Кайнене жана келин: идеалдуу мамиле кандай болушу керек?

Статистикага таянсак, учурда Кыргызстанда ар бир төртүнчү нике ажырашуу менен аяктайт. Ажырашуунун бир себеби – кайнене  менен келиндин дал келишпеген мамилеси деп белгилешет адистер. Түпкүлүгүндө кыргызда кайнене-келин мамилеси кандай эле? Андагы мамилелер азыркы заманга үлгү болуп бере алабы же мүмкүн эмеспи? Ушул сыяктуу суроолорго психолог
Гүлипа Жапарова менен бирге жооп издеп көрөлү.

Кыргыздын түпкүлүгүнө кайрылып келин менен кайнененин идеалдуу үлгүсү кандай болгон десек болот?

– Азыр “келин кайын журтка милдеттүү эмес, кайнене ага кулдай мамиле кылбашы керек” деген талаштуу пикир бар. Ушундай маселеде дайыма кыргыздын уңгусуна көңүл бурсак деген ой келет. Байыртадан элибизде кайнене өз ордун билген, келин өз ордун билген. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген макал эмнеден келип чыккан? Анткени  кайнене какчыңдап болор болбоско сүйлөнө берген эмес. Жакпай калган жери болсо кыйытып, каймана айтып отуруп келинин оңдоп алган. Келин да илгиртпей түшүнгөн. Кайнене-келиндин мыкты үлгүсү деп Манас эпосундагы Каныкей менен Айчүрөктүн тандемин айтат элем. Семетейдин уулу Сейтек Айчүрөктүн боюнда үч айлык калат. Толтой зордук менен Айчүрөктү алат, бирок курсактагы бала өзүнөн эмес экенин билсе өлтүрүп коймок. Каныкей келинине жардам берип, небересин аман сактап калат. Бул окуяда эки аялды улуу максат бириктирип жатат. Бул – тукумду аман сактап калуу. Ушул үлгү азыркы тапта кайнене жана келинде болушу керек. Экөө тукумга жакшы тарбия берүү деген улуу максатты көздөсө, турмуштун “сен андайсын, мен мындаймын” деген майда-барат маселеси өзүнөн-өзү жоголот. Тилекке каршы, азыр кайнене да, келин да көп учурда тукумду биринчи орунга койбой калышты.

Үй-бүлө курулуп жатканда келин эмнеге даяр болушу керек, кайнене эмнеге даяр болушу керек?

– Энелердин “келин алганы жатам” дегенин угуп эле жүрөбүз, ээ? Демек, уулу үйлөнүп жаткандан тышкары апасы улуу бир вазыйпага даярданып жатат. Чындыгында кайнене алат келинди. Эмнеге десеңиз, ал өзүнө келе турган бүлөнү өзү тартып алат. Кайнененин ачуусу чукул болсо ошондой келин келет, ак көрпө жайыл болсо ошондой бүлө туш болот. Ажаан кайненеге көбүнчө тажаал келин туш келет. Психологияда “сенин күзгүң” деген түшүнүк бар. Муну кыргызда  “кайнененин камырынан” деп илгери эле таамай айтып коюшкан. Эне уулуна жубай боло турган аялды энергиясы менен тартып келет, тартылуу күчү дайыма иштейт. Келин кайнененин күзгүсү, чагылышы. Кээ бирөөлөр ушуну түшүнбөй эле келинди кодулай беришет. Келиндүү болгондогу жоопкерчилик башында кайненеде болот. Анткени андан көптү көргөн, көп нерсеге көзү жетет, ага кыйынчылык жаратып жаткан нерсени эбак чайнап жутуп койгон. Андыктан  келинди канатына калкалап, жол көрсөтүшү керек. Азыркы кайненелер ошол нерсеге даярбы? Сырттан баа берип “анысы жакпай калды, мунусу мындай экен” дешет. Келин дагы жаңы бүлөгө келгенде ар кандай абал болорун акылынын өткөрүп, ошого даяр болушу зарыл.

Кайнене менен келин окшош болот дегендин өзөгү тартылуу күчүндөбү ошондо?

– Аялдын энергиясы өзгөчө болот. Түмөн кыздардын ичинен эмнеге дал ошол келин ага туш келди? Кайнене чарадагы камыр болсо, келин андан үзүлгөн субала. Экөө бирдей курамдагы, бирдей мүнөздөгү адамдар болушат көбүнчө. Өзүн кабыл албаган кайнене келинди да кабыл ала албаганы ошондон. Анткени өзүн  күзгүдөн чагылдырып берип жатат. Келиндин кайсы мүнөзү жакпай жатса ошону өзүнөн таап оңдоп алса эле бүттү, бардык маселе чечилет. Келин да кайненин кабыл алышы керек. Эмнеге үй-бүлө дейбиз? Бүлө, келин ошол барган жерин курчута турган же сындыра турган бүлө таш. Курчутса жолдошунун багы ачылып ийгилик коштойт.

Келин менен кайнененин ортосундагы аттандаштык жаралган учурлар бар, ал эмнеден келип чыгат?

– Кыргызда илгери андай болгон эмес, баары өз ордун билген. Бара-бара жашообузга башка элдердин маданияты аралашып кеткенден кийин  атаандашуу жаралды. Анткени иерархия бузулуп кетти. Эне байыртан сактоочу –энергия. Келин келгенден кийин эненин милдети - аны сакташ. Анан кантип атаандаштык пайда болот?

Келин кайненесин өз апасындай, кайнене келинин өз кызындай көрүшү мүмкүнбү?

– Ар кимдин өз орду бар. Кыздын кыздай, келиндин келиндей. Көп учурда апалар келин алып жатканда “эми мага келин эмес, кыз болосуң” деп коюшат. Бул туура эмес. Сөздүн кудуретине маани берген элбиз. Апасы антип айтса уулу менен кызы үйлөнүп жаткандай маани кетип калат. Келин өзгөчө бир керемет, кут. Кичинекей болуп келип, эртең ошол жерде журт энеси болуп тукум улай турган өзгөчө зат. Ал эми кыз конок, аны жакшы тарбиялап туруп тууруна кондуруу керек, ал өз жашоосу менен кете турган өзүнчө керемет жан. Экөөнүн статусу эки башка, чаташтырыштын такыр кереги жок. Андыктан келин кайненени кайненедей сүйүп, сыйлашы керек, кайнене да келинди урматтап алышы зарыл. 

Канткенде кайнене-келин идеалдуу мамилеге жакындай алышат?

– Илим алышы керек. Өзгөчө кайнененин көзү жетсе, баарын өз ордуна коё алат. Келин болсо эртең эле өзү кайнене боло турган адам, кайын журтка кызмат кылып жатканда ушуну унутпашы кажет. Экөө тең үй-бүлөнүн биримдигин, ынтымагын, берекесин көздөсө ортодо эч бир конфликт чыкпайт. Эгерде экөө тил табышпаса анда ал үйгө ден соолугу чың, мыкты тукум келбейт. Ушуну эч качан унутпоо зарыл.   

 

Нуржамал Жийдебаева    

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан