Чакалай – таракка жашынган илдет

Чакалай – кыргызча темир өткү деп да аталып жүрөт, жугуштуу дарт. Буга адамдардын 20-25 пайызы кабылат деген маалымат бар. Кычыштыруу коштогон оорунун 6 түрү бар. Жайылуучу чакалай, кабырчыктуу чакалай жана башка. Бул жолу 2 түрү: кыркуучу жана көп ыраңдуу чакалай тууралуу маалымат берели.   

Кыркуучу чакалай

Дартты микроспорум жана трихофитон аттуу козу карын сымалдар козгойт. Көбүнчө мышык (айрыкча кароосуз калгандары), ит, уй, кой, эчки, эшек, коён, келемиш жана башкалардан жугат. Жазында мал түлөй баштаганда чакалайды жуктуруп алуу коркунучу күчөйт. Аталган дарт адамдан адамга жугушу менен да коркунучтуу. Ооруган адам чачын кыскартканы барганда чачтарачтын аспаптарына жугат. Эгер ал аспаптар дезинфекцияланбай же чала дезинфекцияланып калса, анда башкаларга жугат деген кеп. Ооруган адамдын жеке буюмдарын: сүлгүсүн, тарагын, оюнчугун колдонгондо да жугат. Малдан адамга жуккан түрү адамдан адамга жуккан түрүнө караганда  узагыраак жана оорураак өтөт.

Дарт баштын терисин жана чачтын пияз сымал түпчөлөрүн жабыркатат. Чоңдор бул оору менен аз оорушат, анткени алардын чачтарынын түзүлүшүндө органикалык кычкылдардын өлчөмү көбүрөөк болот да, алар козу карын сымалдардын өсүп, көбөйүшүн чектеп турат. Башта дарт пайда болгондо чач кыркылгансып өзүнөн-өзү сынып түшө баштайт, ушул себептүү оору “кыркуучу чакалай” аталат. 

Оорунун белгиси – кызыл-күлгүн түстүү тактар

 Дарт жуккан жерде кызыл-күлгүн түстөгү тегерек тактар пайда болот. Алардын көлөмү бара-бара чоңоюп, бири-бири менен биригип кетет.

 Тактардын чекелери дөмпөкчө тартат, шуудурайт, анан кабырчыктайт. Ыйлаакчалар жаралат. Орто жери түлөйт.  Жабыркаган жер кычышат.

 Чач 1-2 миллиметр узундукта кыркылып түшө баштайт. Чачтар абдан ичкерип кетет.

 Иммунитети начарларда дене табы азыраак көтөрүлөт, баш ооруйт.

Душманы – атайын каражаттар  

Диагнозду керектүү анализдердин жыйынтыгына карап дерматолог коёт. Дарылоодо төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:

 Тактар түшкөн жерге сүйкөлүүчү каражаттар;

 Диета, козу карын сымалдарга каршы таблеткалар;

 Бейтаптын башка өнөкөт оорулары болсо, кошумча гормоналдык же башка дарылар берилиши мүмкүн;

 Витаминдер жана башкалар.

Жолбун ит-мышыкка жолобоңуз

Өзүңүз жана балдар ооруп калбашы үчүн төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:

 Окуучу балдарды врачтын текшерүүсүнөн өткөрүп туруу.

 Жолбун ит, мышыкка жолобоо. Үйдүн тегерегинде келемиштер болсо жок кылуу. Үйдөгү ит, мышыктарды таза кармоо.

 Малды карап, жайгарууда кийимдин сыртынан халат кийүү жана үйгө кирерде аны сыртка чечүү, колду самындап жуу. Малдын терисинде тактар болсо, дароо ветеринардык врачка текшертүү.

Көп ыраңдуу чакалай

Бул теринин сырткы бетин жабыркатуучу дарт. Абдан коркунучтуу эмес, адамдан адамга чанда жугат, оор түргө өтпөйт. Оорунун бул түрүн козгоочу козу карын сымалдар жана бактериялар өлчөмүнөн ашпаган убакта теринин нормалдуу микрофлорасын түзүшөт. Эгер терс таасирлерден улам көбөйүп кетишсе, анда оору жаратуучуларга айланышат.

Алардын көбөйүүсүнө таасир этүүчү факторлор:

 Тер бездеринин иштешинин бузулушу, тердин көп бөлүнүп чыгышы. Дарыларды ичүүдөн улам тердин курамынын өзгөрүшү 

 Дайым ысык жерде иштөө, мисалы ашпоздор. Ысыкта калың кийинүү, жабык бут кийим кийип алуу

 Ички оорулар, иммунитеттин жаңылыштыгынан жаралган дарттар, эндокриндик оорулар

 Климакс, гормондордун тең салмагынын бузулушу

 Сапатсыз синтетикалык кийимдер

 Иммунитеттин төмөндөшү

Тактар өңүн өзгөртүп турат

Дарттын жалпы белгилери төмөнкүлөр:

 Саргыч-күрөң-күлгүн түстөрдү камтыган кичинекей тегерек тактар. Көбүнчө далы, ийин, курсак, баш, моюнда болот. Өлчөмү ар түрдүү. Тактар чоңоюп биригет жана түстөрү күрөң болуп өзгөрөт. Бул териге өң берген затты, башкача айтканда, меланинди иштеп чыгаруучу меланциттердин иштешинин бузулушунун жыйынтыгы. Ушул себептерден улам дарт көп ыраңдуу чакалай аталат.

 Дартка чалдыккан жер кургап шуудурайт, какач сымал түлөйт.

 Тактар жаралган жерлер көп кычыштырбайт, бирок башка инфекциялар кошулуп кеткенде абдан кычыштырат.

Айрымдар оорунун белгилерине көңүл кош карап жүрө берип, оору өнөкөт түргө өтүп кетет. Убак-убагы менен терс факторлордун таасиринен улам оору кайталана берет.

Дарт көбүнчө 10-60 жаштагыларда кездешет. 

Айыгыш үчүн комплекстүү дарыланыш керек

Дерматолог анализдердин жыйынтыгына карап комплекстүү дарыланууну сунуштайт. Иммунитетти көтөрүүчү, козу карын сымалдарга каршы каражаттар, витаминдер, дары майлар сунушталат. Тери кычыштырып жатса, анда антигистаминдик дары кошо ичилет. 

Убагында жуунуу дарттын алдын алат

Оорунун алдын алуу кыйын деле эмес. Ал үчүн төмөнкү кеңештерди эске алуу керек:

 Ашыкча тердөөнүн алдын алып, убагында душка түшкөнгө аракет кылуу. Тердөөгө каршы каражатты (дезодорант, атайын крем) колдонуу

 Аба ырайына жараша кийинүү 

 Гигиенаны сактоо, башкалардын буюмун колдонбоо

 Витаминдүү тамактануу

Канымжан Усупбекова

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан