12 балалуу ата-эне: «Кудай көп бала берсе,демек, аларды кантип багуунун жолун да көрсөтөт»

Азыркы заманда 12 балалуу болуу сейрек кездешкен көрүнүш. 12 эмес, 4 баланы көп деген коомдо жашап жатабыз. Ошондуктан 7 балалуу энелер Баатыр эне аталып, аларды мамлекет камкордукка алып жатпайбы. Каармандарыбыз Алмаз Абдыкадыров менен жубайы Үмүт Кулназарова кырктын кырында 12 балалуу болушкан. Баланын күлкүсүнө толгон алардын үйү Кеминдин Орловка шаарчасында. Алардыкына барып көп балалуу жубайлардын жашоо образы, максаттары тууралуу кенен маектешип кайттык.

Алмаз Абдыкадыров: «Мектепте анкета толтурганда 10 балалуу болом деп жазчумун»

– Келинчегим Үмүт Токтогулдан, мен Ат-Башыдан болом. Жубайым экөөбүз 2003-жылы 20-июнда ал 17, мен 21 жашымда баш коштук. 20 жыл ичинде 12 балалуу болдук, тилекке каршы, бир кызыбыз кичинесинде чарчап калган. 19 жаштагы улуу кызыбыз турмушка чыгып, өз алдынча бүлө куруп кетти. Азыр 10 бала менен бапырап, аларга татыктуу тарбия берүү аракетиндебиз. Окуучу кезде мектепте баары эле анкета толтурса керек. Ошол анкетада “канча балалуу болгуң келет?” деген суроого тамашалап такай “Кудай буюрса, 10 балалуу болом” деп жооп жазчумун. Көрсө, Жараткан оозуңа сала берет тура, 12 балалуу болдук. Көптөр бизге “азыркы заманда бала багуу оңой эмес, жакшылап ойлонгула” деп кеңеш айтышты. Кээде жубайым экөөбүз “эмне кылалы?” деп бири-бирибизди карап отуруп калган күндөр болду. Келинчегимдин тандоосуна эле макул болдум, “төрөйсүң” деп кыйнаган жокмун, “ден соолугуңа, өзүңө кара” дедим.

Үмүт Кулназарова: «Абортко караманча каршымын»

– Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө эле “көп балалуу болобуз” дей берчү. Баш кошкондон кийин 18 жашымда улуу кызымды төрөдүм. Эң эле эсте калган төрөт биринчи жана акыркы балаң болот окшойт. Биринчим да, акыркым да кыз болгондуктан, атасы өзгөчө сүйүнгөн. 12-балабызды төрөп, кечээ жакында эле төрөтканадан чыктым, дагы деле ысым коё элекпиз. Кеңешип бир чечимге келе албай жатабыз. Эркектер эркек баланы жакшы көрөт деп айтып коё беришет, бирок биздин атабыз кыздарына жакын. Учурда 7 кыз, 4 эркек балабыз бар, кыздарымдын баары атасын кучактап, өпкүлөп, уктап калса үстүнө жууркан жаап, атасы дастаркондон нан ооз тиймейинче чай ичпей күтүп отурушат. Көп балалуу болгонубуздун себеби – мен абортко караманча каршымын. Бир да жолу аборт жасаткан эмесмин жана бул үчүн өкүнбөйм. Ар бир баланы Кудай ырыскысы менен берет. Үйүбүзгө тияктан-бияктан эле киреше, ырыскы кире берет.

«5-6 балалуу болгуча батирлеп жашадык»

– Жубайым экөөбүз 5-6 балалуу болгуча батирлеп жашаганбыз. Бир жолу Бишкектен Кеминдин Орловка шаарчасына тааныштардыкына конокко келип калдык. Тааныштарыбыз “ушул жерде эле жашап турбайсыңарбы? Үйлөр арзан, батир акысы да чөнтөккө чак” деп сунушташты. Ошентип Орловкада бир байкенин үйүндө 1500 сомдон төлөп 6 жылдай батирде жашадык. 2011-жылы туугандардын жардамы менен азыркы жашап жаткан үйүбүздү 6 миң долларга сатып алдык. Көп балалуу үй-бүлө деп айыл жаштары, активисттер жардам беришет, пандемия учурунда аябай көп жардам келди. Өкмөт жөлөкпулун берет, өзүм аркы-берки жактан “шабашка” жумуштар чыкса иштей коём, кээде достордун унаасын сурап такси кылам, колдон келген ишти жасай берем. Айтор, шүгүр баарына, Кудай сага 12 бала берсе, аларды кантип багуунун да жолун көрсөтөт демек. Көп балалуу болгондон эч коркпош керек.

«Бир балабызды үйгө унутуп кетип калыптырбыз»

Ү.К.: – Көп балалуу үй-бүлө катары айыл өкмөттүн тизмесинде турабыз да. Майрамдарда, мисалы, республикалык балатыга балдарга билет беришет. Бир жолу 8 баламды ээрчитип Бишкекке балаты майрамына бармай болуп, жолдон бир кызыбызды таппай калдык. Балдарым менен таппай издеп жүрөбүз, тиякка чуркайбыз, биякка чуркайбыз, көрсө, үйгө унутуп кетип калыптырбыз. Ошондон кийин дайыма бир жакка чыкканда балдарды толуктап санап турам. Балдарым өтө деле тентек эмес, кээ бир тааныштарымдыкына барып калсам, үч эле баласы үйүн үч көтөрүп ташташат, аларга караганда биздин 10 балабыз тынч. Үйгө конок келсе, жарым саатта көптөп боорсок бышырып же тамак жасай коёбуз. Мектепке деле бири-бирин кийинтип кетишет, сабактарын да бирге даярдашат, аябай ынтымактуу.

«30 жашка чейин эрте үйлөнгөнүмө өкүнүп жүрдүм»

А.А.: – Эрте үйлөнгөндүн жакшы жери – балаң өзүң менен тең чоңоюп калат экен. Азыр үй иштерин улуу балдарым эле жасайт. Кээде өзүм сарайдан балта, орокту таппай балдарымдан сурап калам. Балаң чоңойсо колуң узарып, үй иштеринен деле оолак болуп калат экенсиң. Чынын айтсам, 30 жашка чыккыча эрте үйлөнгөнүмө өкүнүп жүрдүм. Досторго чалып “каяктасың?” десем “кафеде, клубда эс алып жүрөбүз” дешсе ичим күйүп, алар менен кошо баргым келе берчү. Бирок азыр балдарым чоңойгонун көрүп, тескерисинче, сүйүнөм. Жашым 40та эле, бирок куда күтүп, кызымды күйөөгө бердим. Улуу балам лицейде окуп жатат, 6 балам мектепте окушат, калган кичинекейлери апасы менен үйдө. Адамдын бактысы үй-бүлөсү жана анын амандыгында деп билем. Калган жыргалчылыктар экинчи орунда мен үчүн.

 «Балдарымды сөзсүз аскерге жөнөтөм»

– Көпчүлүк “мамлекет мага эмне кылып койду?” деп көп айтабыз. Бизге берилген жөлөкпул, карыларга, майыптарга берилген пенсиялардын баарын мамлекет берип жатат да. Мен эркек балдарымды сөзсүз аскерге жөнөтөм, бул мамлекет алдындагы биздин карыз. Максатым – ушул балдарым зээндүү, акылдуу болуп чоңоюп мамлекетибиздин бир учун тарткан уул-кыздар болушса дейм. Биздин үй 20 жылдан кийин чоң шаарга айланат. Азыр деле бир жакка барганда унаага батпай кыздар апасы, балдар мени менен кетишет. Колдон келишинче жокчулукту билдирбей өстүргөнгө аракет кылып жатам. Бирок чоң үй-бүлөнү багуу чоң жоопкерчилик экен. Мисалы, биз бир айда 2 мүшөк ун, 10 литр май коротобуз. Картошка кууруп жеш үчүн бир чака картошка аарчыйсың, бир лоток жумуртканы бир отуруп кууруп жеп салабыз, айтор, 12 адамдын тамак-ашы, окуудагы кем-карчы деле оңой эмес. Бирок ага карабай көп балалуу болгусу келгендерди шыктандырып турам. Балаң көп болсо кайдан-жайдан эле ырыскы келе берет, кээде күтпөгөн жакшылыктар болот. Мен муну Кудайдын ырыскысы деп түшүнөм.

Лунара Бекиева 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан