"Атамды эстеткен орозо"

– Амансыңбы, куттуу талаам? Ооба, быйыл да келдим. Эртең Орозо айы башталат, атама куран окуганы келдим. Бир жылда эмнелер баштан өткөн жок. Эх, арманым көп, сырдашчу, башыңды жөлөп ый төкчү адамың жок болсо ушинтип бейит аралап маркумдар менен сүйлөшүп калат турбайсыңбы.

Тоо боорундагы атамдын жайына жылда келип куран түшүргөнчө ушинтип кобурашып кетмей адатым бар. Акыркы учурларда мен бугумду чыгарчу жерлердин бирине айланып калды ушул жер. Былтыр келгенде “ата, быйыл сенсиз 15-жылды жашап жатам, сен бардагыдай орозону такай кармай албай жатам, кээде шарт, жагдай туура келбей калат” деп актанып кеттим эле. Быйыл да кармай албачудаймын, август айында дарыгерлер менден оор дартты аныкташты. Учурда ашказан рагы менен алпурушуп жүрөм. Жыл бою бир бутум онкологиялык ооруканада, бир бутум үйдө өтүп жатат. Дары издегенден, дары жыттанган имараттардан тажадым. Кээде эртерээк эле ушул маркумдардын арасында тынч жаткым келет. Эртең орозо башталат, үйдө жубайым от жагып, боорсок бышырып, жыт чыгаруу менен алек. Балдарымдын чоңу отун ташып, очокко от жагып апасына жардам берсе, кичүүлөрү “азыр апам боорсок бышырат” деп очоктун боюнда күтүп отурушат. Кудум менин балалыгымды эстетет. Билесиңби, ата, мен бала кезде орозону куш деп элестетчүмүн. Күндө аны кармайм деп тургуча, сен “балам, сен уктап калганда кармап, учуруп жибердим” дечү элең. Ошол экөөбүздүн сүйлөшүүбүз көкүрөгүмө кыттай уюп калыптыр. Менин тажатма, орунсуз суроолорума деле эринбей жооп берчү элең, ата.

– Ата, орозону кантип кармайт?

– Ал үчүн эрте туруш керек, таңкы 4-5те, балам.

– Эмнеге, эртең менен 10до туруп кармаса болбойбу?

– Жок, ага чейин учуп кетет.

– Каякка?

– Башка сооп сураган жакка, сен түштө тургуча учуп кетет да, күтүп отурмак беле "Адил турсун, анан кетем" деп.

Мен орозону куш элестетип жайлоодо жүргөндө атамдан “ата, ушулбу орозо кушу” деп сурай берчүмүн. Атам башын чайкап “жок, орозонун өзүнүн убактысы болот, сендей уйкучулар эч качан ал кушту кармай албайт” деп күлүп койчу. 5-класс болгондо атам менен чогуу орозо кармап баштадым. Бирок, азыр ойлосом, ал куракта жакшы тамак, татуулар үчүн эле орозо кармап жүргөн экем. Анткени үйдө мен сүйгөн дүйүм тамак, таттууларды, эт менен салаттарды, апамдын катып койгон сары май, чөбөгөлөрүн Орозо айында гана жечүбүз. Баламын да, айылдагылар ооз ачырганга такай чакырчу, эки күндүн биринде атамды ээрчип ооз ачарга  барчумун. Курсак ток, чөнтөгүм толтура момпосуй, айтор, орозо менин балалыгымдагы “эрмегим” эле. Чоң кишилер “ии, ушул балаңыз да Орозо кармайбы, азамат ” деп башымдан сылап койсо, ого дейре өзүмдү маанилүү адам сезип калам. Орозонун чыныгы маанисин 16-17ге чыгып калганда гана түшүндүм. Көрсө, напсиңди тыйып, колунда жок, курсагы ачтардын кадырын билип, Жараткан менен мамилени жөнгө салып, анын алдында өзүңдү көзөмөлдөп жүрүү, ачкачылык аркылуу адамды сыноо тура. Атам менен кармаган ар бир орозо күн али да эсимде. Күндө таң атпай туруп атама даарат алганга кумганга жылуу суу даярдап коёр элем. Кышылдап араң баскан атам карды кырчылдатып баскан бойдон үйдөн бир топ алыс дааратканага кетчү. Ал келгиче тамактарды жылытып, чай дайындап турчумун. Атам ыраматылык, апамды ойготуп, “чай коюп бер,байбиче” деп бир да жолу айткан жок. Баарын өзү кылчу, кээде мен уктап калсам “эй бала, турбайсыңбы, Орозоң каза болуп калат эми” деп төшөгүмдү тарткылап тургузар эле. Орозо кармаган күндөрү дайыма сизди эстейм, ата! Алган соопторуңуз ошол дүйнөдө ишке жарады деп ойлойм. Бата, дуба кылып Кудайдан суранганды ошол сиз менен чогуу орозо кармаган күндөрү үйрөнгөм. Тынч жатыңыз, ата.

 

Адил

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан