым 5те. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдарым билимдүү, зирек. Жашоодо байлыкка, бийликке эмес, балдардын билимине убакытты көп бөлдүм, алардын билимине акчаны көп короттум. Заңгыраган үй салган жокмун, үйдүн ичиндеги бакытка көңүл бөлдүм. Балдарыма жакшы тарбия бере алдым деп ойлойм. Мага окшоп көчөдө тарбия албасын, эрке болбосун деп аракет кылдым.
– Кайната болоюн деп калыпсыз, буюрса?
– Балам “сен токтолгондо үйлөнөм, ата” деп калат. “Менин токтолгонумду күтсөң өмүр бою аялсыз өтөсүң” дедим (күлүп). Тамаша. Эрте үйлөнсөң түйшүктү көп тартып каласың, апасы экөөбүз батирлеп да жүрдүк, ар кайсы жерде пол жууп иштедик, базарда иштедик, күзөтчү болуп иштедим, Орусияга да барып келдим. Кылбаган ишим деле калбады окшойт. Мен үчүн аялымдан тамекиге, жол кире, бензинге акча сураган эң жаман нерсе. Карантин маалында театр токтоду, тойлор токтоп калды. Тамадалык кылам да. Келинчегимдин чакан бизнеси бар, ошол кезде тамекиге акча сурагандан уялып Орусияга кетип калгам. Балдарымды да ошого үйрөтөм.
– Театр сиз үчүн?
– Менин оюмча, театр – бул мечит. Анда иштеген режиссёр, актёрлор – бул мечиттеги дааватчылар. Театр менен коомдо болуп жаткан нерсени элге жеткириш керек. Китеп окубаган жаштарга тарыхый каармандарды, тарыхты таанытуу театрдын иши болуп калды.
– Өзүңүз иштеген театрдын директорлук кызматы боюнча да тамаша жазып калчу элеңиз?..
– Мени директорлукка сунушташкан, колумдан келбейт дедим. Директор болуу, башчылык кылуу менин табиятымда жок. Жоопкерчилик деген нерсе бар. Азыр көптөр жоопкерчиликти билбей эле кызмат десе чуркап жатпайбы. Мен жакшы актёр боло аларымды билем. Жакшы роль жаратарымды, жакшы тамадалык кыла аларымды билем. Ошол эле учурда жетекчи болуп бирөөлөрдү башкара албашымды да билем.
– Киного да тартылгансызбы?
– Киного майда-чүйдө ролдорго тартылып жатабыз. Театр менен кинонун айырмасы – театр актёру бардык кинодо роль ойноп кете алат. А кино актёрунун театрда роль ойноп кетиши күмөн. Киного тартылуу кээ бир адамдардын багынан. Бак берип койсо, театрга дегеле аралашпаган адамдар киного тартылып жылдыз болуп жатышпайбы. Кинолордон “Агайда”, “Элесте” кичинекей ролдорду ойнодум. Орусиянын “На дальних рубежах” деген киносунда тергөөчүнүн ролун ойногом.
Гулийпа Маметосмон кызы