Саясат жаңылыктары

Депутаттар 13 кесиптеши мандаттан ажыратылган соң “укугубуз тепселип жатат” деп чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары төрага Нурлан Шакиевди депутаттардын укугун коргоого чакырып жатышат. Парламенттин 13-марттагы жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков 90 депутаттын 13ү мандатынан ажыратылганын айтып чыкты. 

– 13 депутат кетти, бул эмне дегендик? Биздин укуктарыбызды тебелеп-тепсеп жатышат. Мындай болбошу керек, парламент – бийликтин башка бутагы. Бизди эл шайлаган, элдин үнү ушул жерден угулат. Унчукпай отура беребизби? Төрага катары сиз реакция жасашыңыз керек. Биз демократиялык коомдо жашайбыз, сөз эркиндиги бар деп айтабыз. Анда ошонун негизинде депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм,- деди Айдарбеков спикер Нурлан Шакиевге кайрылып.

Нурлан Шакиев мыйзам боюнча, депутаттык комиссия түзүү маселеси адегенде парламент комитетинде каралышы керектигин эскертти.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратурадан сунуш түшкөндө Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар “Мадумаровду жоопко тартууга макулдук бербейли, эртең аныкындай жагдай ар бирибиздин башыбызга келип калышы мүмкүн” дешкен эле. Бирок көпчүлүк депутаттардын добушу менен аны жоопко тартууга макулдук берилген.

Президент “ЖМК жөнүндө” мыйзамды артка кайтарды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылды. 13-мартта президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ушундай деп маалымат таратты.

Жакында президент Жапаров өлкөдөгү ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда аталган мыйзам журналисттерди кызыктырган негизги маселелердин бири болгон эле.

– Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды,- деди Алагөзов.

Айта кетсек, министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору коомчулукта “сөз эркиндигине кысым көрсөтүү аракети” деген нааразы пикирлерди жаратып келген.

15-мартты Аталар күнү деп белгилөө сунушталды

Парламент депутаты Медер Алиев Кыргызстанда 15-мартты Аталар күнү деп белгилөөнү сунуштап жатат. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. Алиевдин айтымында, демилгенин максаты – үй-бүлөнү бекемдөө, эркектердин үй-бүлөдөгү жоопкерчилигин күчөтүү.

“Кыргыз элинин негизги баалуулуктарынын бири – улууну сыйлоо жана кичүүнү урматтоо болуп саналат. Элибиз өзүнүн кылымдардан бери келе жаткан каада-салттарына ар дайым аяр мамиле жасап келген. Ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө биздин камкор аталарыбызга ыраазычылык жашайт” деп айтылат токтом долбоорунун негиздемесинде.

Алиев учурда Аталар күнү дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө белгиленип жатканын айтат. Мисалы, аталган майрам Орусияда октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде, Франция, Түркия жана Казакстанда июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. 

Бишкекте автобустун 222 айдоочусу сынак тапшырып, жарымынан көбү кулады

Бишкекте автобус айдаган 222 айдоочу жол кыймылынын эрежеси боюнча сынак тапшырып, жарымынан көбү өткөн жок. Тагыраагы, 98 айдоочу сынактан ийгиликтүү өтүп, 124 айдоочу кулады. Бул тууралуу 13-мартта Милициянын кайгуул кызматы маалымдады. Сынакты автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарын азайтуу максатында аталган кызмат менен Бишкек мэриясы биргеликте уюштурган. Сынактан өтпөй калган айдоочулар кайрадан электен өтүүгө тийиш экенин билдирди мекеме.

Бишкектин жашоочуларынан шаарда жүргүнчү ташыган кичи автобус жана автобустардын айдоочуларына карата “жол эрежесин сакташпайт, бири-бири менен жарышып айдашат” деген көп нааразычылыктар айтылат. Коомдук унаалар катышкан жол кырсыктары да бат-баттан болуп келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан