Орозо айына бууда бышкан тамактар

Орозо айы башталып,  ооз ачуу маалына тамакты түрлөп бышырууга далалат кылабыз. Ошол эле маалда тамагыбыз организмге күч келбегендей, витаминдүү, тоюмдуу болушу шарт. Бууда бышкан тамактар бул талаптарга жооп берет. Манты менен оромодон башка да кандай тамактарды бууда бышырсак болот, билип, менюбузга кошуп алалы. 

КОРЕЙ ПЯН-СЕСИ ЖЕ ПИГОДИСИ

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 500 грамм

Жүгөрү крахмалы – 80 грамм

Суу – 300 миллилитр

Ачыткы – 1 чай кашык

Туз, кумшекер – 0,5 чай кашыктан

 Фаршы үчүн: 

Эт – 300 грамм

Кочан капустасы –200 грамм

Пияз – 1 даана 

Сарымсак – 2 тишче

Соя соусу – 1 аш кашык

Туз, кара, кызыл мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы: 

1. Жылуу сууга ачыткы, туз, кумшекер салып аралаштырып, 10-15 мүнөт тыныктыра турабыз. Ун менен крахмалды аралаштырып, үстүнө сууну куюп жумшак камыр жууруйбуз. 1-2 саатта ачып чыгат. 

2. Кайсы малдын эти болбосун колдонсоңуз болот. Аны эт туурагычтан өткөрөбүз. Капуста, пияз, сарымсакты ичке майда туурап, туз салып мыжыга аралаштырабыз. Бул учурда алар жумшарып ширесин чыгарат. Этти жана башка татымалдарды, соусту кошуп аралаштырабыз. Фарш даяр.

3. Ачып чыккан камырдан 70 граммдан кесип, тоголоктоп 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек жаябыз. Фарштан 2 аш кашыктан салып, камырдын четтерин бириктиребиз. 

4. Майланган каскандарга пигодилерди араларын ачыгыраак салып, капкагын жаап кайнап жаткан сууга коёбуз. 50 мүнөттө бышат. Тамагыңыз даамдуу болсун!

 

ӨЗБЕКТЕРДИН ХАМИР ХАСИБИ 

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн: 

Ун – 800 грамм

Туз – 1 чай кашык

Жумуртка – 1 даана

Жылуу суу – 250-300 грамм

 

Фаршы үчүн:

Эт – 500 грамм

Пияз – 3-4 даана

Күрүч – 130 грамм

Кинза – 5-6 талча

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Суу – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша 

Даярдоо ыкмасы:

1. Биринчи камырын жууруйбуз. Унду элеп, ага жумуртканы чегебиз. Сууга туз салып эритип, унга куюп жумшагыраак камыр жууруйбуз. Үстүн жаап тыныктырабыз.

2. Ага чейин фаршын даярдасак болот. Этти эт туурагычтан өткөрөбүз. Ага пияз менен кинзаны майда туурап кошобуз. Күрүчтү 2-3 сыйра муздак суу менен жууп, фаршка салып, туз, мурч, май менен сууну кошуп аралаштырабыз. 

3. Камырды 2-3 субалага бөлүп, жука жаябыз. Жайымдарды 8х8 сантиметр чарчы бөлүктөргө бөлүү керек. Ар бирине бир чоң кашыктан фарш салуу жетиштүү. Төрт бурчтун эки карама-каршы жана дагы бир бурчун ортого бириктирип, акыркы бурчту карай оройбуз.

4. Даяр оромдорду майланган касканга салып, үстүлөрүнө суу май сүйкөп коюу зарыл. Капкагын жаап, кайнап жаткан сууга 50 мүнөттөн 1 саатка чейин коюп бышырабыз. 

5. Бышыруунун дагы бир жолу: Каалаган куурмачыңыздын үстүнө суу куюп, кайнап чыкканда камырларды салып, капкагын жаап 30-40 мүнөттө бышырсаңыз да болот. Мында да өсүмдүк майы менен оромолдордун беттерин майлоону унутпаңыз.

БУУДА БЫШКАН БАЛЫК КОТЛЕТАСЫ 

Керектелүүчү азыктар:  

Форель эти – 300 грамм

Жумуртка – 1 даана

Ак бөлкө нан – 40 грамм

Кам каймак (сливки 20%дан өйдө) –

40 миллилитр

Укроп – 5-6 талча

Шпинат – 2 боо Зайтун майы –

2 аш кашык

Туз, мурч –татымына жараша

Даярдоо ыкмасы: 

1. Балык этинин ордуна тоок этин колдонсоңуз болот. Бышыруу убактысы 20-30 мүнөт. Балык этин майдалайбыз. Нандын четтерин кесип салып, калганына кам каймак куюп, жумуртканы чегип кошуп, туз, мурч себелейбиз. Буларды эзип алабыз да, үстүнө балык этин кошуп аралаштырабыз.

2. Укропту майда туурап кошобуз. Ургулоо менен тегерек формаларды жасайбыз. 

3. Касканга котлеталарды салып, кайнап жаткан сууга 10-15 мүнөт коюп бышырабыз. 

4. Шпинатты да жууп, касканга 3-4 мүнөт коюп чыгарабыз. 

5. Тарелкага шпинаттан, андан соң котлета салып, зайтун майынан себелеп, жакындарыбызга узатабыз.

 

Асел Ишенбай кызы         

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан