Максат Кулуев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Жөнө, балам» деген ырыңдан улам айылга үй салдык дегендер болду»

Бул инсандын ырларында жүрөктү тыз эттирчү таасирдүү саптар, кайрыктар көп кездешет. Мисалы, “Жөнө, балам” деген ыры айылда туулуп-өсүп, кийин шаарда, чет өлкөдө жашап калган кыргыздын айылга кусалыгын, жан дүйнө тереңинде катылган арманын ойготот десек ашыкча болбос. Белгилүү төкмө акын, ырчы, обончу Максат Кулуев жана анын ырлары тууралуу сөз кылалы. 

«Обончулукка 9-класста аттангам»

– Мен негизи көп тармакта, маданияттын ар бир саясына баш багып иштеп келе жатам. “Автор жана ырлары” деген рубрика болсо, анда обончулук жагынан кеп кылалы. Обончулукка 9-класстан аттандым. Аттанганда кандай, ошондон баштап ыр жазып баштадым. Эң биринчи Мидин Алыбаевдин “Бир кызга”, “Турмуш кенен” деген ырларына обон жазып, ал ырларды комуз менен ырдап жүрдүм. “Турмуш кенен” деген ырымды азыр эстрада тили менен Баатыр Рысалиев деген агабыз ырдап жүрөт. Андан кийин эстрадалык багытта ырдай турган ырларды жазганга аракет кылдым. Шаарга келип, 1-курста окуп жаткан кезде, 2001-жылы энеме арнап “Ай, энем” деген ыр жаздым. Султан Садыралиев ушул ыр менен сахнага чыкты, клип тарттырды. Андан кийин башка ырларды жаздырып, ошентип таанылып кетти. Андан кийин сүйүү жөнүндө “Сен эмес” деген ыр жаздым. Ал кезде эми жаш кез, сүйүүнү кабыл алуу да башкача. Бул ырды дагы Султан Садыралиев ырдап чыкты. Кийин Анара Шаимкулова ырдады, учурда Аскат Мусабеков да ырдап жүрөт.

Кыргыз драма театрында иштеп жүргөндө спектаклге ылайыктуу ырларды да жаздым. Бексултан Жакиевдин “Жолугушуу” пьесасы боюнча спектакль коюлду, ага ыр жаздым. Бурул Калчабаеванын “Баяндуу махабат” деген пьесасын Эгемберди Бекболиев спектакль кылып койгон, ошондо мен ырчынын ролун ойноп, ошондо да жаздым. Сахнада ырдалды ал ырлар. Ошол маалда “Музаман” тобу менин “Махабат кайырчысы” деген ырымды ырдап чыгышыптыр. 

«Теңим бар» ырыма көптөр, айрыкча аялзаты ыраазы болушту»

– Башында төкмө акындык менен, салттуу нукура өнөр менен жүргөнгө аракет кылгандыктан, башка ырчыларга обон, ыр жазып берип, өзүм ырдачу эмесмин. 2016-жылы өзүм да ырдап чыгайын деп бел байлап, замандын агымы менен эстрада жаатында ырдай баштадым. Ошондо “Теңим бар” деген ырды жаздым. Сөзү да, обону да мага таандык. Ошол жылы “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ыр хит болуп, кайда барбайлы, эркектер көбүнчө ошол ырды суранып ырдатышчу. Ырдаганда эркектер маашырланып угушса, аялдарда сыртынан билгизишпегени менен, ичинен кызганыч, бир аз кыжалатчылык болорун байкадым. Ал ыр тамашалуу болгонуна карабай түз кабыл алгандар көп эле. Ошонун баарын байкап, анан образга кирип “үй-бүлө туткасы бекем болсун, эч ким бала-чакасын таштабасын” деген тилек-ой менен жазган ырым. “Теңим бар” чыкканда көп угармандар ыраазычылык билдиришти, өзгөчө аялзаты. Ошентип бул ыр менин аткаруумда радиолордон кетип, “Мыкты ыр” наамына чейин арзыды. Кийин Айдар Бейшебаев, андан кийин Ишен Назаров ырдап чыкты. Негизинен, аккордеон менен ырдаган жигиттер бул ырдын калың катмарга жайылышына чоң салым кошушту, аларга ыраазычылык билдирем. Менин да обончу, ырчы катары элге таанылышыма ушул ыр себепкер.

«Жөнө, баламды» мигранттардын сагынычын бассын деп жазгам»

– 2016-жылы күзүндө “Жөнө, балам” деген ырым жазылды. Бул ырдын жаралышына ички, тышкы миграциянын күч алганы себеп болду. Мигранттар айылга болгон сагынычын, кусасын ушул ыр менен бассын деген ойдо, айылымды, жайлоодо жүргөн күндөрүмдү эске салып жаздым. Бул ыр дагы эл арасында өз ордун тапты. “Жылдын мыкты ыры” аталды, дагы 2-3 номинация боюнча жеңиштерге жетти. Бул ыр чыккандан кийин “Максат, сенин ырыңды угуп айылга үй салдык. Бир туугандар чогулуп, атабыз өскөн айылга барып куран окутуп, үй-жайдын айланасын тазалап келдик” дегендер болду. Айылдагы үйүн сатып жибергендер “сенин ырыңдын таасири менен үйүбүздү кайра сатып алдык” дешти. “Күйөөм экөөбүз ажырашып кеткен элек. Сенин ырыңды угуп, балдарыбызга туугандары атасынын жерин беришти. 2 гектар жер берди, 12 сотых жерди үйү менен берди” дегендер да болду. Кыскасы, бул ыр аябай көп адамга таасир этиптир. Мигранттар да жакшы көргөн ыр болду.

Айта кетпесем болбойт, учурда Япониянын Токио шаарында жашаган, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун кулуну, Болотбек Субанов деген аниматор жигит бул ырга клип тартып берди. Өзү демилге көтөрүп, бепбекер тартты, мен бул жактан видео, сүрөттөрүмдү гана жөнөттүм. Азыр телеканалдардан көрсөтүлүп жатат. Негизи, бул ырды сурагандар көп болду, бирок ырга клип тартып элге жайылтам деген максатым болгондуктан, көбүнө уруксат берген жокмун. Кудай буюрса, өзгөчө клип менен элге тарап жатат.

«Сулайман тоонун сулуусу» ырымдын бет ачарын Арабияда өткөрдүм»

– Менде баягыдай “бирөөнү көрүп сүйүп калып, анан ыр жаздым” дей беришет го, андай бир беткей окуялар жок. Турмуштук кырдаалдар, айланамдагы окуялар таасир этип, кээде кайгырып, кээде толкунданып отуруп эле жазам. “Сезимдешим” деген ырды 2017-жылы жаздым. Ал жылдары Улуттук филармонияда “Эл шайырлары” тобунда иштечүмүн. Топтун башчысы, ыраматылык Мурадил Сагыналиев агабыз угуп, “ушул ырың жакшы экен, мен ырдап чыгайынчы” деп сурап ырдап чыкты. Кийин бул ырды “Музаман” тобу ырдады, андан кийин Айгерим деген ырчы кыз ырдап жүрдү. “Сезимдешим” элге ушул ырчылар аркылуу тарады.

2019-жылы Сауд Арабияда “Көчмөндөр ааламы” фестивалы өтүп, ага биз да катыштык. “Сулайман тоонун сулуусу” деген ырымды ал кезде толук бүтө элек элем. Жолдо баратып бүтүрүп, Арабиядагы фестивалда ырдап, ошол жактан элге тарады. Ошол жерге барган кыргыздар улам-улам ырдатып, телефонго видеого тартышып, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Замир Баялиев болуп төөгө минип бет ачарын кылганбыз. Келгенден кийин эстрада вариантында жаздырып, радиолорго бердим.

Кийинки жылдары патриоттук ырларды жазып жатам. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына деп “Азаттык” деген ыр жазып, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган иш-чараларда ырдадым. “Мекенчил бол”, “Ата Журтум Кыргызстан” деген ырларды Италияда ырдаган кыргыз ырчысы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңиш Ысмановдун буюртмасынын негизинде жазып бергем. Ал ырдап жүрөт.

Гулийпа Маметосмон кызы 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан