Нурзат Токтосунова: “Бороондон буюкпай өтүүнү үйрөнгөм”

Белгилүү алпаруучу, мотиватор, окутуучу жана дипломдуу психолог Нурзат Токтосунова бул аптада “Супер-Инфонун” башкы каарманы. “Тойдогу окуясы боюнча айттыбы?” деген суроо жаралдыбы, окурман? Ооба, айтты. Нурзат айым суроолорубузга ачык-айрым жоопторду узатып, адаттагыдай кызыктуу маек куруп берди.

– Куш келипсиз, Нурзат айым! Сиз менен ыйык Орозо айында маектешүү буюруптур, Орозо кармап жатасызбы?

–  Куш келдим, кандайсыңар жакшыларым? Ооба, Орозо кармап жатам. Ыйык күндө ниетиңди түз койсоң суусабайсың деле, ачка да болбойсуң. Орозо эмес күндөрү деле ачка болуп, ичегилерди тазалап туруу ден соолукка пайдалуу.

–  Акыркы жылдары эл көзүнөн оолактап, коломто ээси катары үй-бүлөңүзгө көбүрөөк убакыт арнадыңыз окшойт. Энелик доор кандай өтүп жатат?

–  Ооба, дин жолуна түшүп, балалуу болгондон кийин бир аз эл көзүнөн оолактай түштүм окшойт. Балдарым чоңоюп калышты. Кызым 5 жашта, бала бакчага барат. Уулум 2де. Балдарым менен бапырап энелик бакыттын даамын татып үйдө отурган күнгө да жеттим. Үй-бүлө иши менен катар психологиядан сабактарды өтүп жатам. Мен дипломдуу психологмун. Университетте болочок журналисттерге сабак берем, “Нур” академиям бар, кээде тойлордо тамадалык кылып коём. Албетте, мурункудай 24 саат бою иш деп жүрбөсөм да, жеке жашоо менен карьераны чогуу алып кетүүгө аракет кылып жатам.

–  Сурабасак болбос, бир тойдо жар-жардын ордуна салават айттырганыңыз коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ушул окуяны өз оозуңуздан уксак...

–  Биринчиден, ал той кандай, эмне той эле, эч кимдин билгиси келген жок. Ал тойдо бир да эркек жок болчу. Ким кандай той өткөрөт ар кимдин табитине жараша болот да. Мисалы, келинди англисче, түркчө ырлар менен деле киргизип жүрүшпөйбү. Мен кыргыздардын орусча той өткөргөнүн көргөм. Той ээсинин тандоосун сыйласак дейт элем, кааласа англисче, түркчө ырдатып же салават айттыра берет. Көпчүлүк “Нурзат салават айттырса эле, бүт тойдун баары салават болуп кетет экен” дегендей кабыл алышты. Бул мага тескерисинче, жагымдуу болду. "Менин бир эле ишим, бир эле сөзүм ушунча резонанс жаратып жатса, анда сен бар экенсиң, Нурзат" деп койдум. Мен кичинемден атамдын азанын, басса-турса “йа, раббим” деп айткан сөзүн угуп чоңойгом. Ислам – ата-бабабыз колдонуп келген эле дин. Кимдир бирөөгө менин салават айттырганым катуу тийип жатса, демек, анын атасы намаз окуган эмес окшойт. Себеби, адам жан дүйнөсүнө чоочун нерсени гана ары түрткүлөйт. Бирок өзүңдүн асыл максаттарың, баса турчу түз жолуң, акырет бар экенин сезгенден кийин адамдардын анча-мынча сөзүнө терикпей каласың. Башкалар айга учуп жатышат, биз баягы эле “тиги жаман, бул келесоо” деген менен алекпиз. Адам аргументи түгөнгөндө, жеңилип баратканда гана бирөөнүн жекелигине асылып баштайт. Ошол жекеликке өтүү менен аны кемирип-кесип жеп жатабыз деп ойлойбуз. Керек болсо кезинде Чыңгыз Айтматовду сындаганбыз, Таттыбүбү Турсунбаеваны сындамайынча чогулуш башталчу эмес экен, “ай, бул ичип кетти, тигинтип кетти” деп. Өлгөндөн кийин “залкар эле” деп жатпайбызбы. Эмне үчүн кыргыздар өлгөндөн кийин жакшы сөз айтабыз, билесизби? Анткени ал атаандаш эмес. Тирүү кезинде бир көзүң экинчи көзүңө жоо болот. Биз ошону түшүнүп азыркы элим-жерим деген патриотторубузду сактап калышыбыз керек. Мен динге келгенден кийин улуттук кийимдерди мурункудан да көп кийип, улуттук өндүрүштү колдоп, тарыхтан, "Манастан" сабак ала баштадым. Биз улуттук баалуулуктарыбызды жоготпошубуз керек. Жоолугун салынып, намазын окуп, ошол эле учурда жүрөгү кыргыз деп согуп, көкүрөктө кыргыз баалуулуктары кыттай уюган адам болушубуз кажет.

–  Кыргыз деп жашайм дедиңиз. Тойдо салават айттыруунун канчалык зарылдыгы бар эле?

–  Мисалы, сиз канчалык деңгээлде чыныгы кыргызсыз? Күндө белдемчи кийип жүрөсүзбү? Биз азыр кыргыз эмес, керек болсо ким экенибизди түшүнбөгөн абалдабыз. Кайсы маданият келсе ошону өздөштүрүп кетип баратабыз. Биз эмнеден коркушубуз керек? “Биз ЛГТБ мүчөлөрү 15 миң болдук, биз жахабанын өкүлдөрү 14 миң болдук” деп кыргыз эле балдар чыгып жатышат. Эгер мени тепкилеп жаткандар ушул нерселерди туура, чыныгы кыргызчылык деп эсептесе, анда менде башка сөз жок.

–  Акыркы жылдары психолог-коучтар абдан көбөйдү. Бири “өзүңдү сүй, өзүңдү биринчи орунга кой” десе, башкасы “башкалар менен эсептеш” деп жатат. Туура жолду тандоо кыйынбы азыр?   

–  Акыркы жылдары аялдардын окууга ынтызарлыгы күчөдү. Бул жакшы көрүнүш. Ката кетирүү, изденүү аркылуу туура жолду таап жатышат. Өзүңдү сүй деген бул эгоизм эмес, менде да, сенде да жакшы болсун деген эле нерсе. “Оокат кылба, чай куйба” дегенге каршымын, анткени кыргыз бата менен көгөрүп келген. Биздеги көп кыйынчылыктар көп нерсени айтпаганыбыздан келип чыгат. “Бул билет да, кантип эле билбесин” деп күткөнүбүз – биздин кемчилик. Кээде жөнөкөй нерсени айтып койгондон адам жеңилдеп калат. Негизи эле кемчиликтүү адам гана кемчилик издейт. Кемчиликтердин эмес, артыкчылыктардын үстүнөн иштеген маанилүү. Анан психолог-коучтар боюнча, динди жакшы түшүнгөн психологдорго гана баргыла демекмин.

– Кайра кайтуу мүмкүнчүлүгү болсо өткөн жашооңуздагы кайсы каталарыңызды кетирбейт элеңиз?

–  Эгер ал каталарым болбосо мен Нурзат Токтосунова болбойт элем. Бир да катама өкүнбөйм. Андан жөн гана сабак алуу зарыл. Мен ал каталарымдын арты менен бороондордон буюкпай өтүүнү үйрөнгөм.

– Аял катары бактылуусузбу?

– Албетте. Аялдын бактысы күйөө, бала менен байланган эмес. Аял ошол турган турпаты менен бактылуу да, бактысыз да боло алат. Аны аял өзү чечет. Бакытты тапса болот, бирок ал 24 саат бою сени менен бирге болот дегенди билдирбейт. Бактылуу мүнөттөр жана өзүңө болгон канааттануу гана бар. Аялга 3 нерсе гана ырахат берет: табият, жакшы аялдар жана Кудай менен баарлашуу. Ушул 3 бактым болгону үчүн маңдайыңызда маек берип отурам. 

– Тандоо жасоодо жолдошуңуздун кайсы сапатына өзгөчө маани бердиңиз?

– Майда сөздөрдөн өйдө адам. Эч качан адамдын жекелигине өтпөйт. Мени мен болгонум үчүн эле баалайт. Ар дайым, кандай учур болбосун колдоого даяр. Эгер артыңда жолдошуң жөлөп-таяп турса, алдыдагы эч бир бийиктик көзүңө бийик көрүнбөй калат.

– Айрым атактуулар “атактуулуктун да төлөчү нерсеси болот” деп калышат. Сиз атактуулуктун акысын төлөгөн учур болобу?

– Атактуулуктун акысын мен көбүрөөк жеке жашоом менен төлөдүм окшойт. Кээде тепкилеп жатышат го, ошондой нерселер менен төлөдүм (күлүп). Чынында, атактуулуктун 80 пайызынан жакшы гана нерселерди алдым.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Бар болуңуз!

 

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан