Гүлзат Байзакова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Улуттук кийимди жонумдан түшүргөн жокмун»

– Эже, саламатсызбы? Нооруздун алдында мектешип жатабыз, майрамыңыз менен! 

– Кандайсыңар? Рахмат! Эртең жадырап Нооруз майрамы кирип келатат, бул күн жаздын ажайып бир майрамы. Жалпы эли-журтту, жамаатыңарды куттуктайм!

– Рахмат. Сиздер бала кезде Нооруз майрамдалчу беле? 

– Биз бала кезде Нооруз майрамдалчу эмес. Бул күн, адашпасам, 1985-86-жылдардан баштап белгилене баштады. Биздин убакта 1-май – Эмгекчилердин эл аралык майрамын Ноорузга даярдангандай күтчүбүз. Студент кезде парадга чыкчубуз, кыргыздын костюмдарын кийип, лозунгдарды жазып алып көчөдөн Турдакун Усубалиевдин астынан өтчүбүз. Жакында Самара Каримова сиңдибиздин концертинде Аскат Мусабеков, Салима Балтаева болуп Лейлекке барып калдык. 1-Май күнү бала кезимде көргөн парадды ошол жерден көрбөдүмбү. Азыр деле ошондой экен. Аскат андайды көргөн эмес да, “эже, эмне болуп жатат?” деп түшүнбөйт. Көрүп өзүмчө кубанып алдым.

– Ностальгия сезимин улай бала кездин кызыктуу учурларынан сөз кылалы... Кандай кыз элеңиз?

– Мен 10 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Бала күнүмдөн эле чыйрак, оокатка тың болдум. Мектепте 1500 метр аралыкка чуркачумун. Ыраматылык чоң энем “чоңоюп калдың, кызым, чуркаба, элдин көзүнө көрүнөсүң” деп калчу. Дене тарбиядан сабак берген агайыбыз абдан күчтүү эле, биздин мектеп волейболдон биринчиликти берчү эмес. Волейболго катышып, кросско чуркайт элем.

– Спортко жакын болгон экенсиз да?..

– Ооба, кийин институтка тапшырганда деле спорттон алыстабадым. Бизди дене тарбиядан берген мугалим аябай кыйначу. Музыканттарга дене тарбиянын кереги жок деп ойлойсуң да. Жок, ал мугалимден зачёт алыш кыйын болчу. Анан кыздардын баарынын отжиманиясын кырктан жасап берчүмүн.

– Ар бирине кырктанбы?

– Ооба, ал мен үчүн маселе эмес эле. Кичинемден бөбөктөрүмдү өзүм бактым да. Апам менен атам жаш аялмет, тоодо, жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо мал карашат. Алардан мүшөк-мүшөк кир келет, анын баарын колго жууйсуң. Ошончо бала-бакыранын кийимдери, колумда чоң энем бар, чоң энең сүт ичет деп уй алып келип берип коюшкан. Чоң энемдин 80ден өтүп калган кези. Киши көрчү эле, бала-бакыраны дарылап, төрөбөгөн аялдарды төрөтүп, эм-домчу болчу. Үйдөн киши үзүлбөйт.

– Азырчы, спорт менен мамилеңиз кандай?

– Азыр эми ден соолугума байланыштуу үйдөн тренажёр менен 10 миң кадам басам. Күн жылууда үйдү айланып басам.

– Сиз Айбек Карымов менен ырдаган “Дил кайрык” ыры биз өспүрүм куракта хит болду эле. Ошол ырды кантип ырдап калганыңыз тууралуу айтып бересизби...

– Ар бир автордун, ар бир чыгармачыл адамдын өзүнүн доору болот экен да. 2000-жылдары “Дил кайрыкка” чейин “Ордо сахнага” чакыруу боюнча бардым. Комузчу, ыраматылык курбум Гүлжан Карабаева кошунам эле. Гүлжан “Ордо сахнада” иштечү. Ал убакта балам кичинекей болуп үйдө отуруп калган кезим. Гүлжан “элге башкача үн керек болуп жатат, элге тарабаган бир ырды ырдасаң, миң сом төлөп берет” деди. 1000 сом ал кезде биз үчүн чоң акча. Омор Султанов агайдын сөзүнө жазылган, Канымгүл Досмамбетованын “Кыйылып турам” деген ырын ырдадым. Үндү жаздырып, миң сомду алганыма сүйүнүп кетип калдым. Гүлжан “жарым жылда белгилүү ырчы болосуң” деди. Ал каяктан, мен миң сомду алып балама батинке алып берейин деп жаткам да. 7-8 ай өткөндө үйдө телевизордон баягы оркестрдин коштоосунда менин үнүм жаңырып кирсе болобу?! Ошентип жашоомдо карапайым, нан жаап жүргөн Гүлзаттан башка тепкичке көтөрүлдүм. Ушул ыр менин жашоомо чыйыр салды.

Алгач Айбекти концерттен көрдүм. Андан көп өтпөй өзү “эже, менин ырым бар, экөөбүз ырдап көрбөйлүбү” деп сунуштады. Көрсө, ал бизде музыкалык аппаратура бар экенин угуптур. Ага чейин Чүй университетинин ректору Султан Мамбеткалиев бизге демөөрчү болуп музыкалык аппаратура алып берген эле. Айбектин ыры жакты, биздин аппаратты иштеткен композитор Мырзали Жээнбаев аранжировкасын жасап берди. Ошентип, “Дил кайрыктын” багы ачылып, бул ыр менен концерт койдук, аншлаг менен өтүп жатты. Аймактарга да гастролго барыш керек болгондо Салиманы (ред.: Балтаева) Айбек менен тааныштырып, “мен иштей албайм мындан ары, эми Салима менен иштеш” дедим.

– Эмне үчүн?

– Ал кезде “Камбарканда” костюмер болуп иштечүмүн, ал жактан аймактарга чыкканга уруксат бербей коюшту. “Дил кайрык” Айбектин чыгармачылыгында кассалык ыр болду деп ойлойм. Кийин клибин тарттык. Бул ыр биздин чыгармачылык жолубуздагы экинчи ак жолтой ыр.

– Музыка, ыр дүйнөсүнө сизди кызыгуу жетелеп келдиби же башка себеби барбы?

– Айылда кечелерде ырдап жүрчүмүн. Мектепте 3-классымда эле жылдыз болдум (күлүп). Ал кезде Индия кинолору мода эле. Класс жетекчим мени эркек баладай кылып шалбыратып кийинтти да, жаман таяктын башына жоолукка бир нерселерди түйүп, “Мен баратам Бомбейге, табылар кызмат мендейге, табылбаса кантейин, мага окшогон кедейге?” деген ырды жаттаты. Ушул ыр менен мектепте жылдыз болуп калбадымбы. Ушунчалык ырды жакшы көргөндөн Жаңы жылдын алдында колум сынганына карабай балатыга катышканым эсимде. Ага кошо дайыма волейбол ойнодум. Кесибим дирижёрлук, эжейим болсо “волейбол ойнобо, сенин колуң кебездей жумшак болушу керек” дейт. Болбой эле ойнойм. Эжей сабак бүткөндөн кийин “машык” деп эшикти сыртынан бекитип кетет. А менин эки көзүм топто. Эшик ачылары менен сумкаларымды жыйнап топко чуркайм. 

– Сиздер чыгармачылыкты жаңы баштаган кездеги тойлор менен азыркы тойлорду салыштырып көрсөңүз?..

– Башында 1-2 эле жер бар болчу той боло турган. Тойлорго колонка, аппараттарыбызды көтөрүп барчубуз. Тойдо кызмат кылууну 96-жылдардан баштадык, ал кезде түшкү 12де башталган той түнкү саат 12-1де бүтчү. Эки комуз, эки чоор менен эртеден кечке ырдамай, фонограмма жок. Азыр тойлорду тамадалар абдан иреттеп алышты. Сага вотсаптан саат, мүнөтүнө чейин жазылган программаны жөнөтөт. Ошого ылайыктап барып, ырдап кете беребиз. Ырдап чыккандан баштап кыргыздын улуттук кийимин жонумдан түшүргөн жокмун.

– Сиздердин жолду улантып балдарыңыздын баары музыкант болушту...

– Балдарыбыз, эки уулум, эки келиним баары музыкалык жогорку билимдүү. Балдарым дүйнө жүзүн кыдырып кыргыздын аспаптарын башка элдерге таанытып жүрүшөт. Кызым Амина 6-класста окуйт, анан 4 неберем бар. Былтыркы жыл биздин үй-бүлө үчүн жемиштүү жылдардан болду. Камбар композиторлор арасында атуулдук ырларда гран-прини жеңип алды. 30 жашка чейин комузчулар арасындагы сынакта кичүү келиним Айсаана байге утту. Эмилим дагы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Андан тышкары үй-бүлөлүк концертибизди тартууладык. 2 күн Улуттук филармонияда жогорку деңгээлде өттү. Жакында эле үй-бүлөбүз менен “Талым кыз менен Көбөктүн айтышына” клип тартып, элге тартууладык. Азыр өсүп келаткан муунга тарбия болсун деп Арстанбек Буйлаш уулунун санат ырларынын да клиби тартылып бүтөйүн деп жатат, буюрса, жакын арада элге тартуу кылабыз. Бул экинчи үй-бүлөлүк чыгарма болот.

– Сонун экен, ден соолукта болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан