“Жолдошум алимент төлөбөйм деп жатат”

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окурмандардан келген суроолорго адвокат Чингиз Мирзабеков жооп берди. 

– Жолдошум менен ажырашып кеткем, ортодо үч балабыз бар. Балдар менин колумда. 4-5 жылдай жолдошумдан алимент сураган эмесмин. Балдар чоңойгон сайын керектөөлөрү да көбөйүп, сураганга мажбур болдум. Өзү жардам бербейт, туулган күндөрүндө эле чалып куттуктап коёт. “Өзүң жардам бербесең, сотко кайрылып алимент өндүрөм” десем, жолдошум “мен 3-топтогу майып болуп калгам, алимент төлөбөсөм болот” деп жатат. Майыптыгы бар адам алимент төлөбөйбү?

Анар

 

– Кандай болгондугуна карабай өзүнүн баласын багууга ар бир ата-эне милдеттүү. 100 пайыз эмгекке жарамсыз болуп же соттун чечими менен эмгекке жарамсыз деп табылган учурда гана алимент төлөөгө тыюу салынат. Ал эми калган учурда анын 3-топтогу майып экендигине карабай баласын багууга милдеттүү. Ошондуктан сиз сотко кайрылыңыз, жолдошуңуз милдеттүү түрдө алимент төлөйт. 

 

 “Мен каза болсом, оорукчан балам кайда калат?”

 – Саламатсызбы! Атым Жазгүл, 65 жаштамын. Менин ДЦП диагнозу менен жабыркаган 40 жаштагы уулум бар. Жолдошум каза болуп калган, башка уул-кызым жок. Бишкектин четиндеги конуштардын биринде батирде турам, үйүбүз жок. Менин пенсиям, баламдын бир аз жөлөк пулу менен өп-чап жашоодо күн кечирип келебиз. Көзүм өтсө балам кайда калат деп корком. Багуусу, жакындары жок ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге мамлекет кам көрөбү? Кайда барышыбыз керек, эмне документтер керектелет?

Жазгүл

 – Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана турак жай кодекстери боюнча ар бир жаран үйлүү болууга, турак жайлуу болууга жана турак жай куруу үчүн акысыз бир жолу жер алууга укуктуу. Сиз бул жагдайда өзүңүз жашаган жердеги айыл өкмөткө арыз менен кайрылыңыз, айыл өкмөтү элге жер берүүдө сөзсүз түрдө жагдайыңызды карап, жардамга муктаж экениңизди эске алып, кезексиз жер берүү же болбосо кезексиз турак жай менен камсыз кылууну уюштурат.

 

“Бекер үй ала алабызбы?”

– Биздин үй-бүлө 4 адамдан турат, анын экөө 1-топтогу майып. Өзүбүздүн үйүбүз жок. Көп убакыт аларды карап, кам көргөнгө кеткендиктен, айлыгы көп жумуштарда иштей албайбыз. Мамлекеттик ипотекадан үй алганга кезекке туруш үчүн деле аз пайыз дегенде да туруктуу жумуш, 30-40 миңдик айлык керек экен. Оорулуу жакындарыбыздын бекер үй алууга укугу барбы? Болсо кимге кайрылып жардам сурашыбыз керек?

Бакыт

 

– Өзүңүз жашаган район, эгерде айылда жашасаңыз айыл өкмөтүнө, шаарда жашасаңыз шаардын мэрине арыз менен кайрылыңыз. Анткени ал жерде жардамга муктаж адамдардын тизмеси түзүлөт. Эгерде мамлекет тарабынан кандайдыр бир турак жайлар курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бериле турган болсо, сиз дагы биринчилерден болуп кезекке туруңуз. Мамлекет тарабынан бир нече мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак жайлар курулуп, тапшырылган.

 

“Жумушка албай жатышат...”

 – Менин эки бутум тизеден ылдый жок, тоодо үшүккө алдырып жиберип, врачтар ампутация кылышкан. 42 жаштамын. Буга чейин ар кайсы жумуштарда иштеп үй-бүлөмдү өзүм бакчумун. Азыр башкалардан көз каранды болгонум жакпайт. Анын үстүнө жогорку билимим да жок. Отуруп иштегенге жумуш издеп көп жерлерге бардым, чалдым. Бирок менин майыптыгымды көргөндө баары эле “жумуш жок” дешет экен. Жок дегендер менен урушуп же сотко да арыз жаза албайсың да, туурабы? Суроом, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ылайыктуу жумуш таап бере турган орган барбы?

Асек

 

 – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга реабилитациялоонун жеке программаларын эске алуу менен эмгек шарттары нормалдуу иш берүүчүлөр үчүн адистештирилген уюмдарда, цехтерде жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар иштеген аймактарда иштөөгө, ошондой эле жеке же башка иш жүргүзүүгө укук берилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эмгек ишмердүүлүгүнө тыюу салынган эмес.

1937-жылдан бери Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому иштеп келет, анын республиканын бардык аймактарында өкүлчүлүктөрү бар. Уюмдун тигүү жана эмерек цехи, айыл чарба ишмердүүлүгү үчүн участогу бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар атайын кийим, формаларды, шейшеп, матрастарды тигишет, мектеп парталарын, керебет, отургучтарды, темир кармагычтарды жана башка көптөгөн нерселерди жасашат. Сиз ошол коомдун өкүлчүлүгүнө барып жумуш сураганга укугуңуз бар.

“Пандус маселесин айткандан да уялам”

 – Бул суроону бергенден да уялып жатам. Мен майыптар арабасында жүрөм. Өзүм деле көчөгө көп чыкпаганга аракет кылам, башкаларды кыжалат кылбайын деп. Шаардагы коомдук транспорт боюнча. Автобус, троллейбустарга араба өтчү атайын пандустар болот дешет мэриядан. Бирок мен түшкөн автобус, троллейбустун бир да айдоочусу ал пандусту чыгарбайт. Ошол жакта турган жүргүнчүлөр көтөрүп чыгарып, көтөрүп түшүрүп коюшат, андай адамдарга ыраазычылыгым чексиз. Айдоочулар пандусту чыгармак турсун, аялдамага токтогондо мен жеткиче көрмөксөн болуп айдап кетишет. Өзүмдү күнөөлүү сезип кала берем. Даттангым келбейт, бирок тажадым. Мындай учурда укугумду коргош үчүн эмне кылышым керек?

Темирбай

 – Сиз бул боюнча мамлекеттик бийликке, шаардын мэрине, андан сырткары мыйзамды көзөмөлдөөчү прокуратурага арыз бериңиз. Аткени мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар коомдогу башка адамдардан айырмаланбашы керек. Тескерисинче, аларга шарт түзүлүшү кажет. Ар бир коомдук транспортто, ар бир ишкана, мекемелердин кире беришинде милдеттүү түрдө пандус болушу керек. Эгерде бул талап аткарылбаса, ошол айдоочу же болбосо ошол талапка баш ийбеген ишкананын жетекчилиги мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

 “Кошумча дем алыш күнү берилеби?”

 – Мен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баламды жалгыз тарбиялайм. Атасы менен ажырашып кеткенбиз, анын азыр каякта экенинен кабарым жок. Жеке компанияда иштейм. Баламды караганга убакыт жетишсиз, көп сурансам жумуштан чыгарып салабы деп корком. Майып баласы барлар мыйзамдуу түрдө иш күнүн кыскартып же болбосо кошумча бир күндү дем алыш кылганга (айлыктан кыскартылбаса) мүмкүнчүлүгү барбы?

Алия

 

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 311-беренесинин негизинде көрсөтүлөт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар жана ал бала 18 жашка чыга элек болсо, балага камкордук кылган ата-энелердин бирине анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде орточо суткалык эмгек акысын төлөө менен ай сайын 1 күндүк эс алуу берилет. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки адамдын кам көрүүчүсүнө иш берүүчү ар жыл сайын 14 календардык күнгө чейин эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсүн бергенге милдеттүү.

Асыл Орозбекова      

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан