Илясбек Жолдубеков, интернет жылдызы: «Пранкты түшүнбөй орой мамиле кылгандар болот»

Кафеде тамактанып отургандардын жанына сурабай эле отуруп алып, тамагын жеп, дүкөндөрдө бирөөнүн товарын тартып алып... Айтор, дудук, “наглый” образы менен элди тамашага салган жигитти сиз да көрсөўүз керек. Интернет жылдызы, пранкер Илясбек Жолдубековду жакындан тааныштырабыз.

– Алгач элди тамашага салып жүргөн мырза менен жакындан таанышалы...

– Аты-жөнүм Иляcбек Жолдубеков, 1994-жылы Чаткал районунун Коргон-Сай айылында туулгам. 7 жашымда атам каза болуп калганда таякем бизди Аксыга, Кербен шаарына алып кеткен. Ал жерде 6-класска чейин окудум. Андан кийин кайра Чаткалга кетип, анан Бишкекке келдик.

– Кесибиңиз боюнча кимсиз?

– Шарт жоктугунан жогорку окуу жайга тапшыра албай калгам. Менден кийин удаа 2 карындашым бар, мектепти бүтөрүм менен эле иштейм деп соодага аралашып кеткем. Негизи сүрөтчүмүн, кичинемден сүрөттү жакшы тартам. Мектепте жакшы деле окуган жокмун, дене тарбия анан сүрөт сабагын кошпогондо. Мугалимдерге алардын портретин тартып берип баа алчумун. Жакындарым сүрөтчүлүк боюнча окууга тапшыр дешкен, бирок мен апама кол кабыш кылайын деп чечкем. Бир досум “актёр болсоң болот, сенде талант бар” деп көп айтты. Сүйлөгөндө тартынганым менен, роль аткарганда образга кирип кете алам. Актёрлукка кызыгам, азыр жакшы мүмкүнчүлүктөр бар эмеспи, кино тартсак деле болчудай. Негизи хирург болгум келчү. 9-классты бүткөндөн кийин соода кылдым, андан кийин тигүү цехин ачтык, андан жакшы көтөрүлүп, кайра артка кеттик. Фаст-фуд ачтым, ал да болбоду. Ошентип тажрыйба топтоп отуруп, азыр барбершоп иштетем. Орто Азияда өзүмдүн брендимди түзсөм деп аракет кылып жүрөм.

– Сизди интернет жылдызына айланткан блогерликти качан баштадыңыз?

– Москвада барбер болуп 11 ай иштеп келгенден кийин Бишкекте алгачкы чачтарачымды ачкам. Ошол жерде айылдаш иним иштеп калды, ал “сизде талант бар, Тиктоктон чыксаңыз жылдыз болосуз, чач кыркканыңызды деле видеого тартып жүктөй берсеңиз болот” дей берчү. Ошол иним 2022-жылы болбой эле телефонума Тикток көчүрүп, аккаунт ачып берди. Биринчи видеомду машыгуу залынан тарттым. Андан кийин элдин маанайын көтөрө турган видео жүктөп көрөйүн дедим. Ал
17 миң көрүү топтоду. Ошол видеонун артынан блогерликке кызыгып кеттим.

– Комментарийлерде сизди “пранкка салган адамдардын тамактарын жеп кетип калат” деп сындашат экен?..

– Ооба, ошентип ойлошот экен. Негизи эмнени жесем, анын ордуна сөзсүз башка тамак алып берем. Болгону видео узун болуп кетпеш үчүн ал жагын кошпойм. Анткени Инстаграм узун видеону “рекке” чыгарбайт. Анан тарткандан кийин ар биринен “интернетке видеону чыгара берелиби?” деп уруксат сурайм. Уруксат бербегендердикин жүктөбөйм.

– Пранк тартуу учурунда конфликт, түшүнбөстүктөр жаралабы?

– Андай боло элек, болгону видеону чыгарууга уруксат бербей койгондор болот. Кээде кыялын көрсөтүп, ороюраак мамиле кылгандар бар. Андайда кечирим сурайм. Негизи биздикилер тамашаны кичине оор кабыл алышат. Казакстанга, Ташкентке чыктым, ал жактарда аябай жеңил кабыл алышат экен. Видеолорду “постанова” деп да жазгандар бар. Андай эмес, оператордун жанында сөзсүз бирөө болот, ал сүрөткө түшүмүш болуп ойноп турат. А оператор аны тартымыш болуп мени тарта берет.

– Бул образды кайдан алдыңыз эле?

– Бизде чачтарачка кээде ушундай адамдар келишет. Бир жакшынакай эле адам, үйүндөгүлөр жакшы карашат, болгону сүйлөбөйт. Ошолордон образ алгам. Мени “Жокер деген блогерди туурайт экенсиң” деп айтышат, аныкы башкача экен. Башында музыкаларын колдонгон элем, ошого да ушинтип ойлошсо керек.

– Эң көп көрүү топтогон видеоңуз кайсы болду?

– ЦУМдагы 2 кызды пранкка салгам, ал Тиктокто
10 миллиондон ашык көрүү топтогон. Ал эми залдан тартылган бир видеом Инстаграмдан
5 миллиондон ашык көрүлдү. Башында социалдык тармактагы баракчамдан эфирге чыкчу эмесмин, сүйлөбөйт дагы элем, жазбайт дагы болчумун. Казакстанга да видеолорум тараган үчүн көп көрүү болду, мени казак бала деп да жазышчу. Кыргызча жаза баштагандан кийин кыргыз экенимди билип калышты.

– Бойдоксуз?

– Ооба, бойдокмун. Былтыр үйлөнө турган элем, жумуштардын айынан тойду артка жылдыргам. Быйыл, буюрса, аракет кылабыз.

– Демек, сүйлөшкөн кызыңыз бар?

– Жок, былтыр үйлөнө турган кыз турмушка чыгып кетти. Мамилебиздин өөрчүшүнө убагында толук кандуу убакыт бөлө албай калгам.

– Кандай кыздар жагат?

– Мага боёнбогон, өзүнүн табигый сулуулугу бар, адамгерчиликтүү, мени менен кеңеше алган кыздар жагат. Өтө жоош да, өтө тилдүү да жакпайт. Андайлар менен сүйлөшө албайм. Сүйлөшүп көрдүм да, дайыма эле бир нерсеге нааразы боло берген сапат аялдарда көбүрөөк болот окшойт. Жакшы эле көңүл бөлүп жаткандай болосуң, белектерди бересиң, баары бир таарына берет. Ошол нерсе жаккан жок. Нааразычылык көп болсо жашоо берекесиз болот.

– Жалгыз бой эненин колунда чоңойдум дедиңиз. Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз...

– Атам мен 1-классымда жүрөгү ооруп каза болуп калган. Мени Брюс Ли кылам деп машыктыра берчү. Ачык мүнөз киши эле, эсимде. Атам каза болгондон кийин жалгыз бой эненин колунда өстүк, эрке болдум. Апам эч нерсени билгизчү эмес, бирок кыйналчу. 3 баланы жалгыз чоңойтуу кыйын да. Апам өзү аябай аракет кылып иштеп, бизди эл катарында чоңойтту. Ошол үчүн да мен жаман адаттардан алыс болдум. Азыр деле эшик-эликте жүрсөм апам мага чалып кабатыр болбойт, толук ишенет. Апам мен кичинемде эле мени менен кеңешип, менден кеңеш сурайт эле. Андайда өзүмдү чоң киши сезип, ушуга татыктуу болушум керек деп аракет кылчумун. Апам мурда Кербенде медайым болуп иштечү, кийин Бишкекке келип тигүү цехинде иштеп жүрдү. Ал кезде мен атам жакка кеттим, карындаштарым таякемдин колунда калышты. 9-класста анан Бишкекке келдик. Атам эгиздин түгөйү эле, түгөйү мага атамдай эле мамиле кылып, эркелетчү.

– Блогерлик боюнча дагы кандай максаттарыңыз бар?

– Буюрса, блогерликтин да эң бийик деңгээлине жеткенге аракет кылабыз. Ага жаңылыктарды киргизиш керек. Тигүү цехибизден 200-300 даана кийим тиктирип, жалгыз бой энелерге таратсам дейм. Бул эми жакшылык да, жакшылык менен жарышыш керек.

– Кайрымдуулук иштерин көп кыласызбы?

– Досторум менен бирге көбүнчө жалгыз бой энелерге жардам беребиз. Алардын ыраазы болгону жүрөгүңдү кадимкидей толтурат. Башкаларга деле бересиң, бирок алар жалгыз бой энелердей сүйүнүшпөйт, толкунданышпайт, убадаларына турушпайт. Айрымдары биротоло сага таянып алышат. Көчөдө үй-жайсыз калгандарга да жардам беребиз, кээ бирин жуунтуп-тарантып жумуш таап бергенге аракет кылабыз. 

 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан