Жоголгон жылдар...(Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Шамэл телефондогу адамдын үнүн угуп турса да, укпагандай жоопсуз калтырды. Ал бул маалда “мен булардын ишеничин актай аламбы, сүрөт тартуу менен дагы да алектене аламбы, мен бул ишти асылай үчүн эле жасабадым беле...” деп ойлонуп жаткан.

– Алло, сиз мени угуп жатасызбы?- деген үндөн улам сүйлөшүүгө кайтты.

– Мен негизи сүрөтчү эмесмин, тартып бере албайм го. Саламатта калыңыз...- деп телефонун өчүрүп койду.

Эртеси түш ченде Асылай телефон чалды. Кечээ кечинде байланышкан Алия анын жакын курбусу экенин айтып, андан сүрөт тартып берүүсүн өтүндү.

– Оюндагыдай болбой калсачы, мен дагы, ал дагы жөн эле убара болобуз.

– Сен аларды ойлонбой эле жакшы маанай менен көңүлдөнүп тартып бер. Мен суранганда деле ар кайсы шылтоонун баарын айттың эле го.

– Сен деген эми башкача жансың да, сен бар жер өзү эле көркөм го,- деген сөз оозунан чыгып кетти. Ортодо бир аз үнсүздүк орун алды. Асылайдын үнү угулбай калды.

– Байланыш жакшы болбой калды окшойт, угуп жатам, эмне деп жаттың эле, сүйлөй бер,- деди Асылай. Чынында ал Шамэлдин сөзүн укту, бирок укмаксан болуп сөздү башка нукка бургусу келди.

– Ушунча суранып калдың эми аракет кылып көрөйүн.

– Тарта аласың, мен сага ишенем. Мени уят кылбай тартып бер эми,- күлүп калды Асылай.

– Аракет кылайын.

Экөө ушуну менен коштошту. Шамэл Алия менен байланышып эмнелер керек экенин айтып, ишти качан баштай турганы тууралуу сүйлөштү. “Бул иш тууралуу эч качан ойлончу эмес элем, бирок Кудай мага буларды атайын жөнөтүп жатат өңдөнөт. Белгисиздикте жаткан мага иш артынан иш табыла баштады. Бир ишти баштасаң жол өзү ачыла берет деген ушул окшойт” деп ойлонуп калды.

 

xxx

Айзада иштери менен алектенип отурган, бир кезде телевизордон маалымат жыйын берип жаткан Жакыповду көрүп калды. “Бөрү карыса дагы бир койлук алы бар” деген ушул тура, мындай карыган чалды ээрчип жүргөн жаш кыздарды аяп кетесиң деп ойлонду.

– Өзүмчү, өзүм,- деп өзүнүн оюна каршы чыкты.

– Мени ким аяар экен, Жакыпов деп жүрүп түз жолумдан адаштым.

– А бирок ал кезде Жакыпов жаш болчу да, азыркыдай чал эмес,- деп өзүн актады кайра. Өзү менен өзү диалог куруп.

Кайрадан көз алдына ошол күндөр тартылды.

“Сүйүү дегениң убакыт менен сынала турган нерсеби же бир учур от сыяктуу алоолонуп жанып, жалп өчүп күлгө айлана турган нерсеби? Эгер сүйүү чындап бар болсо, сүйөм деген сөздүн баары чын болсо, анда биздин, Жакыпов экөөбүздүн сүйүүбүз эч качан өчпөйт эле... Баары убактылуу, керек болсо бул жашоонун өзү убактылуу болуп жатпайбы. Ажал келсе ай-буйга келтирбей эле алып кетет экен го” деп ойлонду. Анын көкүрөгүнө башын жөлөп жаткандан ушунчалык ырахат алчу. Анын моюнуна асылып алып ага эркелегенден эч тажачу эмес. Ал эркелетсе ого бетер эреркеп кетчү. Арадан канчалаган убакыт өтсө дагы, канчалаган адамдын кучагында жатса дагы Жакыповду унута албай койду. Эч бир кол анын колуна, эч бир мамиле анын мамилесине окшогон жок. Эч ким аны андай эркелете албады. Өткөндү ойлоп отурган Айзада адатынча кыңылдап ырдай баштады... Сөзү Олжобай Шакирге, обону Элмирбек Иманалиевге таандык “Билесиңби?” деген ырды созолонтуп жатты.

Мен сендик элем, кучагым кенен,

Жүрөгүм тушта жүрөгүң менен,

Меники болуп сезилчү денең.

Кездешкис болуп узадык эле,

Мен өпкөн бойдон, сен өпкөн бойдон.

Кездешпейт азыр бир ошол дене,

Мен өткөн жолдон, сен өткөн жолдон.

Саргайган күздө санаа жок жүздө,

Телегей тегиз шуруңдай тизме,

Түбөлүк болуп сезилчү бизге.

Телмирип тиктейм тээтиги, жаным,

Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.

Сезимтал элең сезерсиң дайым,

Сен тарткан кайгы, ал мен тарткан кайгы.

 

Телмирип тиктейм тээтиги, жаным,

Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.

Сезимтал элең сезерсиң дайым,

Сен тарткан кайгы, ал мен тарткан кайгы...

 

Сырттан кирип келген Аман Айзаданын ырдап жатканын угуп акырын сыртка чыгып кетти. Ага тоскоол болгусу, аны ыңгайсыз абалда калтыргысы келген жок. Дээрлик жарым сааттай убакыт өткөндө үйгө кайра кирип келди.

Башында “бул ишти кантип жасайбыз?” деп коркуп жаткан Аман бул тармакка кантип аралашып кеткенин өзү деле байкабай калды. Алардын кол алдында иштеген кыздар көбөйүп, акча өзүнөн-өзү айлана баштады. Ал ортодо Аман сайтты толук жасатып бүттү. Укмуштуудай кызыктыруучу видео ролик тарттырды. Толук бүткөн сайтты Айзадага көргөзүү үчүн келген эле. Аман Айзадага колунан бир иш келерин далилдегиси келгендей ишин абдан берилүү менен жасап жатты.

– Келдиңби?- Айзада үн катты ичкериден.

– Келдим, көрүндүк даярдаңыз,- деп күлдү Аман.

– Сайтты бүттүңбү?

– Ооба, бүгүн түнү жарыялайбыз.

– Көрүндүк даяр, кана, айтып бүтпөй жаткан сайтыңды бир көрөлүчү.

– Келиңиз,- деп алдына ноутбукту сунду.

– Сайттын баштапкы бетинде видео ролик ойноп жатты. Айзада аны эки кайталап көрдү. Шумдугуң кургур, мындай видеону кантип тарттырдың. Укмуш болуптур, муну бир көргөн киши кыя өтпөйт го.

– Баягы орусиялык бир балдар менен иштешип жатпадым беле. Ошолор тарттырып беришти. Кыргызстанда мындай роликти тарткан дагы, тартыла турган дагы кишилер жок го.

– Ооба, болсо дагы мындай ачык түшүп беришпейт да.

– Сиздин канча акчаңызды салдык ушул сайтка, эми ошону ушул сайт аркылуу чыгарып алышыбыз керек,- деди Аман.

– Буюрса, чыгат, сен ал акчаны ойлоп сарсанаа болбо.

– Экөө дээрлик эки сааттай сайттын ары-бери жагына кирип карап чыгышты. Ар бир бөлүмдө 10 чактыдан кардар тейлөөчүлөрдүн сүрөттөрү, баалары жайгашыптыр. Салттуу сойкулук менен иштеп көнгөн Айзадага булар жаңылык болду.

Кечки саат 10:00дө сайт өз ишин баштады. Аны ачык интернет жарнамаларына алдын ала берип коюшкан. Ролик көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып сайттын ачылуу убактысын күткөндөр көп экен. Ачылган учурда эле 20 миңдеп көрүлүп жатканын көрүп Аман аябай сүйүндү.

Ал оюнда 1000 киши көрүп берсе жакшы деп жаткан эле. Ошентип булардын иши жүрүшүп кетти. Бийлик канчалык аракет кылып сойкуканаларды жаптырып жатса да, бул тармакты интернеттен чектөө кыйынчылык жаратат эле. Салттуу сойкулук менен иштеп жүргөн кыздар да сайтка көз чаптырып жатышты. Ал жактагы белгиленген бааларды көрүп абдан таң калышты.

– Биз болбогон акчага иштейт турбайбызбы? Карагылачы булардын өзүнө койгон баасын.

– Ошону айтпайсыңбы, сайт көп болсо жалпы суммадан 10 пайыз кармайт экен.

– Биз деле жакшынакай фотосессия кылып ушул жакка чыгат окшойбуз. Ар кимдин үстөмдүгүндө кыйналбай,- деп бири-бири менен күбүр-шыбыр түшүп талкуулап жатышты.

Сайт Амандын жакшы долбоору болсо, Айзада үчүн жаңы ачылыш болду. Бул күнү Айзада менен Аман алгачкы ийгилигин белгилеп майрамдашты.

Көп өтпөй өлкөдөгү маалымат каражаттары, коомчулук, булардын сайтын сындап жаптыруу керектиги тууралуу макалаларды байма-бай жарыялап жатышты. Укук коргоо органдары бул ишти негиздегендер кимдер экенин аныктоо иштери жүрүп жатканын расмий маалымдады...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан