ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 18-марттан 24-мартка чейин

Кой
(21.03–20.04)

Сизди алдап же кызмат ордуңузду пайдаланып ишин бүтүргүсү келген тааныштарыңыз көп болот. Жаңы нерселерди баштоого жана кызыктуу ачылыштарды жасоого ыңгайлуу мезгил. Жаңы таанышуулардан жана жолугушуулардан качпаңыз, арасында сизди келечектүү иштерге жетелечүлөр болот. Сүйүктүү түгөйүңүздү таарынтып алсаңыз маселени дароо чечип, жарашып алганыңыз туура. Көпкө созулган таарыныч ажырашууга алып келиши мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Чечилбей жаткан көйгөйлөрүңүздү чечип, маанилүү иштерди бүтүрүү үчүн ылайыктуу мезгил. Сиз үчүн эчак баалуулугун жоготкон адамдардан кол үзүңүз. Өткөнүңүздү унута албай жабыша берүү, келечекте болчу жакшы нерселердин жолун бууп коюшу мүмкүн. Алдамчылардын торуна түшүп калуу коркунучу бар, өзүңүзгө сак болуңуз. Букачар айымдар жакын адамдарын унутпаганы оң, мүмкүн болсо үйдөгү тиричилик иштерине кайдыгер карабаңыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Абдан кыраакы, чечкиндүү жана өзүңүзгө ишенимиңиз жогору болот. Бирок башка адамдарды басынтып “баарын билем” деп текеберленбеңиз. Кайсы бир адам боюнча бүтүм чыгарганда ушак, интригаларга карап эмес, анын иш жыйынтыктарына карап баа бериңиз. Учурда сиз үчүн жан дүйнө эс алуусу абдан маанилүү болуп турат. Бойдоктор баш кошуу тууралуу сунушту көптөн бери кийинкиге жылдырып келсе, анда бул апта баш кошууга эң сонун мезгил боло алат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Башкаларга ыңгайлуу болгонду токтотуп, өзүңүз үчүн жашаганды үйрөнүңүз. Алдыда өзгөртө албай турган нерселерди өзгөртөм деп көп энергия коротуп аласыз, жакшысы абалды туура кабыл алып жашай билиңиз. Сизде учурда энергия жетишсиздиги бар, дайым кыймылда болуп жөө басыңыз. Бардык иште чыгармачылык көз караш керек болот, андыктан чыгармачылык чымындарыңызды ойготууга туура келет. Сүйүүдө түгөйүңүз менен бир аз аралыкты кармашыңыз керек.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жашоону сүйүп, ар бир көз ирмемден ырахат алып жашаңыз. Жаңы мамиле баштоо аракетин көрүп жаткан арстандар шашпай турушканы жакшы, алгач жүрөктөгү жараларыңызды айыктырып алыңыз. Жаңы жумушта жетекчиңиз менен жакшы мамиле түзүүгө ыңгайлуу учур. Кесиптештериңиз менен мамилеңиз бузулуп, тил табышуу кыйынчылыктар менен коштолот. Жакшысы сизди кабыл алуу үчүн  өзүңүзгө да, аларга да убакыт бериңиз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Кызыктуу таанышуу орун алат, тилекке каршы, сүйүү романыңыз канчалык тез өнүксө, ошончолук тез бүтөт. Андан кийинки таарыныч, түшүнбөстүктөр маанайыңызга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кандай жагдай болбосун эмоцияңызга эркиндик бербешиңиз керек. Документ жана акча менен иштөөдө этият болуңуз, маанилүү документти же ири суммада акча жоготуп алуу коркунучу бар. Аткара аларыңызга толук ишенмейинче жалган убадаларды бербей туруңуз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Учурда башыңызга түшкөн көйгөйлөр менен түйшүктөр сиз үчүн анчалык маанилүү эместей көрүнүшү мүмкүн. Абдан оптимист болуп жатып, кийин башыңызга тоодой көйгөйлөрдү үйүп албайын десеңиз эч бир маселени үстүртөн карабаңыз, болбосо бул сиздин кетирген чоң катаңыз болот. Үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз, жакындарыңыздын жылуулугу, колдоосу сизге энергия тартуулайт. Саякаттоо, алыска сапарга чыгуу үчүн ыңгайлуу мезгил.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жашооңузда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келе турган окуяларга туш болосуз. Чечкиндүүлүгүңүздү көрсөтүүгө эң сонун убакыт. Өткөндү өткөн күндөргө калтырып, келечекти жаңы барактан баштаңыз. Сүйүктүүсү менен таарынышып жүргөн бойдоктор ушул аптада жарашып, мурунку мамилесин калыбына келтирүүгө аракет кылышат. Үй-бүлөлүүлөрдө каржы маселесинде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн, насыя алып карызга батпай эле өзүңүз иштеп кутулсаңыз болот.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Сизге табияттан берилген ишкердик жөндөмүңүз соода тармагында жакшы жетишкендиктерге жол ачат. Жоопкерчиликтүүлүгүңүз өнөктөштөрүңүзгө жагып мурункудан көп буюртма жана тыгыз иштешүүлөрдү сунушташы мүмкүн. Үй-бүлөлүү айымдар өзүнө ишенбегендиктен жакындарынан күмөн санап урушуп кетиши ыктымал. Жакындарыңыздын жүрүм-туруму сизге канчалык шектүү көрүнбөсүн далилиңиз болмоюнча аларга күнөө коюуга ашыкпаңыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Ораторлук чеберчилигиңизди ойготуп, керектүү адамдар менен керектүү жерде таанышып калганга жетишиңиз. Бул сиздин келечек үчүн чоң жолдорду ачат. Берилген жумушту так, кылдат, көңүл коюп жасасаңыз жакшы натыйжаларга жетесиз. Үйдө, жумушта да баш аламандык орун алып, каржылык көйгөйлөр кыйнап жатса, кайсы бир маселеде оюңузду өзгөртүшүңүз керек экенин түшүнөсүз. Эс алуу күндөрүн конокко, досторуңуз менен ресторан же кафеге барып өткөрсөңүз болот.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Узак мөөнөттүү пландарыңызды бир сыйра карап чыкканга туура келет. Жумуш орунуңузду өзгөрткөндөн коркпоңуз. Өзүңүздүн катылган таланттарыңызды ачып, көпчүлүктү суктандырасыз. Өнөктөштөрдөн баш тарта алгыс сунуш түшөт, каржылык абалыңыз турукташып, ири сатып алууларды жасайсыз. Сүйүүдө жаныңызда жүргөн адам алыска кетип сезимдериңиздер аралык менен сыналат. Чыдамкай болуп, сүйүктүүңүзгө алыстан болсо да колдоо көрсөтүп туруңуз.

Балык
(20.02–20.03)

Каржылык абалыңызды жакшыртып аласыз, акча сиз күтпөгөн жерден келет. Жөнөкөй жардамга муктаж адамдарга кол сунуп, кайрымдуулук кылсаңыз тапканыңыз жугумдуу болот. Апта сизди башка да сюрприздер менен кубандырат, баалуу белекке ээ болушуңуз мүмкүн. Балалуу болууну пландап жүргөн түгөйлөрдүн максаты ушул мезгилде ишке ашышы мүмкүн. Кымбат буюм сатып алууда этият болуңуз, сапаты начар чыгып өкүнүп калышыңыз ыктымал.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан