Соулмейт: КИМ?

Соулмейт деген сөздү уктуңуз беле? Анткени акыркы убакта бул термин кеңири жайылып бара жатат десек болот. Бир сөз, бир көз караш, бир ирмем, бир демден түшүнгөн адамы бар, жок болсо, кайсы бир күнү сөзсүз кезиктирем деп жүргөндөргө туура келет макалабыз.

Соулмейт деген ким?

Интернет желесинде #соулмейт хештеги менен жайылган видео-сүрөттөр популярдуу. Ошондо соулмейт деген ким? Бул сөз бизге англис тилинен келген. Soul – жан дүйнө, mate – жакын адам, дос, өнөктөш деген маанини билдирет. Эки сөздүн маанисин бириктиргенде соулмейт – жан дүйнөгө жакын адам, түгөй дегенди түшүндүрөт. Башкаларга салыштырмалуу ал адам менен менталдык терең байланыш, түшүнүү, сүйүү бар. Соулмейт – бул сүйүктүү адамың эле эмес, досуң, кесиптешиң, бизнес өнөктөшүң же башка деле адам болушу мүмкүн. Негизгиси, ал адамдын жанында өзүңдү эркин сезсең, ага болгон ишеним бекем болсо, өзүң да толугу менен ачыла алсаң, камкордук, сүйүү, ишеним бере алсаң, демек, сенин соулмейтиң бар.

Ишеним арткан адамдарыңыз көп болушу мүмкүн, анткени ар бирибизде эле тууган-урук, дос, кесиптеш дегендердин саны көп да. Бирок алардын баарын соулмейтке кошуунун кереги жок. Башка адамдарга болгон ишеним сизде болгон сүйүүнүн көп кырдуулугун көрсөтөт. Жаныңыздагы адамдардын ар бирин ар башка форматта сүйө аласыз. Негизи эле адамда көп кырдуу сүйүү болгон толук кандуу жашоону көрсөтөт. Бирок ошол жакын адамдардын ичинен да иргелип чыкканы соулмейт болот.

Мифологияда

Соулмейттердин пайда болуусу жөнүндө кызыктуу уламыш бар. Илгери адамдар эң күчтүү жандык катары саналчу экен. Денеси чоң, эки башы, төрт колу, төрт буту бар, бир тарабы аял, экинчи тарабы эркек келбетин алып жүргөн адамдардын таасиринен, күчүнөн чочуркаган Зевс аларды экиге бөлдүрүп салат. Бөлүнгөн адамдар экинчи бөлүгүн издегенден баштап сүйүү сезими жаралган дешет. Дал ошол бири-бирине төп келген эки бөлүк жан дүйнөгө жакын адамдар болуп саналат.

Ал эми Чыгыш элинде соулмейттер жөнүндө экинчи варианттагы уламыш бар. Кудай бири-бирине төп келчү адамдарды жаратканда көзгө көрүнбөгөн кызыл жип менен байлап койгон делет. Убакыт өткөн сайын жип кыскарып, ал адамдар бири-бирине тартылып, акыры кайда болсо да табышат экен.

Соулмейттерде кезиге турган белгилер:

• Дененин кайсы бир бөлүгүндөгү мең, калдардын окшоштугу. Өзгөчө жуп болчу адамдарда көп кездешет дешет психологдор.

• Телепатиялык жөндөм. Аларга көп сөз айтып сүйлөшүүнүн кереги жок. Сөзү жок дагы бири-биринин оюн окуп, түшүнүү жөндөмү.

• Тактилдик байланыш. Ал адам менен болгон тактилдик байланыш эч кандай жийиркенүү сезимин жаратпайт. Тескерисинче, жагымдуу, толкундануу, күтүү сыяктуу эмоциялар коштойт.

• Эмоционалдык байланыш. Бул байланышы күчтүү адамдар бири-биринен алыс болсо да, экинчиси кандай эмоционалдык абалда экенин сезе алышат. Өзгөчө түгөйү коркунучка кабылса же бир жери ооруп жатса эмоционалдык байланыш аркылуу билип коюшат.

• Таймер. Соулмейт адамдар дайыма бири-биринин көз алдында болуусун каалашат. Андай болбой калса мээсинде саат чыкылдап, кездешүү убагын күтө башташат. Дайыма байланышта болушу керек, таппай калса тынчсыздануу, кабатырлануу күчөй баштайт.

Түбөлүктүүбү?

Жок! Эч бир нерсе түбөлүктүү эмес. Анын сыңарындай соулмейттер да түбөлүктүү болбойт. Керекпи, соулмейт категориясындагы кээ бир адамдар биздин жашообузда кыска убакыт аралыгында гана болушу мүмкүн. Мисалы:

– Дарылоочу соулмейт. Мындай жан шериктер адам колдоого, кеңешке, жардамга абдан муктаж болуп турган учурда пайда болот. Ал адам менен байланыш бир нече мүнөткө же көптөгөн жылдарга созулушу ыктымал.

– Кыйратуучу соулмейт. Баарынан тажап, бирок жаңы жашоо баштоого күч жетпей жаткан учур. Же болбосо мурдагы жакын достуктун изи калбай, ал байланышты үзө албай турган ирмем. Мындай кырдаалдан бир адамдын кеңеши, колдоосу чыгарып кетиши мүмкүн. Мугалим, кошуна же ата-апаң, бир тууганың же балаң, айтор, алардын кыска кеңеши менен сени эмоционалдык жактан кыйнап, артка тартып келе жаткан жашоо барагын жаап, жаңысын ачканга жардам берген адам кыйратуучу соулмейт болуп эсептелет.

Соулмейтти кантип табыш керек?

1. “Каякка сүзөрүн билбеген кемени шамал коштобойт” деген сөз бар. Андыктан жан дүйнө адамын табардан мурун адам өзүн табыш керек. Мен киммин? Эмне каалайм? Эмне үчүн? Мага керекпи же “элгеби”? Өзүмдү баалаймынбы? Кантип? Мына ушул суроолордун жообун так билсеңиз, өзүңүзгө төп келген адамды табуу оңоюраак болот. Кызыкчылыктарыңызды, баалуулуктарыңызды так билсеңиз, аларды тең бөлүшкөн, колдогон, баалаган адамдарды иргеп көрө аласыз. Өзүңүздү тааный элек болсоңуз, сизге ким туура келерин кайдан билмек элеңиз?!

2. Элге аралашуу керек. Канчалык көп адам менен байланышка чыксаңыз, ошончолук түгөй табуу жеңил болот. Сүйлөшүүдөн, таанышуудан коркпоңуз. Сизге туура келген адамды 5-10 мүнөттүк эле баарлашуудан билип койсо болот.

3. Сизге туура эмес келген адам менен байланышта болсоңуз, эч нерсеге карабай, байланбай, мамилени токтотуу керек. Анткени өзүңүздүн да, анын да убактысын кетирип жатасыз. Убакыт баарынан баалуу нерсе экенин билесиз да.

4. Бирөөнү өзгөртүп, тарбиялап өзүңүзгө соулмейт кыла албайсыз. Адамдын өзгөрүшү оор, кээде такыр мүмкүн эмес процесс. Андыктан “тарбиячы” болбой, туура келген адамды издеңиз.

5. Ойлоруңузду, каалоолорду дептерге, блокнотко жазыңыз. Бул учурда ойлор форма алып, адамдын башында өзүнө ким керектиги жөнүндө так ой жаралат да, ошондой адамды өзүнө тартууга сигнал кетет.

6. Интуицияга, эмоцияга, дененин реакциясына ишениңиз. Соулмейт менен байланышта дал ушул факторлор сизге белги берет.

Асыл Орозбекова

 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан