Сайкал Эсентур кызы, 30 жашта: «Боорум иштен чыгып баратканын билбей жүрө бериптирмин»

Каарманыбыз Сайкал Эсентур кызы чукул арада боорун алмаштырууга муктаж. “Боорум жарактан чыгып баратыптыр, дарыгерлер тез арада операция жасатышың керек” деп жатышат деген Сайкал айым тагдырын төмөндөгүчө баяндады.

«Боорума суу толуп, түтүк койдургам»

– Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынан болом. Жогорку окуу жайды бүткөм, бирок өз кесибим боюнча иштей алганым жок. Боор оорум 2017-жылы башталган, ошондо эле дарыгерлер “компьютерде иштегенге болбойт, адамдын денеси бүгүлгөндө боорго күч келет” деп тыюу салышкан. Альвеококк мите куртун каяктан жуктурганымды билбейм, бул дарт тууралуу интернеттен көп маалымат окудум, негизги алып жүрүүчүлөр жан-жаныбарлар болушат экен. Алардагы мите курттар бардык жерге: сууга, чөпкө, балдар аянтчасына, короо-сарайга түшүшү мүмкүн. Ошондуктан дартты каяктан, кантип жуктуруп алганымды билбейм. 7 жыл мурун боорума суу толуп, Бишкектеги жеке клиникалардын биринде түтүк коюп беришкен. Ошол түтүк аркылуу сары суу чыгып турчу. Көп жыл түтүк менен жашасам да тигүү цехинде иштеп, үй иштери менен алектенип, баламды карап жүргөм.

«Жүрөккө кеткен кан тамыр жабылып калыптыр»

– Бейкапар жашоомду ушул жылдын февраль айы бузду. Февралдын башында өңүм сары тартып, көздөрүм саргайып баштады. Көп дарыгерлерге көрүндүм, бирок алар так диагноз коё алышкан жок. “Түркияга барып операция жасатсаң эле жакшы болуп кетесиң” дешкен. Биз Түркиядагы дарыгерлерге томографиянын жыйынтыгын көрсөттүк, алар “бооруң жарактан чыгып баратыптыр, жүрөккө кеткен кан тамыр жабылып, ал кайра боорго кетип суу толуп жатат” дешти. Боор ушундай орган тура, бир заматта эле кармап калат экен, ооруганың, кыйналганың деле билинбейт. Азыр алвеококкоз өтүшүп, Бадда-Киари синдромуна айланып кетиптир. Бул дартты бир гана боорду алмаштыруу жолу менен жок кылса болот экен. Ошондуктан чукул арада тууган-урук, дос-тааныштар менен чогуу каражат чогултууга кириштик.

«Убакыт тар, акчанын жарымы табылса эле чет өлкөгө кетем»

– Дарыгерлер бизге Түркияга барууну сунуштаганы менен, Индияга барып айыгып келгендер да көп экен. Биз азыр кайсынысын тандаарыбызды так чече элекпиз. Бирок бизге жалпы операция чыгымдарына 60 миң доллар кетет дешти. Ошол сумманын жарымы чогулса эле чет өлкөгө кетем деп жатам. Анткени убакыт тар, кайнатмадан башка тамак жей албайм, кусам, ичим өтөт, катуу кыймылдай албайм. Айтор, абалым күндөн-күнгө оорлошуп жатат. Азыр өмүрүмдүн ар бир мүнөтү мага маанилүү. Жакындарым "убактыңды текке кетирбей барып дарыланууңду баштай бер" деп жатышат. Анан донор өзүбүздөн, ал үчүн операцияны бир аз арзандатышса керек. Бир туугандарым, ата-энем баары эле донор болууга даяр, кимисиники туура келсе бере беребиз деп жатышат. Боордун жартысын алышса, калганы өзү өсөт экен.

«Кайрымдуулук концертин өткөрөбүз»

– 17-апрелде Бишкектеги Спорт ордосунда кайрымдуулук концертин өткөрөлү деп жатабыз. Мурун элден жардам суроо мен үчүн кыйын эле, уялып, намыстанчумун. Бирок ооруп, өмүрүң кылдын учунда турганда башка нерсени ойлонбой калат экенсиң. Эл чогултуп берген акча менен чет өлкөгө барып, айыгып келген аябай көп адамдар менен сүйлөштүм. Ошол адамдардан шыктандым окшойт. Эл арасында музыка жандуу жарандар көп эмеспи, биз уюштурган концертке келип бериңиздер, эс алуу менен кошо кайрымдуулук жасап кетесиздер. Адам ооруганда жанында эң жакын, күйгөн, сүйгөн адамдары гана калат. Азыр мени колдоп, кайрымдуулук иштери менен чуркап жүргөн ата-энем, жолдошум, бир туугандарыма ыраазымын. Баарыбыздын жакындарыбыз жаныбызда аман болсун, башкысы.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Байланыш номери:

0501 180815

Мбанк:

0501180815 (Сайкал Э.)

О! Деньги: 0501180815

Элкарт:

9417089441692531

Бакай банк:

1242070046407349

Доскредобанк:

1212020116189016

Оптима банк:

4169585356744630 (USD) 4169585359204665 (сом)

 (Чынар Мамытбекова, эжеси)

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан