Аман Эсенкулов: Жашоо барактары...

«Адам баласы жарык дүйнөгө келип эс тартып жашай баштагандан баштап жашоого болгон көз карашынын “Жашоо барактары” болот эмеспи. Жарым кылым жашап, кеч болсо дагы жашоо барактарымдагы жарык дүйнөгө, жашоого, өмүрлүк жарыма болгон терең ички сезимимди билдирген ырларымды сунуш эттим, замандаш»

 

Нооруз майрамы

Оо, замандаш, даңазалап ырдайлы ата салтын,

Биз үчүн эң бир кымбат ошол алтын.

Көптөн бери унут калган Нооруз майрам,

Кайра куруу чыгарды атак-даңкын.

 

Тилегеним – эл-жерибизде тынчтык болсун!

Гүл бакчабыз кызыл-тазыл гүлгө оролуп,

Бөбөктөр курсактарын чедирейтип,

Кудуңдашып ооздору нанга толсун!

21.03.1992-жыл

Мезгил талабы

Жаз мезгили жазгы кыймыл убакта,

“Ал кайда?” – деп эл-журтуңдан суратпа.

Жанды үрөп жагымдуу жакшы иш кылып,

Жашаш керек жарашыктуу жалындуу жаштык куракта.

 

Күз мезгили бышыкчылык  убакта,

“Ал кайда?” – деп эл-журтуңдан суратпа.

Жеңди түрүп, алдыга деп алгалап,

Иштеш керек жигитчилик куракта.

Жөнү болот иштеп, ойноп-күлгөндүн,

Чеги болот бош кол басып жүргөндүн.

Эр намысы – эл намысы эмеспи,

Элин сүйүп, жерин сүйө билгендин.

Сентябрь, 1992-жыл

Айылымдын тарыхы

Кымбатым өскөн айылым Күрпүлдөгүм,

Өзөнүңдө камыш өсөт баштары үлпүлдөгөн.

Кунт коюп тыңшап уккандарга,

Бир кезде үн чыкчу экен

Айылымда күр-күр деген...

 

Андан бери жыл алмашып канча жылдар өттү,

Айылымда канча деген инсан жашап,

Канчалары о дүйнө кетти.

Айылдын көйгөйүн чече билип күтүп алуу,

Эми мына, кийинки муундар, кезеги сага жетти.

 

Айылымдын кыскача тарыхы мына ушундай,

Калың камыш арасында түрдүү айбанат.

Бара албайсың ал тарапка батынып,

Күр-күр деген үндөргө кулак жатыгып,

Ошондон улам айылыбыз калган экен,

Күрпүлдөк деп атыгып...

20.03.2018-жыл

Тирүүлүктүн касиети

(Жубайым Таалайдын жаркын элесине)

Кошо жүрүп кокусунан шум ажал

Арабыздан алып кетти түбөлүк.

Айла канча, арга канча, биз эми,

Жаркыраган элесиңди эскерип,

Ниет кылып куран окуп жүрөлү.

 

Суктантып өзүң менен өткөргөн өмүрдүн нускалыгы,

Өкүнтөт бирок анын кыскалыгы.

Жанаша басып жанымда жүрө берсе эмне болмок,

Маңдайга болгон Алланын жазганыбы?

Билбеймин, же өмүргө деген кызгануубу?

26.11.2023-жыл

Алтыным

Өмүрлүк жар, өмүр шерик Алтыным,

Бир кездеги ыймандуу келин,

Азыркы учур сүйүктүү эне,

Балдарымдын, айыл калкымдын.

Куса болуп сагынып издеп,

Ордуңдан таппай,

Жер бетине батпай,

Көлгө барып чөгөйүн деп,

Көлгө да чөкпөй,

Көл үстүндө калкыдым...

Аай, Алтыным, аай, Алтыным,

Сагынып издеп ордуңдан таппай

Көл үстүндө калкыдым...

13.12.2023-жыл

Атама

Турмуш жолу кай тарапка айдабаган,

Айдаганда ал тараптан эмне пайда мага?

Жол көрсөтүп жашоомо кеңеш берген,

Эми өзүңдөй камкор ата кайда мага?..

 

Өзүң жашап өткөргөн өмүр жолу,

Элестетет узакка созулган темир жолдун.

Бул жашоодо оңойго турбагансыйт,

Балдарга татыктуу ата болуу.

19.11.2001-жыл

Жүрөктөгү дарт

Кылчак карап, көз жүгүртсөм артыма,

Баш ийипмин жашоо турмуш шартына.

Баракталып барактары жашоонун,

Дартты кошуп жүрөктөгү дартыма.

 

Кайрат кылып алды карай умтулуп,

Өткөн күндөр кетип барат унтулуп.

Карс-карс күлүп кылсам дагы далалат,

Кете албадым ушул дарттан кутулуп.

 

Бийик максат эңсөө болуп үмүтүм,

“Жүрөк зырп!” деп ойго салып күнү-түн.

Алаксытып жашоо турмуш тиричилик,

Үздүрбөгөн, үздүрбөгөн адам үмүтүн.

03.03.1983-жыл

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан