“Оскар-2024”: Голливуддун мыктылары аныкталды

2023-жылдагы кинематографияга тиешелүү адамдардын эмгегин баалаган “Оскар-2024” кино сыйлыгын тапшыруу аземи 10-мартта Голливуддагы “Долби” театрында болуп өттү. 96-жолу берилип жаткан бул сыйлыкка кимдер татыктуу болду, кайсы тасма мыкты аталды, кандай кызыктуу көз ирмемдер катталды? Мунун баарын макалабызга топтодук.

Жаңы эрежелер

Мыктылардын атын атаардан мурун быйыл киргизилген эрежелер тууралуу сөз кылалы. Тагыраагы, эрежелер мурда эле белгиленген, бирок “Оскар-2024” мааракесинде гана бул категориялардын сакталышы тыкыр көзөмөлгө алынды. Голливуддун башкы кино сыйлыгына талапкер болчу тасмаларда төмөндөгү эрежелердин жок дегенде экөөсү колдонулушу керек:

1. Тасмадагы башкы каармандардын жок дегенде бири расалык же этникалык азчылыктан болушу шарт;

2. Экинчи пландагы каармандардын жана тартуучу топтун мүчөлөрүнүн кеминде 30 пайызын аялдар, азчылыктар (расалык, этникалык, сексуалдык) же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар түзүшү керек;

3. Тасманын сюжети негизинен азчылыктарды эзүү темаларына байланыштуу;

4. Тартуучу топтун жетекчилигинде жок дегенде 2 адам азчылык топтон булушу зарыл.

Сахнага жылаңач чыгып...

"Оскар” аземи күтүүсүз сюрприздер, ызы-чуулар менен коштолгон учурлар көп. Бирок бул жылы негедир тынч өттү. Интрига, жаңылык күтүп жаткандардын шаабайы сууп калса керек. Жаңылык демекчи, чү дегенде эле кызыл килемге чыккан актриса Ванесса Хаженс кош бойлуу экенин көпчүлүккө жар салды. Кечедеги жагымдуу көз ирмемдерге ырчы Билли Айлиштин бир тууганы Финнеас О’Коннелл менен биргеликте “Барби” тасмасына жазылган “What Was I Made For” саундтрегин аткарган учурун кошсок болот. Ал эми актёр Райан Гослингдин “Im just Ken” ырына шаңдуу бийлегени көпчүлүктүн маанайын көтөрдү. Конокторду жылмайткан дагы бир учурду жазбай кетсек болбос, “Эң мыкты костюмдардын дизайны” номинациясын жарыялоодо оригиналдуулугу менен актёр, рестлер Жон Сина өзгөчөлөндү. Ал жеңүүчүлөрдү жарыялоо үчүн сахнага жылаңач чыгып, мыкты спорттук дене түзүлүшү менен мактанып алды. Бул жылы да, тагыраагы, 4-ирет алып баруучулук милдет комик, актёр Жимми Киммелге жүктөлүптүр.

Статуэткага колу жеткендер

2023-жылы тартылган тасмалардын арасынан “Оскар” сыйлыгында “Оппенгеймер” тасмасы триумфатор болду. Режиссёр Кристофер Ноландын тасмасы прокатта 913 миллион доллар топтоп байопиктердин (биографиялык тасма) арасында рекорддук көрсөткүчкө жеткен. “Оскар-2024” сыйлык тапшыруу аземинде да 7 статуэтканы алып, бул жылдын рекордчусу аталды. 

“Мыкты тасма” – “Оппенгеймер”

“Мыкты режиссёр” – Кристофер Нолан (“Оппенгеймер”)

“Мыкты актёр” – Киллиан Мёрфи (“Оппенгеймер”)

“Мыкты актриса” – Эмма Стоун (“Кедейлер-бактысыздар”)

“Экинчи пландагы мыкты актёр” – Роберт Дауни кичүүсү (“Оппенгеймер”)

“Экинчи пландагы мыкты актриса” – Давайн Жой Рэндольф (“Ташталгандар”)

“Мыкты операторлук иш” – “Оппенгеймер”

“Мыкты монтаж” – “Оппенгеймер”

“Мыкты саундтрек” – “Оппенгеймер”

“Мыкты оригиналдуу ыр” – “Барби”

“Мыкты визуалдык эффект” –

“Годзилла: Минус бир”

“Мыкты анимациялык тасма” –

“Бала менен куш”

“Чет тилдеги мыкты тасма” – “Кызыкчылыктар аймагы”

“Мыкты документалдык тасма” – “Мариуполдогу 20 күн”

(Украина алган алгачкы “Оскар”)

Кимдин көйнөгү мыкты?

 Мен-мен деген кино жылдыздардын башын бириктирген аземде көпчүлүк күткөн учур – кызыл килемден өткөн жылдыздар жана алардын кычыраган кийимдери эмеспи. Алардын айрымдарына көз салалы.

Marchesa брендинин кыпкызыл көйнөгүн тандаган актриса Лиза Коши бийик такалуу туфлиcи менен басып баратып учуп түштү. Лиза айым отурган жеринде фотографтарга сүрөткө түшүп ыңгайсыз кырдаалдан кутулуп кетти.

 Эмма Стоун үчүн бул “Оскардын” 2-статуэткасы. Биринчисин 2017-жылы «Ла-Ла Ленд» тасмасы үчүн алган.

 “Эмоциям ашып-ташып турат. “Оппенгеймерге” тартылуу укмуштуудай, чыгармачылык жана унутулгус сапар болду. Команданын бардык мүчөлөрүнүн, үй-бүлөмдүн менин жеңишиме салымы чоң",- деди “Мыкты актёр” аталып кубанычын жашыра албаган Киллиан Мёрфи.

 2023-жылы "Мыкты актриса" аталган Мишель Йео быйыл Эмма Стоунго сахнадан статуэтка тапшырды.

 “Мыкты актрисалыкка” талапкер Марго Роббини Барби тфемасын улай күлгүн түстөгү көйнөк киет деп күтүшкөн. Бирок актриса кара түстөгү көйнөккө басым жасаптыр.

 “Барби” тасмасына чыгарган ыры үчүн “Мыкты оригиналдуу ыр” номинациясында статуэтка алган ырчы Билли Айлиш кызыл килемден “эң скромно” кийинип өткөн жылдыз номинациясында да жеңүүчү болду окшойт.

 

Асыл Орозбекова  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан