Ишен Назаров, ырчы: «Апам мага автоунаа алып бергенде абдан сүйүнгөм»

... Кайгымды тарттың теңселип,

Карыздар ким бар менчелик? 

Жүк болгон күнүм эстесем,

Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп...

Апаларга арналган ушул “Апакем” ырынын аткаруучусу, ырчы Ишен Назаров бул жолу апасы тууралуу баян кылат. 

«Апамдын таарынганы да сүйкүмдүү»

– Кутманым, апакемдин ысымы Алымкан. Учурда 68 жашта, сегиз баланы чоңойтуп өстүргөн Баатыр эне. Чындыгында, мурунку замандын апаларынын баары баатыр, сегиз баланы төрөп, чоңойтуш кыйын иш экенин түшүнүп калган куракка келдик окшойт. Апам балдардын тарбиясы менен алек болуп эч жерде иштеген жок. Үй-бүлөдө 3 кыз, 5 уулбуз, мен ата-энемдин жетинчи баласымын.

“Апа” дегенде эле көз алдыма айылдагы үйдүн жылуулугу келет. Албетте, мээримге бөлөнгөн, оюнга тойбогон балалык курагым элестейт. Апамдын дайыма үйдө болгонуна көнгөнбүз да, бир күн эмес, эки-үч саатка эле үйдө болбой калса үй жарыксыз калгандай, от жагылып турса деле муздактай сезилип кетет. Апамдын мүнөзү бир сонун. Эч бир адамдын көңүлүн оорутуп жаман айтканын көрбөдүм. Жоош, ак көңүл, кээде эле таарынып калганы болбосо. Тиричилик түйшүгү менен жүрүп бошобой, телефон чалбай калган күндөрүм болот. Андайда апам “ай, деги сенде апа бар беле?” деп таарынып калат. Ошентип таарынганы да сүйкүмдүү. Мүнөзүм апама же атама окшошпу билбейм, апама окшошмун десем, атам таарынып калбасын (күлүп). Негизинен, экөөнүн тең сапаттарын алган мүнөзүм бар.

«Татыктуу чоң белек бере элекмин» 

– Апам мага көп эле белек берди. Бирок эсимде калган чоң белеги – биринчи унаам болгон. Мен 11-классты бүткөндөн кийин апамдын үч кызы турмушка чыкты, үч уулу үйлүү-жайлуу болуп өз алдынча бөлүнүп түтүн булатып кетишти. Менден кийинки иним да иштегени Орусияга кетип калды. Ошондо атам менен апамдын колунда кала турганы мен боло турган болдум. Машина айдаганга аябай кызыкчу элем, бир күнү апам демилге көтөрүп мага машине алып бермей болушту. Азыр ойлосом, мени бир нерсеге кызыктырып айылда алып калыш керек болгон окшойт (күлүп). Атама айтпай, иши кылып бир жолун таап, апам мага автоунаа алып берген. Ал окуя мен үчүн ушундай бир чоң сүйүнүч болгон, азыр эстесем бир жылмайып алам. Бирок апамдын ал “долбоору” ишке ашпай, кийин мен да шаарга кетип калбадымбы (күлүп). Мен болсо апама азыркыга чейин чоң белек бере элекмин. Эми белектерди берип эле жүрөбүз, бирок апама татыктуу чоң белек кыла элекмин го деп ойлойм. Айылга барганда белек-бечкек алып барсам аябай сүйүнүп калат. Белекке эле эмес, телефон чалып ал-жайын сурасак деле сүйүнөт. “Мага ушинтип телефон чалып кабарыңарды билдирип, аман-эсен жүрсөңөр эле болду” деп калат. Апамды кубанта турган абдан чоң нерсе кылсам деген ойлорум бар, буюрса, ал күн да келет. 

«Апакем» деген ырымды биринчи жолу радиодон уккан»

– Бала кезде абдан тентек элем. Мисалы, бир жакка бир нерсе сурап кел деп жиберсе, жолдон балдар жолугуп калат. Аларды көргөндө апам мени эмнеге жибергени эстен чыгып, достор менен ойноп кетип калам. Анан кечке маал оюн бүткөндө үйдөн эмне жумуш боюнча чыкканым эсиме түшөт. Алаңдап үйгө барсам, апамдын зыпылдаган чыбыгы даяр турат. Анан зыпылдаганда так секиргенди сурабаңыз (күлүп). Бирок ошого жеткирчү элем. Аны азыр өзүм балалуу болгондо сезип жатпаймынбы. Апамдын чыбыгы бизге майдай эле болгон экен да.

Мени элге белгилүү кылган “Апакем” деген ыр болду. Апам бул ырдын даяр эстрадалык вариантын уга элек болчу. Ошол кезде мени бир радиого интервьюга чакырып калышты. Үйдөгүлөргө “түз эфирден чыгам, радиону угуп тургула” дедим. Апам ал ырды ошол радиодон ырдаганымда укту биринчи жолу. Негизи эле апамдын маңдайында туруп ага арнап ырдаш мага бир аз кыйыныраак болчу. Тартындым эмнегедир, эмоциямды башкара албай каламбы деген ойлор келчү. Ошентип апам ал ырды радиодон уккан. Аябай сүйүнүп, “бардык энелерге арналган мыкты ыр болуптур” деп батасын берди.

“Апаңа азыр кат жазсаң эмнелерди жазмаксың?” деп сурап калдыңыз. Элестетиш кыйын экен (күлүп). Азыр телефон аркылуу байланышканга көнүп калдык да, кат жазууну элестетиш кыйын го. Эгер апама кат жазсам... “Апа, мен сизге, эң биринчиден, ден соолук тилейм. Сиздин балаңыз болуп калганым үчүн бактылуумун, ыраазымын сизге! Сиз ушунчалык күчтүү аялсыз, мен ушуга чейин сиздин күчүңүздүн деми менен жашап келе жатам. Сегиз баланы төрөп чоңойткон эбегейсиз эмгегиңиз үчүн таазим! Эч качан оорубаңыз, атам менен дагы көптөгөн жакшы күндөргө күбө болуңуздар. Биз сизди аябай жакшы көрөбүз...” Ушинтип жазмак болушум керек. Чындап колго калем алып кат жазыш керек болуп калса, анда мындан да сонун кылып сөздөрдүн гүлүн терип жазмакмын...

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан