Өзөктүү бомбанын жаратуучусунун өмүр баяны чагылдырылган тасма – “Оппенгеймер”

“Оппенгеймер” тасмасы. Өзөктүү бомбанын “атасы” Роберт Оппенгеймердин өмүр баяны тууралуу буга чейин жазуучулар Кая Берд менен Мартин Шервин китеп жазып, ал АКШнын адабият, маданият, музыка жанрында мыктыларды аныктаган Пулицеров сыйлыгынын “Мыкты биографиялык чыгарма” номинациясында жеңүүчү болгон. Ал эми Оппенгеймердин биографиясын тасмада чагылдырууну режиссёр Кристофер Нолан колго алып, жыйынтыгында тасма “Оскар” статуэткалары боюнча жылдын рекордчусу аталып отурат. Голливуддун башкы кино сыйлыгына татыган тасма эмнеси менен мыкты? Камера сыртында кандай кызыктар болду, жооп издейли.

 Тарткан өлкө: АКШ, Улуу Британия

Чыккан жылы: 2023-жыл, 12-июль

Жанры: эпикалык биографиялык триллер, драма

Режиссёру: Кристофер Нолан

Узактыгы: 3 саат

Бюджети: 100 миллион доллар

Топтогон каражаты: 957 миллион доллар

Башкы ролдордо: Киллиан Мёрфи, Эмили Блант, Мэтт Деймон, Роберт Дауни кичүүсү, Флоренс Пью жана башка

«Мен дүйнөнү талкалаган өлүм болдум»

Тасма жазуучулар Кая Берд менен Мартин Шервиндин “Оппенгеймер: Америкалык Прометейдин триумфу жана трагедиясы” китебинин негизинде тартылган. Тасма тууралуу сөз кылардан мурун Роберт Оппенгеймер ким экенине көз салсак. Жулиус Роберт Оппенгеймер 1904-жылы АКШда жарык дүйнөгө келген. Ата-теги – немистер. 12 жашында Нью-Йорктогу Минералдык клубда баалуу кен байлыктар, минералдар тууралуу доклад окуп калган. Кичинесинен илимге, адабиятка, поэзияга жакын эле. Андыктан өзү теңдүүлөрдөн интеллекти менен айырмаланып турчу. Роберт мырзага телегейи тегиз жашоодо чоңойгон деген сөз туура келбейт. Кара мүртөз, кекчил, өзүмчүл, керсейген адам болгон үчүн жанындагылар менен көп тил табыша алчу эмес. Ошол эле учурда ар тармактан маалыматы бар, билимдүү жигит эле. “Генийлер кадимки адамдарга окшошпойт” деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени Оппенгеймердин өмүр баянында адамды коркуткан учурлар да бар. Кембриджде окуп жүргөндө илимий жетекчисин цианид калий сайылган алма менен ууландырганга аракет кылган. Бактыга жараша, мугалими шектенип, алманы жеген эмес. Ошол эле окуу жайда окуган досун чемодандын куру менен муунтканга аракет кылган. Аракети ишке ашпай, бала бошонуп кеткенде Роберт жерге жата калып ыйлап жиберген.

Мына ушундай коркунучтуу кылык-жоруктарды кылган жигит 1926-жылы Илимий академияда окумуштуу аталып, жаңы ачылыштарга эшик ачкан. Америкалык физик-теоретиктин негизги илимий ачылышы болуп өзөктүү бомба (атомная бомба) эсептелет. Тагыраагы, Станислав Улам, Эдвард Теллер жана Роберт Оппенгеймер үчөөнүн аты коркунучтуу бомбанын авторлору катары аталып жүрөт. Экинчи дүйнөлүк согушта өзөктүү бомбалар Хиросима жана Нагасакиге ташталган процессти өз көзү менен көргөн Оппенгеймер “мен дүйнөнү талкалаган өлүм болдум” деген. Бомба кандай кыйроолорго алып келгенин укканда мындан ары бомбаны өнүктүрүү идеясынан баш тартып, илимий изилдөө борборунан кетип калган. Ал бардык өлкөлөрдү өзөктүү бомба колдонбоого чакырган.

Оппенгеймердин триумфу жана трагедиясы

Кайрадан тасмага кайталы. Кинодо окумуштуунун өмүрүндөгү бир нече убакыт параллелдүү көрсөтүлгөн. Бир линияда студенттик күндөрү, экинчисинде өзү жана башка каармандар комиссия алдында көрсөтмө берип жатканы, сүйүү линиясы, кыйынчылыктар, эргүү, илимге берилүү, өзөктүү бомбанын чыгарылышы, анын чыгарылышына каршы болуу, куугунтукка кабылуу, айтор, окумуштуунун кызыкка да, трагедияга да бай өмүр баяны.

“Тасмадан кийин көрөрмандардын көбү эмоциялардын көптүгүнөн сүйлөй албай калып жатышты. Оң жана терс эмоциялардын кармашы болду. Өзгөчө тасманын аяк жагы өтө оор бүтөт. Бул биздин тарыхыбыздагы жана келечекте кайталанып калбаса экен деген коркунуч. Ошол эле учурда каармандардын мамилеси, ушунчалык күчтүү сүйүү, акыл-эс кампасы бар. Биз дүйнөнү Оппенгеймердин көзү менен көрүшүбүз керек. Анын көзү менен атомдордун кыймылын, энергия толкундарын, кванттык дүйнөнү таанышыбыз керек. Ошол сыйкырдуу дүйнө тааным адамзатына, дегеле жер жүзүнө канчалык коркунуч алып келерин түшүнсөк... “Оппенгеймерди” тартууда мен ушуларды ойлондум”,- дейт тасманын режиссёру, сценаристи Кристофер Нолан. 

Сыйлыктарга марыды

2023-жылдын мыкты тасмасы болору арты-артынан алынган сыйлыктардан улам эле белгилүү боло баштаган. Алардын абройлууларына токтолсок, “Алтын глобус” сыйлыгынын 5 статуэткасына, ал эми “Оскардын” 7 статуэткасына ээ болду. “Оскар” кино сыйлыгында жеңишке жеткен номинациялары:

“Мыкты тасма” – “Оппенгеймер”

“Мыкты режиссёр” – Кристофер Нолан

“Мыкты актёр” – Киллиан Мёрфи

“Экинчи пландагы мыкты актёр” – Роберт Дауни кичүүсү

“Мыкты операторлук иш” – “Оппенгеймер”

“Мыкты монтаж” – “Оппенгеймер”

“Мыкты саундтрек” – “Оппенгеймер”

Тасма актёрдук курамга да алгачкы “Оскарларды” тартуулады десек болот. Роберт Оппенгеймердин ролун аткарган актёр Киллиан Мёрфи “Мыкты актёр” аталып, алгачкы ирет статуэткага ээ болсо, көптөгөн кинолордун жылдызы, “темир адам” атка конгон актёр Роберт Дауни кичүүсү “Экинчи пландагы мыкты актёр” аталып, ал дагы тун статуэткасын колтугуна кысып кетти.

Кызыктуу фактылар:

  Тасманы тартууга эң сапаттуу аппаратуралар пайдаланылган. Андан сырткары узундугу 17,7 чакырым, салмагы 270 килограммдык плёнка кеткен. Биринчи жолу IMAX кинокамераларына тартуу үчүн ак-кара плёнка колдонулган.

  Тасмада өзөктүү бомбаны иштеп чыгуу, аны сындан өткөрүү процесси сыяктуу тарыхый көз ирмемдерди чагылдырышы керек. Бомбаны сыноодон өткөрүп, жардырган учурда көпчүлүк ойлонгондой компьютердик графика эле колдонулган эмес. Жардыруунун масштабын реалдуу көрсөтүш үчүн чынында эле көп аймакты камтыган жардыруу уюштурушкан.

  Буга чейин “Кара пантера”, “Мандалорец” тасмаларына музыка жазган кинокомпозитор Людвиг Горанссон “Оппенгеймердин” саундтрегин да колго алган. Дайыма киночулардын талашында жүргөн композитор “Оппенгеймерге” мыкты саундтреги менен “Оскар” алып келди.

  Окумуштуу Оппенгеймерге окшош болуш үчүн ирландиялык актёр Киллиан Мёрфи катуу диетага отуруп, бир нече килограммга арыктаган. Тартуу учурунда да диетаны сактаган актёр күнүнө бир нече даана бадам гана жеп турган.

  Продюсер Чарльз Ровен “Оппенгеймер: Америкалык Прометейдин триумфу жана трагедиясы” китебин окуп чыккандан кийин аны режиссёр Ноланга берип, эгер физиктин өмүр баянын кино кылып тартса, өзү продюсер болуу оюн билдирген. Актёр Роберт Патинсон да Ноланга Оппенгеймердин омоктуу ойлору чагылдырылган китебин белек кылган эле, окумуштуудан таасирленген режиссёр байопик тартуу идеясын иштеп чыккан.

 

Асыл Орозбекова

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан