Дагы бир ири ГЭС курулмайын Кыргызда свет тартыштыгы жоюлбайбы?

Кыргызстан – дүйнөдө экологиялык таза энергиянын ири запасына ээ өлкөлөрдүн бири. Адистер эгер ресурсту туура иштетсе, мамлекет электр энергиясы менен өзүн-өзү камсыздап гана эмес, аны экспорттой да алат деп келишет. Ал эми реалдуулук мындай амбицияны тизгиндеп турат. Мисалы, быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң төмөнкү деңгээлге чукулдап, 20-мартка карата 7 миллиард 202 миллион метр кубду түздү. Эгер 6,5 миллиарддан ылдый түшсө авариялык абал жаралып, өлкөнүн көзгө басар ГЭСи токтошу мүмкүн. Ушунун алдын алуу үчүн акыркы айларда өлкө боюнча свет өчүрүүлөр болууда. Алдыдагы жылдарда абал кандай болот? Суу тартыштыкка табият гана “күнөөлүүбү” же башка жагдайлар барбы? Светтин баасын кымбаттатуу менен тармакты кризистен сууруп чыгуу планы канчалык реалдуу? Ушул суроолорго эксперттер менен бирге жооп издедик. 

Замирбек Маматов, Энергетика министрлигинин алдындагы Тариф жана бааны жөнгө салуу башкармалыгынын башкы адиси: «Бааны көтөрүү көйгөйдү чечүүгө жардам берет»

– Энергетика тармагындагы жалпы абал, негизи эле тарифтердин көтөрүлүшү бизде кубаттуулуктун жетишсиздиги менен мүнөздөлөт. Алсак, учурда биз колдонуп жаткан ири энергетикалык объектилер, ГЭС жана ЖЭБдердин баары СССР кезинде курулган. Нарын дарыясында эң биринчи болуп курулган кубаттуулугу 180 мегаватт (МВт) болгон Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы, кийинки ГЭСтер 1970-80-жылдары курулган. Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары, трансформатордук подстанциялар жана башка жабдыктар эскирди. Азыр бизде кубаттуулук (распологаемая мощность) 3500 мегаваттын тегерегин түзөт. Дефицит 500 мегаватт болуп жатат. Керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. 2024-жылдын 1-январына карата абоненттердин саны
1,5 миллиондон ашты. Электр энергиясына болгон таңкыстык “Камбар-Ата-1” ГЭСи ишке кирсе чечилет деп жатабыз. Анткени аталган ГЭСтин кубаттуулугу 1865 мегаватты түзөт. Бул биздин энергетика тармагын өнүктүрүп, техникалык мүмкүнчүлүгүн, экономикалык абалын кескин жогорулатат. Жадакалса электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылат.

Тарифтердин көтөрүлүшү боюнча, бүгүнкү күндө калк үчүн электр энергиясынын тарифтери социалдык багыттагы болуп саналат. Тагыраагы, өзүнүн реалдуу наркынан бир топ төмөн экенин айтып келе жатабыз. Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта электр энергиясынын баасын көтөрүүнү сунуштадык. Баанын көтөрүлүшү энергетика тармагындагы кубаттуулук жетишсиздигин чечүүгө жардам берет деген ниеттебиз.

Бекбоо Маматбеков, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги: «Майда ГЭСтер Токтогул ГЭСинин чыңалуусун азайта албайт»

– Энергетика тармагыбыздын азыркы абалга келишине мурункулар күнөөлүү. Эгемендүүлүк алдык деп эле эйфорияга батып тайраңдап жатып, бул тармакты унутта калтырдык. Биз гидропотенциалы аябай жогору өлкөбүз, бирок тиешелүү иштер убагында жасалган жок. Энергетика тармагы унутулуп, тонолуп, таланып калган кездер болду, Энергетика министрлигин жоюп жиберген учурларды да көрдүк, электр энергиясын жоготуулар, уурдоонун пайыздык көрсөткүчү кезинде 40 пайызга чейин жетти. ГЭСтердин жабдыктары эски, тарпы чыгып бүттү. Ошонун баарына каражат керек да. Биз бул маселени  тарифтерди көтөрүү менен гана жоё алабыз. Элестеткиле, кандай ишкердик болбосун чыгашасы кирешесин жабыш керек да, туурабы?

Мисалы, нан 2014-жылы 10 сом болсо, учурда 25 сом болду, электр энергиясы деле ошондой товар. Бизде энергетика тармагында, тескерисинче, артыбызга кетип, электр энергиясын башка өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Биздикиндей арзан тариф эч бир өлкөдө жок. Кыргызстан боюнча
17 миң энергетик иштейт, алардын айлык акысы, жабдыктар чет өлкөдөн алынат, аларды сатып алууга каражат кайдан келет? Тарифти шайлоолордо саясатка да айландырып жүрүшпөдүбү. Убагында бааны 10-15 тыйындан көтөрүп турушканда азыркы кризис болмок эмес. “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруп бүтүшүбүз керек, калган майда-чүйдө ГЭСтер Токтогул ГЭСинин чыңалуусун жеңилдете албайт. Кийинки муунга энергетика тармагынын таш-талканын чыгарып бербейли десек, азыр чечкиндүү кадамдарга баруу зарыл.

Жанар Акаев, депутат: «Карызга алынган акчалардын көбүн энергетикага иштеттик, бирок оңолгон жок»

– Энергетика тармагын кризистен чыгаруунун бир жолу – ким чакан ГЭСтерди курам, күндөн, шамалдан энергия ала турган ишканаларды ачам десе, мамлекет аларга аянбай насыя бериши керек. Алайдынбы, Нарындынбы, биздин бардык суулар колдонууга жарайт. Мына шаркырап эле Казакстан менен Өзбекстанга агып кирип жатпайбы. Адистердин айтымында, биз өзүбүздөгү агын суунун 10 пайызын гана ГЭСтерде колдонуп жатабыз. Демек, чакан жана ири ГЭСтерди курууну колго алышыбыз керек. Электр жарыгына болгон баанын көтөрүлүшү абдан талаштуу маселе. Энергетика тармагында бүт инфраструктура талкаланып бүттү да. Эми аларды калыбына келтирүү үчүн бааны көтөрүп жатышат. 1-майдан тарта 11 тыйын кошулат деп жатышпайбы. Эгер баа көтөрүлө турган болсо өкмөт себебин негиздеп бериш керек. Эмне үчүн көтөрүлүп жатат, андан кийин элге кандай шарттар түзүлөт, жарык өчпөйбү, ушунун баарын карап чыгуу зарыл. Мисалы, биз тышкы карызды эң көп Кытайдан жол курууга, анан энергетика тармагына алганбыз. Энергетика тармагына миллиарддаган долларлар кетти, тармак оңолуп кеткен жок. Ошол каражаттар кайсы иштерге жумшалды? Бул суроого ким жооп берет деген маселе турат.

Электр энергиясын соргон майнинг фермалар

2023-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (ред.: мурдагы Финпол) өлкөдө мыйзамсыз иш жүргүзгөн бир нече майнинг фермалар табылганын жарыялаган. Ал эми Министрлер кабинети өлкөдө мыйзамдуу иштеген 2 гана майнинг ферма бар деп келет. Энергетика министри Таалайбек Ибраев былтыр маалымат жыйынында майнинг фермалар электр энергиясын Казакстандан сатып аларын айткан. Көп өтпөй Казак тарап бул маалыматты четке кагып, "Казакстан экспорттоп жаткан электр энергиясы Кыргызстандын мамлекеттик мекемелерине сатылат, Кыргыз тарап андан ары аны кантип бөлүштүрөрүн өзү чечет" деп билдирген. Мындай билдирүүдөн кийин Энергетика министрлиги майнинг фермалар электр энергиясын Казакстандан эмес, Орусиядан сатып аларын билдирген. Мындай эки ача билдирүү коомчулукта сын, шектенүү жараткан.

Статистика сүйлөйт

Кыргызстандын электр энергия керектөөсүнүн дээрлик жарымын камсыздаган “Камбар-Ата-2” ГЭСи 1975-жылы ишке кирген. Анын кубаттуулугу акыркы модернизациядан кийин 1320 мегаваттка жетти. Өлкөдө жалпы 7 ГЭС иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 жана Ат-Башы ГЭСтери. Мындан тышкары Бишкек жана Ош жылуулук электр борборлору иштеп электр кубатын өндүрөт. Булар жылына 14 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Ал эми Кыргызстан жылына 17 миллиард киловатт-саат электр энергиясын пайдаланат. Ортодогу таңкыстыкты жабуу үчүн мамлекет Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн электр кубатын импорттоп келет. Азыркы бийлик 2026-жылдын соңуна чейин өлкөгө 48 чакан ГЭС, күн жана шамалдан энергия жаратуучу 15 станция курулат деп убадалап жатат. 

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан