(Башы өткөн сандарда)
Жанат өз жашоосун Шооласыз элестете албай калган. Аз убакытта ал ага аябай көнүп калган экен. “Кетем” дегенинен кийин туйлап эмне кыларын билбей жатты. Эки күндө түзүк тамак жебей жүдөгөнсүп да калды. Мунун баарын келинчеги байкап, чыдабай кетти.
– Эмне болду?
– Эмне болуптур?
– Тамак ичпейсиң, үшкүрүп эле жатасың? Мен байкамаксан болдум, өтүп кетет дедим. Бирок болбоду. Эми ачык айт, эзилип кеттим.
Жанат ордунан турду. Көп убакыттан бери биринчи жолу келинчегинин көзүнө тике карады. Көпкө тиктеди. Шооланын каректерине кареги туш келсе, электр тогу денесине тийгендей чымырап кетчү. Калтыраткан, дирилдеткен, өрттөп кетчүдөй бир чоң сезимди күттү. Жок, андай болгон жок. Деги эле ал келинчеги Ажарга эмнеге үйлөндү? Ага баарынан Ажардын сабырдуулугу жаккан. Ишенимдүү, жоопкерчиликтүү, күйөөсүнө мээримдүү аял болорун акылы менен сезип баш кошкон эле. А сезимчи? Жок, болбогон окшойт. Шооладан башка эч бир аялзаты аны мынчалык өзүнө тарткан эмес. Ажар тараптан сезим болсо да, өзү тараптан эч болбогон экен. Жанатка тек гана ишенимдүү тыл керек болгон. Жүрөк толкуткан сезимди бул аялдан ала албаган. Акылдуу, татынакай, тың, адептүү аял. Бирок Шоола эмес! Шооладай адам өзү жок негизи... Анда адамды арбап ала турган бир касиет бар. Аялдарда чанда гана кезиге турган харизма бар.
– Эмне биринчи жолу көрдүңбү мени?- деди аялы.
– Ошо, биринчи жолу окшойт,- деди башын тырмаган Жанат. – Биз... Биз үйлөнүп туура эмес кылганбыз, Ажар. Кечирип кой, моюнга ала турган бир нерсе бар. Мен башканы сүйөм!
– Билем, анан?
Жанат аялын таң кала тиктеп калды.
– Эмнени билесиң?
– Мектебиңерде бир легенда кыз окуганын, ага баары ашык болгонун, ал бир гана Канат байкени сүйгөнүн... Ага сен мектеп курагынан бери ашык экениңди, ал Америкадан келгенден бери башыңды жоготуп жинди болуп калганыңды... Айтор, баарын билем.
Жанаттын оозу ачылып калды.
– Ким айтты сага?
– Аяштардын айткандарынан, сенин кыймыл-аракетиңден... Баарын чогултуп отуруп картина түзүлдү.
– Билсең ошо...
– Андай экен, эмнеге үйлөндүң? Эмнеге уулдуу болдук?
– Шоола кайтып келет деп ойлогон эмесмин. Ал кайра менин жолумдан жолугат деп эч күткөн эмес элем. Келди, ааламым аңтарылып калды. Ишенсең, өзүмдү жоготуп жибердим. Сулуу, табышмактуу, акылдуу, өзгөчө... Кыскасы, ансыз жашай албай калдым. Мен сени менен, уулубуз менен бактылуу болом деп ойлогом. Бирок жашоомдо дайым бир өксүк тура берчү. Тузу жок тамактай, даамы жок жашоодой... Шоола келди, баары өзгөрдү. Мен жашоо ушунчалык сонун экенин сезе баштадым.
– Болду, айтпа мага!
– Сага оор тийсин деп айтып жаткан жокмун муну. Сен акылдуу жансың. Кээде сен мени өзүмдөн да жакшыраак билгендей сезилесиң. Ошол үчүн баарын ачык айтып жатам. Сени жакшы көрөм, эгерде Шоола болбосо сенден башка аялзаты түшүмө эмес, оюма да кирмек эмес. Ал болсо – менин тагдырымдын сыноосу, жашоомдун маңызы, ошол эле учурда менин оорум. Оорулуумун мен! Дарысы – Шоола, андан башка эч ким эмес.
– Жанат, токтот дедим...- деп Ажар ыйлап жиберди. Боздоп ыйлады. Чындыкты билгени менен, аны Жанаттын оозунан угуу абдан оор тийип жатты. Жанат ыйлап жаткан келинчегин карап турду. Кесе турган колду биротоло толук кесейин деди. Анын эч кандай үмүтү калбагандай болсун деди.
– Мага жеңил дейсиңби? Бир жагында Канат, бир жагымда силер, атамдар бар. Эч ким мен тарапта эмес, менин абалымды эч кимдин түшүнө турган ою жок. Бирок мен ошонун баарына көз жума алам. Шоола ошого татыйт. Эгерде кайра жаралсам, баары бир Шооладан баш тартмак эмесмин. Жашоодо эч бир нерсенин баркы, баасы калбайт анын жанында. Бакыттын аты ким десең – ал Шоола!
– Ажырашалы!- деди аялы жаны кашайып.
– Мен да ошону айткым келип жаткан. Акча жагынан кам санаба, Айдардын келечеги тууралуу да сарсанаа болбо.
– Арыз жаз, ошону менен баары бүтсүн. Азыр чыгып кет, мен кийимдериңди жыйнап коём. Келип алып кетесиң. Сот болгонго чейин көрүшпөйлү. Көргүм келбейт сени...
Жанат чыгып кетти, Ажар ыйлап жатты. Бир маалда ордунан турду да, Жанаттын болгон кийимин жыйнап алып кетүүгө даярдап койду. Ушул учурда Канат кичинекей Айдарды бала бакчадан алып келип калган эле. Босогодо турган чемоданды көрүп Ажарга суроолуу карады.
– Ажырашмай болдук, аке,- деди келин ыйлап.
– Жанат чечтиби?
– Мен чечтим. Жетишет, чыдабай калдым. Өтүп кетет дедим. Тилимди тишиме катып, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылдым. Жок, болбоду.
Канат оор үшкүрүп алды. Босогого отура кетти.
– Ыйлаба, көз жашыңа арзыбайт ал,- деди бир маалда.
– Айдарга кыйын болот. Атасын сагынат эми...
– Айдарды мен өзүм карашам. Эч нерседен кабатыр болбо. Иш издеп жаттың эле, тапсаң эч ойлонбой иштей бер. Мен бардык жактан сага жардам берем. Апам Айдарды карап берет. Болгону сен кабатыр болбо.
– Сиз ушундай жакшы адамсыз, сизге канчалык оор экенин билем. Ошентсе да башкаларга кам көрүп жүрө бересиз. Сиздей адамдар аз,- деди келини көз жашын сүртүп жылмая.
– Рахмат, ошол жакшы болбой койсом, балким, жашоо жеңил болот беле,- деди Канат да жылмайып.
ххх
Жанат кийимдерин машинеге жүктөдү да Шоолага барды. Шоола эшикти ачпаса түн ортосунда коңшулардын тынчын алчудай. Кыжыры келген Шоола айласы жок сыртка чыкты.
– Эмне керек сага?
– Сүйлөшөлү.
– Бар үйүңө.
– Ажар мени кууп чыкты, үйүм жок. Машинеде чемодандарымды көр, ишенбесең...
– Эмне-е?
– Ал баарын билип калыптыр, ажырашам деп мени кууп чыкты.
Шоола аргасыз анын машинесине отурду.
– Эми эмне кылайын деп жатасың?- деди багаждагы буюм-тайымдарын карап.
– Сени менен кетем!
– Жинди го...
– Чогуу кетебиз, тил билем, жашап кетебиз. Бул жерден алыс, башка жаңы жашоо курабыз.
– Жанат, өзүңө келчи!
– Сенсиз жашай албайм. Сени бир жолу таптым, эми коё бербейм.
Жанат ыйлап жиберди. Куду жаш баладай Шооланын тизесине башын коюп алып ыйлап жатты. Чын эле ушундай абалда болчу. Ушунча жыл түптөгөн карьерасы, кадыр-баркын, жакындарын баарын таштап Шоола менен кеткенге даяр эле. Эмне дээрин билбей калды. Мындай күчтүү сезимди биринчи жолу башынан өткөрүп жатты. Акылы айран.
– Жанат?
– Менсиз кетпе.
– Сен чын эле мени ушунчалык жакшы көрөсүңбү?
– Сурайсың да, өлөм сенсиз...
– Биз эмнеге кеткени жатабыз анда, Жанат? Апам, атам жалдырап кал деп жатышат. Экөөбүздүн тең ишибиз жакшы. Биз ким үчүн курмандыкка барып башка жакка кеткени жатабыз? Канат үчүнбү? Ишенип кой, ал биздин курмандыгыбызга арзыбайт. Эгерде сен чын эле мени жакшы көрсөң, бардык кыйынчылыкка чыдайм десең эмнеге бактыбызды башка жактан курушубуз керек? Менимче, биздин кетүүбүз эч кимге керек эмес.
– Сен кыйналасың. Канат... - деди Жанат.
Шоола көзүн жумду. Сөздүн акыйкаты ушул болчу, бирок ызасы жеңип кетти. Тагдыры менен өжөрлөнө күрөшүп көрүүнү чечти.
– Мен сени менен бактылуу болорума көзүм жетет. Биз кетпей ушул жерден бактылуу боло ала турганыбызды далилдейли. Бизди жактырбагандар өздөрү кетсин!..
(Уландысы кийинки санда)