"Апамдын анча-мынча таягы бизге дары болуптур...” Белгилүүлөр бала кездеги шоктугун айтып беришет   

Апалар... Уул-кызы акылдуу, жаман адаттардан тыш, зирек, зээндүү болуп өссүн деп тарбия беришет. Уйкусу канбаганына, ооруп калганына да кайыл, балдарында баары жакшы болсо жетет. Бул жолу белгилүү инсандар бала кезде апасынан шапалак жеген окуяларын жылмая эстеп, айтып беришти. Албетте, бул балдарды урса болот деген чакырык эмес, болгону алтын балалыкта калган көз ирмемдер.

Абидин Темиров, ырчы, обончу:  “Талаалап кетип кечинде келсем, апамдын чыбыгы даяр турчу”

– Эстесем, кичинемде токмок жебеген күнүм болбоптур (жылмайып). Апам жаны кашайгандан улам урчу тура. Мени азыр көпчүлүк жоош, кой оозунан чөп албаган жан катары элестетишет. Бирок бала кезде абдан тентек болгом.

Бир досумдун үйүндө аккордеон бар эле. Ошол аккордеонду ойнош үчүн ал балага көз каранды болуп, үйүндө чөбүн орушуп, ташын ташышып дегендей, айтор, иш кылышып эле жүрчүмүн. Иштеткенден кийин аккордеонун бир аз ойнотуп туруп, “болду” деп кайра алып койчу. Башка достордун да ишин жасашып жүрө берип, өз үйүмдөгү жумуштар калчу. Анан кечинде үйгө келгенимде апамдын чыбыгы даяр турчу.  

Апам ачуусу келгенде “талаада калгыр” деп тилдечү эле. Кийин ырчы болуп, айлап гастролдоп жүрүп айылга аз каттап калдым. Апа деген баласын сагынат, келеби деп күтөт да. Барганымда тамашалап “талаада калгыр” деп тилдечү элеңиз, мына талаада калдым (гастролдоп)” десем күлүп калчу. Эми ошол күндөр да, апам да жок. Апамдын мээримин, сөздөрүн, жылмайганын сагынган бойдон жүрөм.

Аскат Сулайманов, актёр: “Акча уурдаганым үчүн таяк жегем”

– Бала кезде тентектикти көп кылдым. Андайда апам сабап койчу. 2-класста Мурат деген таажездемдикине конокко бардык. Балабыз да, балмуздак, момпосуй алып жегенге кызыккан убак. Анан мени шайтан азгырып башка Акыл деген таажездемдин чечип койгон кийиминин чөнтөгүнөн билгизбей 10 рубль кымырып алдым. Ал кезде 10 рубль чоң акча болчу. Мектепке барганда 5 рублга классташтарыма, өзүмө аны-муну алып жеп, тойлодук. Калганын үйгө келгенде паластын алдына катып койдум. Бир күнү эстеп карасам акча ордунда жок. Апамдан сурасам “мен алдым. Ал кайдагы акча?” деди. Мен каратып туруп “Мурат таажездем карындашыңа сүт алып бергиле деп берген” деп салдым. Апам “ии, жакшы кылыптыр акча жокто” деп сүйүнүп калды.

Анан ошол эле күнү кашайып Мурат таажездем үйгө келип калып жатпайбы. Сүйлөшүп отурганда “өткөндө конокко келгенде Акыл биздин үйдөн чөнтөгүндөгү 10 рублун жоготту. Үйгө шектүү эч ким деле келген жок эле” деп калды. Апам жаман болуптур деп кейиди. Анан “сүткө деп Аскатка 5 рубль берип жакшы кылыпсың” деп жатпайбы. Таажездем мени жалт карап “акча берген эмесмин” деди. Башым шылк дей түштү. Анан таажездем кетери менен апамдын “бороону” башталды, калганы белгилүү да...

Жаныш Кочкоров, ырчы, обончу: “Апам чыбык менен шыйракка чаап калчу”

– Тентек элем. 15 жашыма чейин таенемдин колунда өссөм да, өзүбүздүн үйгө көп барчумун. Таенем эмчи, сөзмөр, кошокчу жан эле. Тентектик кылсам да урчу эмес. Ал эми өзүмдүн ата-энемдикине барганда бейбаштык кылсам “тарбиялап” коюшчу. Өзүбүздүн короодо алма турса кошунанын алмасын уурдап жечүмүн. Уурдап деле эмес, алмасынын башына чыгып отуруп алып жечүмүн. Ээси көрүп калса “силердин алмаңар биздикинен ширин, курсагым тойсун, анан түшөм” дечүмүн. Апам мунумду укканда мени чыбык менен шыйракка чаап калчу. Шыйрагыма чыбыктын изи түшүп калса, “таенеме айтам” деп кайра аны коркутчумун.

Бир жолу 6-классымда коңшу балдар менен ойноп жүрүп үйгө кеч келдим. Балдарды оюндан жеңгеним үчүн 1 такыя (топу) жаңгак утуп аны колума көтөрүп алгам. Айтпай кетип, кеч келгеним үчүн анда да апамдын “тарбиясын” көргөм.  

Улан Султангазиев, актёр: “Мектептин терезелерин талкалап салгам”

– Мектепте жакшы окудум. 9-класска чейин “отличник” болуп, анан "4төр" аралаша баштады. Анткени сүрөттү жакшы тартчумун, ошого мугалимдер ачык сабактарына, башка иштерине сүрөт тарттырышып, классты жасалгалатышчу. Кечке мектепте жүрүп чарчап, анан эртеси кээде 2-сабакка барчумун. 

Бир жолу да ошентип 2-сабакка бардым. Барсам агай кечигип барган чоң класстын балдарына кошуп башталгыч класстын окуучуларын да мектепти айлантып чуркатып жатыптыр. Аны көрүп боорум ооруп агайга “кичинелерди кыйнабай эле койбойсузбу?” десем, агай ого бетер ачууланып мени да мектепти 3 айлантып чуркатты. Чуркап келгенден кийин жиним келип 1-кабаттагы класстардын айнектерин таш менен уруп талкалап салдым. Бул жоругум үчүн агай-эжелерден тил уктум, үйдөгүлөрдөн таяк жедим. Бирок өкүнгөнүм жок, анткени өз пикирим үчүн күрөшкөм.

Таалайбек Турдубаев, ырчы, обончу: “Талаадан үйгө чейин кубалап келген”

– Кичинемде абдан шок, сөгүнчөөк бала элем. Ошого апам мени кээде “эмдеп-домдоп” койчу. Атамдын урганы эсимде жок. Ойноп, мал кайтарып талаада эле жүрчүбүз да. Тоого да чыгып кетчүбүз. Бир жолу апам мага бир ишти дайындады, мен аны унутуп ойногону кетип калыптырмын. Ошого апам ачууланып талаада ойноп жүргөн жеримден таап, үйгө чейин кубалап келген.

Кийин 7-класстан тарта отуруш деген башталды. Таякемдин кызы экөөбүз бир класста окучубуз. Отуруш болордо аныкына барып бир шылтоону айтып, кызга үйүндөгүлөрдөн уруксат сурап келчүмүн. Анан учурдан пайдаланып башка кыздарды чакырып алчубуз. Отурушубузду билип калган ата-энелерибиз урушуп үйгө келтек, чыбык менен кубалап келишчү. Азыр эстесем, апабыздын урушу, анча-мынча таягы бизге тарбия, дары болуптур.

Кубаныч Сатаев, ырчы: “Апам жаакка чапкандан кийин тамекиге жолобос болгом”

– Көп деле бейбаштык кылып апамды кейиткен жокмун. Бирок кээде болуп калчу. Ошондой окуялардын бирин айтып берейин.

5-класста 3-4 дос чогулуп тамеки тартып көрмөй болдук. Тыйын чогултуп сатып келдик. Анан балабыз да, башка жакка эмес, көчөгө отургучка отуруп тартып баштадык. Бирөөлөр көрүп айтып барган окшойт. Бир убакта апам келип эле жаактан ары бир чапты. Урушуп жатат, урушуп жатат... Үйгө барганымда да тамекинин зыян экенин айтып урушту. Ошондон кийин тамекиге жолобос болгом. 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан