ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 25-марттан 31-мартка чейин

Кой
(21.03–20.04)

Кыймылсыз мүлк боюнча келишимдерди түзүү үчүн ылайыктуу учур. Сатсаңыз да, сатып алсаңыз да пайда табасыз. Үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Көптөн бери кийинкиге калтырып жүргөн иштерди ишке ашырыңыз. Жумуштагы кызматыңыз бааланып ири суммада сый акы менен сыйланасыз. Лидерликке болгон умтулууңуз жана мыкты уюштуруучулук жөндөмүңүз айланаңызга пикирлеш адамдарды чогултууга жардам берет.

 

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсүндө олуттуу күч-аракет жумшабастан, кандайдыр бир тапшырманы аткара аласыз. Бойдоктордордун жашоосунда жаңы романтикалык таанышуулар орун алат, ал жаңы таанышы чоң турмуштук тажрыйба калтырып кетет. Өзүңүзгө сак болуңуз, ден соолугуңуз начарлап ооруканага түшүп калуу коркунучу бар.  Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп сизге кызыккан айымдар жана мырзалар арасында чоң суроо талапка ээ болосуз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Апта ички табиятыңызды, ички күчтөрүңүздү ойготууга ылайыктуу. Алдыда сизди күтүүсүз таанышуулар, жагымдуу эмоцияларды алып келе турган кызыктуу сапарлар күтөт. Бала тарбиясында өтө катуу болбоңуз, айрыкча үнүңүздү бийик чыгарып тилдеп, башкаларга салыштырсаңыз үй-бүлөдөгү ынтымакты бузасыз. Бийкеч айымдар өтө текебер болбошу керек, “эркектердин баары менин бутумдун алдында жүрөт” деген жаңылыш ой мамилелердин бузулушуна алып келет.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бул убакытты ойлонууга, өткөн-кеткенге талдоо жүргүзүүгө арнаңыз. Өздөрүн жалгыз, бактысыз сезген айымдар ал абалдан чыгышат. Ал эми мырзалар, алдыга койгон максаттарын жана жашоо баалуулуктарын кайра карап чыгышы керек. Сатып алуулар жана ири инвестициялар үчүн жакшы мезгил. Көптөн күткөн жолугушууга барып же жакшы кабар угасыз. Материалдык чыгымга учурашыңыз мүмкүн, андыктан акчаны үнөмдөп жашаңыз.

 

АРСТАН
(23.07–23.08)

Активдүү эс алуудан жана команда ичинде баарлашуудан көп пайда табасыз. Мотивация берүүдө насааттарыңыз мыкты иштейт. Сиздин берешендигиңиз, жылуу мамилеңиз айланаңыздагыларга оптимизмди, жаркын келечекке ишенимди арттырат. Жүрөгүңүздү өйүгөн кайсы бир олуттуу чечимди кабыл аласыз, ошондон кийин жан дүйнө тынчтыгыңыз калыбына келет. Сүйүүдө өнөктөшүңүзгө үстөмдүк кылуу аракетиңиздин айынан келишпестик жаралат.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Энергияңыз, харизмаңыз болуп көрбөгөндөй жогорулап көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Эч ким сиздин сүйкүмдүүлүгүңүзгө туруштук бере албайт. Жакын адамыңыз менен мамилеңиз туруктуу, ишенимдүү жана гармониялуу болот. Бийкеч мырзалар бизнесте кыйынчылыктарга туш болушат, өзгөчө кымбат убактыңызды татыксыз адамдарга арнаганыңыз үчүн өкүнүп каласыз. Ден соолугуңуз начарлашы мүмкүн.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Маселе чечүүдө сиздин стандарттуу эмес мамилеңиз олуттуу натыйжаларды берет. Командаңыздын колдоосу эң тобокелдүү иш аракеттерде да ийгиликти камсыздаганга жардам берет. Абдан чоң милдеттенмелерди алып, убада бербей туруңуз, кийин ал ишти бүтүрө албай жаман көрүнүп каласыз. Тараза айымдар чындыкты түшүнүү үчүн башынан чоң сыноолорду өткөрүшөт. Ошондон кийин гана аларга руханий кыраакылык, адеп-ахлактык тазалык келет.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Максаттарыңыздын баары четинен ишке ашып баштайт. Бирок буга канааттанбайсыз, алдыда сиз күтпөгөн окуялар орун алат. Ар кандай баарлашууларга, таанышууларга ачык болуңуз, эң негизгиси токтоп калбаңыз. Жашооңузда күчтүү насаатчы пайда болот. Жаңы сүйүү мамилесин баштоодон карманып туруңуз, азыр ынгайлуу убакыт эмес. Чаян мырзалар алтынчы туюмуна ишенип иш баштаса өздөрү күткөндөй жыйынтык алышат, сезимдердин ресурсу сизде азыр абдан мол.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Эгер сиз жумуш алмаштыруу, кесиптик чөйрөңүздү өзгөртүү, жогорку окуу жайга өтүү тууралуу ойлонуп жатсаңыз - азыр аракетти баштаңыз. Кызматтык тепкичтен көтөрүлүп аброюңузду бекемдей аласыз. Аптанын башында олуттуу чечимдерди кабыл алууга үлгүрбөсөңүз, экинчи жарымында тоскоолдуктар жаралат. Андыктан чечүүчү маселелерди создуктурбаңыз. Айымдар кирешеңиздин кайсы бир бөлүгүн сулуулугунузга сарптоого убакыт келди.

 

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада энергияңыз, чыгармачылыкка болгон кызыгуу, алтынчы туюм жана жалпы сезимталдыгыңыз жогору болот. Тайманбай жаңы долбоорлорду баштап, ишенимдүү убада бере бериңиз. Күн сиз тарапка тийип жаткандыктан жеке жашооңузда да баары туруктуу жана гармониялуу болору күтүлөт. Жакындарыңыздын көптөн бери каалап жүргөн нерсесин сатып бериңиз. Диета кармап, арыктоону пландап жаткандар азырынча баштабай турушканы жакшы.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Руханий ресурстарыңызды толтурганды унутпаңыз, анткени сизде бул нерсе толук болсо бардык иштериңиз жүрүшөт, жолуңуз ачылат. Бирөөгө карыз алып бербей жүрсөңүз, эртерээк кутулуңуз. Мырзалар кайсы бир маселеде ийгиликке жетүү үчүн принциптерди аттаганга туура келет. Ишти баштагандан кийин оңой багынып бербеңиз, компромисске баруунун да кереги жок. Жеке мамиледе кыска сүйүү романды баштап жатсаңыз ал оюңуздан кайтыңыз. Аягы сиз ойлогондой бүтпөйт.

Балык
(20.02–20.03)

Медиа, социалдык тармак сыяктуу тышкы булактардан өзүңүздү чектеп, табият коюнунда сейилдегенден ырахат алыңыз. Өзүңүздү угууга, сырттан келген керексиз маалыматтардан тыныгуу алууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Бул нерсе алдыда баштачу олуттуу иштериңизге энергия топтогонго жардам берет. Ар кандай уюмдар менен иш кагаздарын даярдоо, документтерди тактап, келишимдерди түзүү үчүн ыңгайлуу учур. Жумушуңузда жакшы жаңылык күтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан