Жоголгон жылдар...(Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бул күнү Айзада менен Аман сайттын ачылышын белгилеп спирттик ичимдикке мас болуп калышкандыктан, социалдык тармактагы талкууларды көрүшкөн жок. Барда экөө түнү бою отурушуп, үйгө таң сүрүп калганда араң келип жатышты. Эртеси түшкө маал Аман ойгонду. Туруп телефонун издей баштады. Үйдүн ичинен таппай машинаны көздөй жөнөдү. Телефону кубаты өчкөн бойдон унаада калыптыр.

– Ту-уй, ата, тоону томкоруп салгансып мынча эмне ичкенбиз?- деп сүйлөнүп алып үйгө кирди. Үйгө кирсе Айзада ойгонуп калыптыр.

– Жаңылыктарды көрдүңбү? Бир түндө интернет желеси биздин сайт жөнүндө гана талкуу кылыптыр. Кызылдар бизди таап алса жаптырып тынат го,- деди Айзада.

– Ошончолук болуп кетиптирби? Бир түндө ошончо кишинин көңүлүн бура алыптырбыз да? Домен Орусиядан алынды да, бизди таба коюшпаса керек,- деген Аман телефонун жандырып интернетти карады. Ал чынында бир түндө мындай дүң жаратарын күткөн эмес.

Сайт аркылуу түн ичинде келген буюртмаларды карап чыкты.

– Айзада эже, элестетиңиз, түндө кыздарга эмес, жигиттерге көп буюртма болуптур. Карасаңыз, бул жигит түндө 3 буюртма алыптыр.

– Койчу, эркектерге дагы суроо-талап болот бекен?- деген Айзада Амандын жанына келип, телефонуна үңүлүп калды.

– М-м, күткөн эмесмин. Бирок келишимдүү жигит турбайбы.

– Ооба, анысы бар. Бул жакты караңызчы, иштейбиз деп анкеталарын толтуруп жөнөткөндөр да эркектер экен. Акчасын салгандарды сайтка жарыялап коёлу.

– Эркектер дагы мындай кызмат көргөзүп акча таап баштаган турбайбы, кыздарга эле асылып отурушчу эле го. Жөн кой, ушул сайттан эл дагы көрүп, кыздарга асылганын токтотсун,- деп жини келе сүйлөдү. Мындай асылууларды көп башынан өткөргөн Айзада.

– Өзү мен деле мурун кыздар эле денесин сатат деп ойлочумун. Бул бөлүмдү кошуп жатканда эркектерди сатып алган аялдар болобу деп ойлонгом,- деди Аман.

– Чынында, аялдардыкы көп таралган да. Анан да аларды коомго көп жарыялап жүрүшпөйбү. Бул иште дагы эттиятташ керек. Мен дагы бул чөйрөгө күтүлбөгөн жерден аралашып калгам. Ыза-күйүт менен жүрүп эле ушул жолго түртүлдүм. Мен ушул ишти жаңы баштаган кезде бир ирет бир жигит менин кызматымды сатып алды. Кардар болуп келген ал жигит кол саатына жашыруун камера тагып кириптир. Анын максаты – сойкукананын ичиндеги көрүнүштү тартып кетүү экен. Этият болуш шарт, жолугушуу тууралуу айтып телефон чалгандардан качыш керек. Сайтты жаптырабыз деп турганда иштеткендер ким экенине кызыккандар четтен чыгат. Канча күнгө чейин жашырына алар экенбиз? Булар, эгер чындап киришсе, бат эле таап алышат. "Мындай жолдон кеттим, болду, башка жашоо баштайм" дедим эле. Бирок бул жолдун дагы тузу оор, оңою менен кете албайсың. Эми кеттим дедим эле. Бирок баары бир ушул жаатта иш кылып отурам,- Айзада бул сөздү ойлонбой туруп айтып алды.

– Сиз эмне, иштеп көрдүңүз беле?- Айзададан мындай сөздү күтпөгөн Амандын оозунан бул сөз шашылыш чыгып кетти. Ал анын сүйлөп жаткан сөздөрүн таң калуу менен угуп жаткан. 

– Жашырганда эмне? Ооба, иштеп көргөм. Сен суктанган ак Ренж Роверди ушул жактан иштеп тапкан акчама алгам,- деген бойдон Айзада сөзүн уланткан жок. Үйдүн ичинде тынчтык өкүм сүрдү. Аман дагы башка суроо бере алган жок. Ичинен ойлуу калды. Бул учурда Айзада дагы аны ушул ишке түрткөн Жакыпов менен айрылышкан күндү эстеди.

xxx

Бир учурда Жакыпов “ишим көп болуп жатат, менин тынчымды албай тур” деп айткан бойдон бир топ убакытка жок болуп кетти. Айзада ага абдан көнүп алган эле. Экөө жакын мамиледе жүргөндөн бери мынчалык көп убакыт айрылышкан эмес болчу. Бир күнү түн жамынып Жакыпов Айзаданын үйүнө келди. Бул үйдү ага Жакыпов өзү алып берген. Анда батирдин бир ачкычы боло турган. Уктап жаткан Айзада үйдөгү дабыштан улам ойгонуп кетти.

– Айзада, чочуба, бул мен,- деген үндү жазбай тааныды. Сагынып калган эле, халатын жонго сала калып коридорго чыкты. Жакыпов аны мурдагыдай тосуп алган жок. Айзада аны кучактап, моюнуна асылды. Жытынан кере-кере жыттады. Бирок ал анын колунан бошонууга шашкандай Айзаданын колун өзүнөн түртүп койду.

– Жакшыбы, сага эмне болгон?- деди Айзада. Ал келгенде Айзаданы эркелетип ага эзилип бүтпөйт эле. Бул жолу анын түрү башкача.

– Жакшы, Айзада, мен сени менен сүйлөшкөнү келдим.

– Эмнени?- Айзада алайып карап калды аны. Түн бир оокумда эмнени айтканы келди деп чочуду. Жакыпов чылымын күйгүздү. Айзада туруп барып чылымдын күлүн түшүргөн айнекти көтөрүп келип жанына койду.  

– Айзада, экөөбүз көп жакшы күндөрдү өткөрдүк. Аны танбайм. Сага ыраазымын, жаштыгыңдын канча жылын мага арнадың. Бирок биз бул мамилеге чекит коюшубуз керек. Аялыма ушунча жыл кыянаттык кылдым.

– А сен менсиз деле...- Айзада сөзүн айтып бүткөн жок.

– Ооба, сен жокто деле ошол эле кыянаттыкты кылып келгем. Аны сен айтпасаң дагы моюнга алам. Учурда аялым катуу ооруп жатат. Мен өзүмдү анын алдында абдан күнөөлүү сезип турам. Ушундай жакшы адамдын кадырына жеткен жокмун, чынын айтсам. Эми убактымдын баарын ага арнагым келди. Сакайып жанымда калышына бар күчүмдү жумшайын деп жатам.

– А менчи?- Айзаданын жүзү бозоруп, көзүнөн жаш агып кетти.

– Айзада, сен эмне ыйлайсың? Үйүңдү алып бердим. Өз үйүңдү батирге берип койдуң. Ошол акча менен жашай бер. Колуңдан келген ишти иште.

– Кеп акчада эмес да. Мен сени азыр эле кайра сагынып кеттим. Таптакыр сенсиз кантип жашайм?- Айзада чындап жалгыздыктан коркуп жатты.

– Эх, Айзадочка, көнүп кетесиң. Ал аны өзүнө имере тартып кучактады. Айзада ага эреркеп бир топко бышактап ыйлады.

– Сага ушул жашоо жагып жатабы? Менин капасымда эч кайда чыкпай жүрүп, ансыз да жаштыгыңдын бир бөлүгүн мени менен өткөрдүң.

– Мага сени менен болгон жашоо кандай болбосун жагат,- деди кыз анын көзүнө тике карап.

– Койчу, Айзада, бир күнү ырас эле ошол чалдан кутулуптурмун деп сүйүнөсүң. Мындай келечеги жок жашоону эмне кыласың? Өзү сага мендей кишинин кереги бар беле?

– Бар үчүн жаныңда мышыктай болуп отурам да.

– Айзада, эми артка жол жок. Мен чечимди чыгардым. Өмүрүңдү мендей чал менен куру өткөрбө. Өзүң курдуу бирөөгө арна. Үй-бүлө күт, балалуу бол.

– Намысы жок мендей кызды бирөө алабы? Эми кайдагы үй-бүлө?- кыз титиреген үнү менен кыйкырды.

– Баары мүмкүн. Сендей татынакай кызга жигит эртең эле табылат. Мен деле өмүрүмдүн жарымынан көбүн жашадым. Калган өмүрүмдү түз жүрүп өткөрөйүн.

– Түз жүрүп өткөрөт имиш...- Амандын жанында отурган Айзаданын үнү сыртка чыгып кетти.

– Эмне дедиңиз?- Аман ага карап калды.

– Эч нерсе, өзүмчө эле,- деген Айзада балконго чыгып сыртты карап туруп калды.

– Шүмшүк, аялыңды бетиңе жаап келдиң эле. Андан бери канча кыздын башын айландырдың. Түз жүрө турган киши аялынын арбагынын алдында деле түз жүрөт эле да,- деп дагы да сүйлөнүп алды...

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан