Гүлсайра Жумабаева: “Балам сууга башы менен секирем деп майып болуп калды”

3 жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелүү баласын карап, анын басып кетеринен үмүт үзбөгөн эне Гүлсайра Жумабаева “орозо жакшылыктын, ырайымдын айы эмеспи. Баламдын айыгып кетиши үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайм” деп баштады сөзүн. Урматтуу окурман, элден жардам сураган ар бир каарманыбыздын артында анын оор жана татаал тагдыры жатат. Бул жолку каарманыбыздын да окуясы кайгылуу экен.

“Көлгө эс алганы барып кырсыктады”

– Өзүбүз Бишкек шаарында жашайбыз. Жолдошум экөөбүздүн 4 балабыз бар, 2 уул, 2 кыз. Бир балабыз 13 жашында Чоң Чүй каналына (ред.: БЧК) сууга түшөм деп чөгүп кетип каза болуп калган. Бир кызым тубаса майып төрөлгөн, учурда 26 жашта. Кичүү кызым 7-класста окуп жатат. Улуу балабыз Ашыркулов Маматкул, учурда 28 жашта. Биздин көрөр-багар балабыз эле. Үйлөнүп келинчеги экөө кыздуу болуп, экинчи наристесин күтүп жатышканда кырсыктап баса албай калды. Келинчеги экөө тең “Аю” компаниясында соода агенти болуп иштешчү.

 2021-жылы июнь айында балам аялын, кызын ээрчитип Ысык-Көлгө эс алганы кетишкен. Каргашалуу окуя 23-июнь күнү болду. Балам жээктен чуркап барып көлгө башы менен секирип, ошондо моюн омурткасы сынып кетиптир. Келинчеги жээкте кызы менен отурган экен, караса балам сүзбөй эле сууда туурасынан кыймылсыз жатыптыр. Ошондо келиним жээктегилерди жардамга чакырып, баламды көтөрүп көл жээгине чыгарышыптыр. Балам кийин “бир топ суу жутуп калган болчумун, көз алдыма сууга чөгүп кеткен иним тартылды. Көрсө, ал ушинтип эле каза болгон турбайбы деп ойлодум” деп айтып берди. Келиним да тың кыз, жээкке чыкканда “тийбегиле, “Тез жардам” чакыргыла” деп эч кимди жолотпой коюптур. Анткени моюн омуртка сынып жүлүнгө кирип кетиптир. Баламды дагы бир аз ары-бери кыймылдатышса жүлүнү үзүлүп жан бермек экен. Келиним ошол абалын сезгенби, айтор, дарыгерлер келгиче кыймылдатпай карап туруптур. 

“Катетер менен заара ушатат”

– Бизге окуяны угузушканда эле жолдошум экөөбүз Ысык-Көлгө бардык. Дарыгерлер эч нерсе жашырышкан жок, дароо эле “балаңардын абалы оор, Бишкекке алып барганга болбойт, кичине ашыкча кыймыл болсо эле жүлүнү үзүлүп кетет” дешти. Балама операция жасалып, бир ай Ысык-Көлдө карап жаттык. Кудайга жалынып отуруп аман алып калдык, ушунусуна да шүгүр. Ата-эне үчүн баласынын ден соолугунан кымбат эч нерсе жок. Балам 3 жылдан бери арабада жүрөт. Атасы экөөбүз жаңы төрөлгөн баладай эле карадык. Күндө массаж кылабыз, эшикке чыгарып, машыгуусун убагында жасатабыз. Ошентип жүрүп азыр абалы жакшы. Бирок дагы деле катетер менен заара ушатат. Балам кырсыктаганда келиним кош бойлуу эле. Атасы ошол төрөлгөн баласы менен чогуу басып кетсин деп тилек кылган элек. Тилекке каршы, азыркы тапта баласы чуркап ойноп жүрөт, балам дагы деле арабада. Адам жата берсе булчуңдар алсыз болуп калат экен. Ошондон улам аласына сөөк өсүп кетти, дарыгерлерге көрсөтсөк “бул абдан кооптуу, операция жасай албайбыз” деп баш тартып жатышты. Сабырбек Жумабеков да башында бир аз кооптонуп жаткан, ошентсе да балама ийгиликтүү операция жасап өсүп кеткен сөөктү алып таштады.

“Реабилитацияга каржылык жардам керек”

– Баламдын акыл-эси баары жайында, болгону калыбына келе албай жатат. Чет өлкөлүк дарыгерлерге көрсөтсөк “операциясы ийгиликтүү болгон, силерге жакшы реабилитациялык борбор керек” деп айтышты. Бизде Кыргызстанда реабилитациялык борбор жок. Ошол чоң көйгөй, ушул нерсенин айынан канчалаган майыптардын өмүрү арабага байланып отурат. Үй шартында жакшы эле карайбыз, бирок Орусияда, Түркияда шарттары аябай жакшы, алдынкы технологиядагы аппараттары менен реабилитациялык борборлор бар экен. Ошол жакка барып басып кеткендер менен сүйлөшүп турабыз. Кеңеш сурасак “бир эле жолу келип токтотуп койгон болбойт, курска 2-3 жолу келсеңер жакшы жыйынтык болот” деп айтышты. Түркиядагы реабилитациялык борбордо бир курс дарылануу акысы 14 миң доллар экен. Эки-үч жолу барыш үчүн 40-45 миң доллар керек болууда. Жолдошум экөөбүз “кой, балабыздын ден соолугу, басып кетиши үчүн алакан жайып отура бербей элден жардам сурайлы, өзүбүз да аракет кылалы” деп чечтик. Орозонун ыйык күнүндө сооп чогулткан жарандардын саны көп болот эмеспи. Көп түкүрсө көл болот, элдин жардамы менен балам мурунку калыбына келип, басып кетет деген үмүтүбүз чоң.

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Оптима: 4169585359301784 (Виза)

Оптима телефон номери менен: +996706500813

Мбанк: +996706500813

О деньги: +996706500813

Элкарт: 9417018541064358

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан