Азиз Мадаминов, бильярдчы: “Бильярд оюнунда адамдын чыныгы мүнөзү билинет”

Орус жазуучусу Лев Толстойдун "Эч бир жерде жана эч нерседе бильярд үстөлүндөгүдөй адамдын мүнөзү айкын болбойт" деген сөзү бар. Бул оюн көбүрөөк интеллектуалдык күч-аракетти талап кылат. Бильярд аркылуу Кыргызстандын атын алыска таанытып жүргөн жигит, эл аралык класстагы спорт чебери, бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1 жолку күмүш, 4 жолку коло медаль ээси Азиз Мадаминов менен маектештик.

 

– Кандайсыз, Азиз мырза? Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу өттү. Маектин башында ушул турнир тууралуу сүйлөшсөк.

– Жакшы. Ооба, Бишкек шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда беш оюн ойнодум. 4 оюнду утуп, бешинчи оюнда казакстандык спортчу Жаныбек Казыбеков деген спортчуга контрпартияда утулуп калдым. Негизи ал жигитти ута турган эле абалда болчумун, өзүмдөн катачылык кетип калды.

– Кандай ката кетирдиңиз?

– Сала турган шарды сала албай калдым. Биринчи орунду орусиялык Никита Володин ээледи. Кыргызстандыктардан Дастан Лепшаков 3-орунду алды, мен 5-орунду алып калдым.

– Бильярдды канча жашыңыздан бери ойноп келесиз?

– Биринчи жолу кийди 12 жашымда кармадым, ошондон тарта бильярд ойной баштадым. Ал кезде футболго да барчумун. Бильярддын техникаларын компьютерден ойноп үйрөнчүмүн. Өзүм Кызыл-Кыя шаарынан болом, бир жолу Кызыл-Кыяда бильярд боюнча турнир өтүп калды. Анда мен 16 жашта элем, ошондо турнирге катышып жеңүүчү болгом. Ошондон кийин башка спортту таштап, бильярддын артынан кеттим, ийгилик жаратайын деп аракет кыла баштадым. 17 жашымда Бишкекте бильярд боюнча Кыргызстандын чемпиондугуна катышып, ал беттеште 1-орунду алгам. Ошентип Кыргызстандын бильярд боюнча улуттук курамына киргем. Негизи Кыргызстанда көп деле турнирлерге катышкан жокмун, андан кийин 1 жылдай Кыргызстан ичинде, Бишкекте жөнөкөй турнирлерде ойноп, утуп, утулуп жүрдүм.

18ге чыкканда Москва шаарына кеттим. Негизи бильярд оюнун көтөрөйүн, тажрыйба топтоюн деген максат менен кеткем. Иштеп келейин деп кеткен эмесмин. Ал жакта кичи турнирлер көп болот эле, ага күчтүү бильярдчылар барышчу. Ошол жерде ойноп жүрүп тажрыйба арттырдым. Ошол бойдон 10 жыл Москвада жүрдүм. Ал жактан Кыргызстандын атынан жөнөкөй турнирлерге, эл аралык мелдештерге катыша баштадым, ошентип азыркы бильярдчы Азиз Мадаминов болуп чыктым.

– Кандай ийгиликтерге жеттиңиз?

– Жыйынтыктарымдан айтсам, Чемпиондуктун кубогун утканмын. Футболдо Чемпиондор Лигасы бар эмеспи, бильярдда ар өлкөдөгү чемпиондор чакырылып, Чемпиондук кубогу деп оюн өткөрүлөт. Дүйнөлүк чемпиондуктарда 3-орунду 4 жолу, 2-орунду 1 жолу алгам. Коммерциялык, эл аралык турнирлерде Империя кубогун уттум. Андан сырткары Дүйнө кубогу деген бар, Ал Дүйнө чемпиондугунан бир аз башкачараак, андан 3-орунду 5 жолу багындырдым. Учурда бильярд боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунда турам. Бул мен үчүн жакшы жетишкендик.

– Биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна качан катыштыңыз эле?

– Биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна Алматы шаарында катышкам. Анда 18-19 жашта элем, толкунданып, жаш элем да, көп нерсени түшүнбөй ойноп утулуп калгам. Мунун баары тажрыйба экен, ошентип тажрыйба топтоп отуруп үйрөндүм, азыр оюндарда андай толкундануулар болбойт, өзүмө ишенимдүү ойнойм.

– Буга чейинки оюндарда атаандаштарыңыздан кимиси менен ойногон кыйын болду?

– Кыйындар көп, бирөөнү бөлүп айтыш кыйын. Бирок бир оюнчу бар, мага анын оюну жагат. Александр Сидоров деген жигит өзбекстандын атынан ойноп жүрчү, азыр ойнобой калды. Сидоровду кыйын оюнчу деп эсептейм, адилеттүү, так оюнчу болчу.

– Бильярддан жеңишке жеткендеги сезимдерди, толкунданууларды сүрөттөп берсеңиз...

– Толкунданасың, албетте. Анан “не зря” деген сезим келет. Ушунча жылдан бери ойноп, машыгып, аракет кылып жүргөнүмдүн акыбети кайтып жатат дейм.

– Бильярд менен жүрүп үй-бүлөнү, бала-чаканы багууга мүмкүнбү? Материалдык абалыңыз кандай?

– Муктаждыктарды жабат, албетте. Дайыма турнирлерде, алдынкы үчтүктө жүрсөң болот. Азыр бильярд өнүгүп жатпайбы, жакшы мүмкүнчүлүктөр бар, аракет кылса үй-бүлөнү бакса болот. Бул эми ар бир адамдын өзүнөн көз каранды.

– Дүйнө чемпиондугунда биринчи орунду ала элек экенсиз. Буга чейинки оюндарда Дүйнө чемпиондугун утууга эмне тоскоолдук жаратты дейсиз?

– Албетте, эң башкы максатым – бильярд боюнча Дүйнө чемпиону болуу. Тилекке каршы, буга чейинки берилген мүмкүнчүлүктөрдө тилегим ишке ашпай калды. Төрт жолу үчүнчү, бир жолу экинчи орунду алгам. Ал оюндарды анализдеп турам, Кудайдын буюрганы экен. Аракет кыла бериш керек, буюрса, ал дагы болот.

– Башка спорт түрлөрү боюнча спортчулар такай залга барып машыгып турушат. А бильярдга машыгуу үчүн бильярдчылар эмне кылышат?

– Бильярдда бильярд ойноп, “отработка” кылып, позицияларды, болбой калган оюндардагы каталардын үстүнөн иштеп машыгабыз. Анан бассейнге баруу жакшы жардам берет. Бильярдда деле физикалык жактан күчтүү болушуң керек.

– Бильярдчылардын арасында кумириңиз барбы?

– Ооба, бильярдды тааный баштагандан бери Каныбек Сагынбаевди кумир туттум.

– Бильярд оюнунун ырахатын кантип сүрөттөйсүз?

– “Бильярд столунда адамдын адамдыгы көрүнөт” деген бир сөз бар. Бильярд ойноп жатканда адамдын мүнөзү, кандай адам экени көрүнүп калат экен, мен да ушул нерсени байкай алам.

– Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

– Азыр бильярдды спортчу катары ойноп жүрөм, кийинчерээк бильярд мектеп ачып, ушул эле тармакта жаш бильярдчыларды тарбиялап чыксам дейм.

– Кыргызстандагы бильярдга кандай баа бересиз?

– Кыргызстандагы бильярд спорту азыр бизде мен, Дастан Лепшаков, Ызат Ратбеков, анан Арсен Калыбек уулу, ушул төртөөбүз эл аралык турнирлерде атаандаштык көрсөтүп, Кыргызстандын атын бильярд тармагынан таанытып жүргөндөрдөнбүз. Бизден кийинки биздин ордубузду баса турган бильярдчы жаш муун жок болуп жатат. Бизде бильярд боюнча мектеп алсызыраак. Жакында 18 жашка чейинки жаштар арасында Дүйнө чемпиондугу өттү, биздикилер олимпиадалыкка да, 32 адамдыкка да чыга албай калышты. Ошондуктан жаш бильярдчылар алсызыраак болуп жатат.

– Спорттун башка түрлөрү менен да машыгасызбы?

– Азыр машыкпайм. Мурда футболго, күрөшкө барчумун. Бизге, бильярдчыга кара күчтү жумшаган спорт түрлөрү болбойт экен, колдоруң катып калса бильярдда жакшы ойной албай, кийди сезе албай каласың. Ошондуктан башка спорт түрлөрүнөн баш тартууга туура келген.

– Бильярдды тандаганыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Жок, өкүнбөйм. Оюндан жеңилип калган учурда деле андай ой келбейт. Болгону утулган учурда кайгырасың, кайра эле унутуп каласың. Ал сезим өтүп кетет. Кайрадан умтулуп аракет кылгың келет.

– Өсүп келаткан жаш бильярдчыларга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Талыкпай машыга бергиле, үйрөнгүлө дейм. Азыр машыгуу оңой, биз ойноп баштаган мезгилде интернет жок эле, азыркыдай мүмкүнчүлүктөр да жок болчу. Азыр интернеттен карап эле үйрөнүп алышса болот. Бизге келип кеңеш сураса деле колубуздан келгенин айтып үйрөтөбүз.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...

– Жубайымдын аты Мафтуна, кесиби врач. Эки кызым бар. Улуусу 2 жашта, кичинекейине 4 ай болуп калды. Өзүм 1993-жылы туулгам, 3 бир туугандын ортончусумун, агам, иним бар.

– Жакшы, сизге ийгилик!

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан