Саясат жаңылыктары

1-майдан тарта светтин баасы кымбаттайт

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-майынан тарта бардык категориядагы колдонуучулар үчүн электр энергиясынын баасы көтөрүлөт. Энергетика министрлигинин маалыматына таянсак, айына 700 киловатт-сааттан ашпаган көлөмдө электр энергиясын пайдалангандар үчүн тариф 110,8 тыйынды (1 сом 11 тыйынга жакын), 700 киловаттан ашкандан тарта ар бир киловатт-саат үчүн 239,3 тыйынды (2 сом 40 тыйынга жакын) түзөт. Учурда элдин калың катмарына 1 сом жана 2 сом 16 тыйын (700 киловатт-сааттан ашкандан кийин) деген тарифтер иштейт.

Буга чейин жакыр үй-бүлөлөр электр энергиясына 50 тыйындан төлөп келишсе, 1-майдан тарта 55,4 тыйындан төлөй башташат. Ал эми электр кубатын чектөөсүз колдонгон категориядагылар учурда 3 сом 27 тыйындан төлөп жатышса, эми 3 сом 63 тыйындан төлөп баштамакчы. 1-майдан тарта өндүрүш тармагы 3 сом 18 тыйындан (учурда 2 сом 87 тыйын), электр транспорту жана диний уюмдар 2 сом 12 тыйындан (учурда 1 сом 91,4 тыйын), бюджеттик мекемелер 3 сом 76,7 тыйындан (учурда 3 сом 40 тыйын) төлөөгө өтүшөрү маалымдалды.

Электр энергиясынын баасы жыл сайын көтөрүлүп турарын Энергетика министрлиги былтыр эскерткен.

Эдил Байсалов Израилди Газадагы геноцидди токтотууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Израилди Газа тилкесин талкалоону токтотууга чакырды. Мындай билдирүүнү Байсалов 18-мартта Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган иш-чарада жасады. 

– Алты айдан бери дүйнө Газа калкынын методикалык түрдө жок кылынышына күбө болууда. Буга чейин 13 миң бала каза болгон, БУУнун 165 кызматкери, 95 журналист набыт болду. Алардын көбү атайылап өлтүрүлгөн, мунун баары документтештирилди. Эки миллион палестиналык ачарчылыктан жапа чегип, дүйнө эч нерсе кыла албай жатканын көрүп жатабыз. Кыргызстан терроризмди айыптайт. Октябрда биз Израилдин жарандарына кол салууну айыптаганбыз, Израиль элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз. Бирок жөөт өкмөтүнүн өзүн эл аралык укуктан жана БУУдан жогору коюуга укугу жок. Кыргызстан эл аралык коомчулукту жана биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү АКШны бул геноцидди токтотууга чакырат,- деди Байсалов.

Эскерте кетсек, Израиль армиясы менен палестиналык күчтөрдүн ортосундагы куралдуу жаңжал 2023-жылы 7-октябрда башталган. АКШнын аскердик колдоосуна ээ Израиль Газа тилкесин жарым жылдан бери талкалап, миңдеген бейкүнөө адамдар каза болуп жатышат. Кыргызстан буга чейин Палестинага гуманитардык жардам жөнөткөн.

Өлкөнүн карызы учурда 6 миллиард 280 миллион доллар

2023-жылдын жыйынтыгында, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 280 миллион 54 миң долларды түздү. Же 559 миллиард 503 миллион 58 миң сом. Каржы министрлиги жарыялаган маалыматка таянсак, тышкы карыздын суммасы 4 миллиард 545 миллион 11 миң доллар (404 миллиард 683 миллион 78 миң сом). Ал эми ички карыз 1 миллиард 570 миллион 88 миң доллар (139 миллиард 866 миллион 65 миң сом).

2023-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз Кыргызстандын ички дүң продукциясына карата 45,53 пайызды түзгөнүн билдирет аталган министрлик.

Белгилүү болгондой, Кыргыздын тышкы карызынын ири бөлүгү Кытайдын Экспорт-импорттук банкына туура келет (1,7 миллиард доллардан ашык).

2024-жылдын январь айында Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 2 миллиард 718 миллион сом жумшаганы расмий маалымдалган. Учурда Кыргызстан акыркы 30 жылда алынган карыздарды төлөөнүн эң оор этабында турат. Быйыл эле мамлекеттик карыздарды жабууга 400 миллион доллар, 2025-жылы 430 миллион доллар, 2026-жылы 390 миллион доллар жумшалууга тийиш экени айтылган. Мындай абал 2030-жылга чейин уланат деп күтүлүүдө.

Прокурорлор Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жазадан бошотууну сурашты

19-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму өттү. Мадумаровдун жактоочусу Кубанычбек Тумановдун айтымында, жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочулар "Адахан Мадумаров күнөөлүү деп табылсын, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулсун" деп өтүнүч келтиришти. Эми экинчи тараптын жарыш сөзгө чыгары күтүлөт. Туманов кийинки сот отурумдарында аталган иш боюнча сот өкүмү чыгып калышы мүмкүн экенин маалымдады.

Эскерте кетсек, Адахан Мадумаров "2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча Кыргыз тараптын кызыкчылыгына каршы келген протоколго кол койгон" деп айыпталып жатат. Ошондой эле ага 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон жарандын арызынын негизинде да кылмыш иши козголгон.

Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалып, камакка алынган. Саясатчы жана анын тарапташтары ага козголгон кылмыш ишин “саясий кысым” деп келишет.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан