Чыңгыз Бейшеев, 36 жашта: “Кара-Кечеден көмүр ташып келатып кырсыктагам”

“Ден соолук акчадан кымбат деп айтылат, бирок азыр көптөрдүн ден соолугу акчанын айынан калыбына келбей, акчадан көз каранды болуп жатат”,- дейт каарманым Чыңгыз Бейшеев. Ал мындан 6 жыл мурун кырсыктап баспай калган, бирок басып кетем деген үмүтү чоң. Жашоосун астын-үстүн кылган каргашалуу окуя, азыркы жашоосу тууралуу кеп кылып берди маектешим.

“Башкаларды сүзүп албайын деп жолдон чыгып кеттим”

– Аты-жөнүм Чыңгыз Бейшеев, 1988-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулгам. Бирок акыркы жылдары дарылануума ыңгайлуу болсун деп бала-чакам менен Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда эжем менен жездемдин үйүндө жашап жатабыз. Кара-Кече кенинен Бишкекке Камаз менен көмүр ташып иштечүмүн. 2018-жылдын сентярь айында көмүр ташып келе жатып техникалык мүчүлүштүктүн айынан жол кырсыгына кабылгам. Алдымда келе жаткан башка унааларды сүзүп албайын деп аңга түшүп кеткем. Аңга бурбай түз айдай бергенимде адам өмүрүн алган чоң кырсык катталмак. Кудайга шүгүр, аман калдым. Бирок ошол кырсыктан бери майыптардын арабасындамын. Кырсыктан бир күн өткөндө өзүмө келдим, мени Бишкекке ооруканага алып бара жатышкан экен. Жанымдагылар “эки кабыргаң талкаланып калыптыр, Бишкекке операцияга алып баратабыз” дешти. Нарындагы ооруканадан жиберишкен экен.

“8 ай кыймылдабай шыпты тиктеп жаттым”

– Операциядан кийин сынган сөөктөр жүлүндү кысып буттарым баспай калды. Дарыгерлер “басып кетесиң” деп үмүт беришкен, бирок ал күндү көп күттүм, баса алган жокмун. Ооруканадан чыгарганда Ат-Башыга келип 8 ай кыймылдабай шыпты тиктеп эле жата бердим. Башымды жаздыктан 10 сантиметрден өйдө көтөрө алчу эмесмин. Отура албайсың же баса албайсың, ошол учурдагы абалымды эстесем өзүмдү аяп кетем. Кичүү балам алты айлык, улуу кызым эки жашта болчу. Аялым аларга мени кошуп үчөөбүздү жаш баладай эле бакты. Ага мындай камкордугу үчүн ыраазымын. Мен арабада отурган 5 жыл бою үй-бүлөбүздү жубайым багып келе жатат, азыр да кызымды мектепке, уулумду бакчага берип өзү тигүүчү болуп иштейт.

“Мага туура эмес операция жасалганын айтышты”

– Адам баласы бир нерсеге оңою менен моюн сунуп бере калбайт эмеспи. Басып кетем деген аракет менен 5 жылда барбаган жерим калган жок. Орусияга, Азербайжанга чейин барып көрүнүп келдим, баары бир ооздон мага туура эмес операция жасалганын айтышты. Жакында эле Түркиядан дарыгерлер келген экен Бишкекке, аларга көрүнсөм “сеникиндей диагноз менен операция жасатып басып кеткендер көп” деп үмүт беришти. Чынын айтсам, мен бир да жолу “болду тагдырым ушул экен, баспай калдым эми” деп отуруп калган жокмун. Интернеттен, Ютубдан видеолорду көрүп ийне терапиясына, массажга барып, өзүм үйдөн машыгып такай изденүүдө жүрдүм. Кызыгы, мендей болуп кырсыктап баспай калгандар үчүн чоңдорго реабилитациялык борборлор Кыргызстанда жок экен. Чет өлкөдөгү андай борборлорго баралы десек айына 8000 доллар төлөйсүңөр деп айтышты. Эгер бизде чоңдор үчүн кайра калыбына келтирүүчү борборлор ачылса, мендей майып болуп калгандардын саны азаят беле деген тилек. Биз башында Бишкек шаарында мендей болуп кырсыктап арабага отуруп калган 10-15 чакты бала болуп жеке үйдү ижарага алып реабилитациялык борбор ачканга аракет кылып жүрдүк. Өз алдыбызча машыгып, керектүү көнүүгүлөрдү жасап, бирок толук иштетип кетүү колдон келбей койду. Көп балдар айыгып кетерине көзү жетпей, кайра кетип калышты. Калган балдар да тарап кеттик. Мен үйдөгү машыгуу залында машыгып баштадым.

“Суукта сынган кабыргаларым какшап ооруйт”

– Жамгыр же кар жаап күн суук тартканда сынган сөөктөрүм какшап ооруйт. Оорулуу адам синоптик болуп калат экен, сөөктөрүм какшап баштаса эле күн жаап, суук түшөт окшойт деп божомолдоп калам. Кээде чыдатпай ооруйт, көбү ушундай учурда ооруну басаңдатуучу дары ичишет, мен дары ичпейм такыр. Дары бир органга пайдасын тийгизсе, экинчисине сөзсүз зыянын тийгизет, ошондон корком. Мага азыр түркиялык дарыгерлер “дагы бир жолу операция жасатсаң, басып кетишиң мүмкүн” деп үмүт берип жатышат. Ушул күнгө чейин жакындарымдын, бир туугандарымдын колдоосу менен 5 жыл басууга аракет кылдым. Азыр элден колдоо, бата суроого аргасызмын. Операцияга 38 миң доллар керек болууда, көбүрөөк убактыбыз болсо тууган-туушкандардан чогултуп жасатмакмын, бирок тез аранын ичинде чогултуш керек болгон үчүн жакындарымдын кеңеши менен коомчулуктан жардам сурап кайрылып жатам. Анткени азыр менде кыймыл жакшы, дарыгерлер да “нервдер уктап кала электе эртерээк операция жасатышың керек” деп жатышат. Эмнегедир басып кетериме көзүм жетип жатат. 36 гана жаштамын, балдарым жаш, мындан аркы жашоомду арабасыз өткөргүм келет. Ошол себептен колдоп берип коюңуздар. Эгер басып кетсем мага окшогон көптөгөн майып балдарга шык берем.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк: 0709757818  

О деньги: 709757818  

РСК банк (Элкарт):

9417 0885 87155230

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан