Айыма & Элима:  «Моделинг – биздин хоббибиз, окууга жолтоо болбойт»

Белгилү ырчы, телеалпаруучу Анжелика Кайратованын кыздары Айыма жана Элима “алма дарагынан алыс түшпөйт” дегенди дагы бир жолу далилдешти. Алсак, Айыма ырчы катары өзүнүн тушоо кесүү концертин берүүгө жетишсе, Элима моделдик чөйрөдө өзүн сынап жүрөт. Таланттуу кыздар кызыгуулары, күйөрмандарынан келген белектер, апасынын тарбиясы, эже-сиңдилик мамилеси тууралуу кызыктуу маек куруп беришти.

 

– Кандайсыңар, Айыма, Элима? Жаз келип, сыртта аба ырайы сонун. Маанайлар кандай, бүгүн күн кандай башталды?

Айыма: – Куш келдик. Бүгүн эртең менен Элима экөөбүз саат 08:30да турганбыз. Саат 12де съёмкаларыбыз бар болчу. Ал жактан чыгып эле сиздерге келдик. Табият сонун, күн жылуу, маанай беш. Негизи эле мага жаз мезгили аябай жагат.

Элима: – Ар бир мезгилдин өз керемети болот эмеспи, мага жай мезгили аябай жагат. Үй-бүлөлүк эс алуулардын көбү жай мезгилине туура келгендиктен жакса керек.

– Акыркы учурда моделдик менен алектенип, көптөгөн бренддерди жарнамалап жатканыңарды көрүп жүрөбүз. Ишиңер окууңарга жолтоо болбой элеби?

Э.: – Окуубузга жолтоо болбойт, анткени моделингге биз эс алуу күндөрү гана 1-2 саатка чыгабыз. Бул интервьюну да эс алуу күндөрүнө пландаганыбыз ушундан. Моделдей болуп баскан-турганды кичинемден апамды көрүп эле үйрөнүп алгам. Хоббибиз менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан апама рахмат айтат элем.

А.: – Ооба, жарнама берүүчүлөр менен апам өзү макулдашып, такташып, биздин убакытка төп келдирип уюштурат.

– Айыма, сен быйыл мектепти бүтүп жатасың, кайсы кесиптин ээси болгуң келип жатат?

А.: – Жеке ишкердикке аябай кызыгып жүрөм. Буюрса, мектепти бүтсөм Дубайда бизнес жаатындагы окуу жайга тапшырсамбы деген максатым бар. Эмне үчүн Дубай? Анткени коопсуз өлкө, өнүгүү жолу кызыктуу. Чет өлкөдөн окуу тууралуу максатымды апам да колдоп жатат. Учурда экзамен, тесттерди тапшырууга даярдыктар күчүндө. Анан бүтүрүү кечесине даярдыктар да кызуу башталды.

– Жакшы. Кичине кезиңерден тартып элдин көз алдында чоңойдуңар. Белгилүүлүктүн артыкчылыктарын жана кемчиликтерин айтып берсеңер...

А.: – Биз үчүн артыкчылыктары көбүрөөк болду. Көптөр көргөн жерден батасын берип, жылмайып, жакшы сөздөрүн айтышат. Ал эми кемчилиги – бул социалдык тармактарда жазылган ар кандай кептер болсо керек. Бийлегенибизге, кийингенибизге ар нерсе деп жазышат. Биз ар бир колдонуучунун пикирин сыйлайбыз. “Элима тигиндей, Айыма мындай экен” деп экөөбүздү салыштыргандар болот. Чынын айтсам, сиңдим экөөбүздүн ортобузда атаандаштык жок, ал менден ашып ийгиликтүү болуп кетсе сүйүнөм. Биз бир тууганбыз, ата-энебиз бир, бири-бирибиздин ийгилигибизге кубанабыз.

Э.: – Ооба, биз апама сөз тийбесин деп дайыма жүрүм-турумубузду көзөмөлдөп, туура жүргөнгө аракет кылабыз. “Анжелика кыздарына мыкты тарбия бериптир” деп айтып калышат көбү, мындай сөздөр бизге мотивация берет.

– Элима, кичинеңде томпойгон кыз элең, кийин эле суйкайып чыга келдиң көздү кубантып?..

Э.: – Рахмат. Мени кичинемде көбү “томпошка” дешчү. Бирок кийин боюм өсүп, ашыкча салмактын баары боюма кетип калды окшойт. Азыр боюм 179 сантиметр, мектепте 7-класста окуп жатам. Учурдагы элдин назары, колдоосу, айтылган жакшы сөздөрү мени аябай сүйүнтөт.

– Апаңар бир ордунда турбайт. Ал чет өлкөдө болгондо силерди кимге табыштайт?

А.: – Негизи, апам бизге ишенет. Бирок коопсуздугубуз үчүн дайым тынчсыздангандыктан таянеме, таякеме же башка эжелерибизге табыштап кетет.

– Бир тууган эже-сиңдилер арасында мамилеңер кандай?

А.: – Биз 3 бир тууганбыз да. Элима менен Айлинка бир толкунда жүрүшөт. Сабактан кийин дайыма чогуу, экөө жыргап, каткырып эле отура беришет. Элима экөөбүздүн мамилебиз курбулардай, бири-бирибиз менен жакшы сырдашабыз. Элима бетке-бетке сүйлөйт, мисалы, мен бирөөгө бир нерсе айта албай ыйлагым келип туруп калсам, Элима дароо менин ордума жообун берип, коргоп калат. Бир үй-бүлөдө жашагандан кийин пикир келишпестиктер да болот. Таарынычыбыз 5 мүнөттүк эле. Айрымдардай болуп бир күн бою таарынып жүрө албайбыз. Кээде тамашалап же урушканыбызды унутуп калып эле сүйлөшүп кетебиз. Үйдө көбүрөөк жоопкерчилик чоңунда болот эмеспи. Азыр Элимага "үй жыйна, тамак жаса, мен кетсем ушул иштердин баары сага калат" деп айтып жатам.

– Таланттуу кыздарга мектепте ашык болгон балдар да көп болсо керек?

А.:  – Ооба, майрамдарда бизге таттууларды, гүлдөрдү жөнөткөнгө аракет кылышат. Бирок биз ар бир белекти абайлап алабыз. Анткени бизге келген белектерди апабыз көзөмөлдөп турат. Элима да көзгө көрүнүп өсүп келе жатат. Дагы бир жылдан кийин күйөрман жигиттери көбөйөт, мен четте эле калат болушум керек (күлүп). "Сенин дооруң эми келет" деп өзүнө да көп айтам.

– Апаңар “кыздарга катуу тарбия керек” деп айткан эле. Силер үчүн бир жакка суранып кетүү маселе жаратабы?

А.: – Апамдын чектөөлөрүн биз билебиз, ар бир баскан-турганыбызды ага айтып турабыз. Бир жакка суранып чыгарда үй жыйнаганыбызды, тамак жасаганыбызды, бардык иштерди бүтүрүп койгонубузду айтып, сүрөткө тартып жиберип, анан барабыз.

Э.: – Бул нерсени катаал тарбия деп эсептебейм, өзүбүз үчүн пайдалуу нерселер. Апам биздин жакшы адам болушубузду гана каалайт.

– Дарегиңерге жазылган негативдүү комментарийлер маанайыңарды түшүрөбү?

А.: – Мындан 2 жыл мурун салмак кошком, ошондо баары менин кебетем жөнүндө жазып башташкан. Бирок андай сындар болбосо мен учурдагы комплименттерди укпайт болчумун. Демек, алар алдыга умтулууга жардам беришти. Ар бир кризистин артынан пайдалуу нерсени жасаса болот.

– Кыздар канча жашында турмушка чыгууга даяр болуп калат деп ойлойсуңар?

Э.: – 23 жаш турмушка чыгууга эң сонун курак деп ойлойм.

А.: – Кыз өзү качан даяр болгондо чыгышы керек. Кээ бир кыздар 18 жашында эле, айрымдары 35ке чыкканда даяр болот, так айта албайсың да. Жеке мен окуумду бүтүп, дипломумду колго алып 24-25 жашымда турмушка чыккым келет.

– Силер турмушка чыга турган жигит сөзсүз кыргыз болушу керекпи?

А.: – Сөзсүз эмес, бирок каалоого жараша кыргыз болсо жакшы болмок (күлүп).

– Мүнөзүчү, кандай болушу керек?

А.: – Ак көңүл, жоопкерчиликтүү, сөзүнө турган адам болушу кажет.

Э.: – Бою сөзсүз менден узун, 179 сантиметрден жогору болушу керек. Анан юморду түшүнө билген адам болсо дейм.

– Жакшы, ийгилик каалайбыз! Бар болгула!  

 

Лунара Бекиева 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан