ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 1-апрелден 7-апрелге чейин

Кой
(21.03–20.04)

Сүйүүнүн торуна түшүп калышыңыз мүмкүн, анткени өзүңүз романтикалык мамилени каалап жүргөнсүз. Бирок суктанууңуз менен сүйүү-күйүүңүз бат эле жапайы кызганычка айланып, ортодогу урушуп-талашуулар ажырашууга алып келет. Жумушта абайлаңыз, кыйынчылыктар сиз күтпөгөн жактан келиши мүмкүн. Учурдагы кырдаалга ирониялык мамиле кылганды токтотуңуз. Бизнес өнөктөштөр жана кесиптештер пайдалуу сунуш менен кайрылышат.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Алтынчы туюмуңуз кризистик кырдаалдан чыгууга жардам берет. Бизнеске байланыштуу келишимдерди түзүүгө, маанилүү иш кагаздарын бүтүрүүгө убакыт коротосуз. Каржы маселесинде жагымдуу кабар күтүңүз. Өзүңүздүн баштапкы демилгеңизди таштабаңыз. Азыраак эс алып, көбүрөөк иштегенге аракет кылбасаңыз жумушуңуздан кол жууп каласыз. Айымдар убактысын өзүн өнүктүрүүгө, искусство, тарых илими боюнча билимдерин тереңдетүүгө короткону жакшы.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Өз оюңузду бербей, карама-каршы пикириңизди айтып тура бергениңиз кошуналарыңыз менен майда чатактарга алып келиши мүмкүн. Бул мезгил үй-бүлөдө гармония жаратууга, баш кошууга, балалуу болууга ылайыктуу. Каржылык абалыңыз жакшырат. Бардык тажрыйбаңызды коомдук иштерге колдонуу үчүн эң сонун учур. Сүйүү мамилесинде өтө импульсивдүү болбой, катуу сөздөрдөн алыс болуңуз, бул нерсе ийгиликке жетишиңизге тоскоол болот.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жашооңуздагы ар бир кризистик абалдан кийин сөзсүз артынан чоң мүмкүнчүлүктөр келерин унутпаңыз. Эгер азыр ишиңиз оюңуздагыдай болбой жатса, демек, алдыда сизди жакшы күндөр күтөт. Техникалык жабдыктар менен иштөөдө абайлаңыз, кырсыктап калууңуз мүмкүн. Дарегиңизге ушак-айың, кемсинткен сөздөрдү угасыз, бирок сиз кандай чыр-чатак болбосун андан өзүңүздү оолак кармашыңыз керек. Ири сатып алууларды азырынча токтотуп, үнөмдөп жашап турганыңыз жакшы.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Көрө албас адамдарды жана тоскоолдуктарды оңой эле жеңип, душмандарыңызды доско айландырасыз. Ийгиликке жетүү үчүн өз алдынча аракеттениңиз. Бул сизди көптөгөн тынчсыздануулардан, курулай үмүттөрдөн жана көңүл калуулардан куткарат. Жаңы мамилелерди, романтикалык жолугушууларды  баштоого сонун мүмкүнчүлүк бар. Бирок сүйүү романдарыңызга өтө берилип, жеке иштериңизди экинчи планга жылдырып койбошуңуз керек.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Кирешеңиз акырындык менен өсөт. Ишкерлер, өнөктөштөр менен азыртадан байланыш түзө бериңиз. Иштин жыйынтыгы сиздин талыкпаган эмгегиңиздин артынан гана келет. Бул мезгилди компромисстерди издөөгө, дипломатиялык жолдорду караштырууга колдонсоңуз ийгилик сиз тарапта болот. Сүйүүдө талапчылдыгыңыздын айынан сүйүктүүңүздү өзүңүздөн оолактатып аласыз, балким, мамилеңиздерге өзгөчөлүк киргизүүгө аракет кылып көрөсүз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Апта башында таразалар өздөрүн эзилген лимондой сезиши мүмкүн. Жакшысы, көп ойлонуп ден соолугуңузга зыян тийгизип албаңыз. Туугандарыңыздын жардамы менен жакшы жумушка орношосуз. Батириңизди оңдоо же үйүңүздү жакшыртууга байланыштуу пландарыңызды ишке ашырсаңыз болот. Көптөн бери топтолуп калган чарчооңузду жазыңыз. Таза абада сейилдеп, спорт менен машыгып, ден соолукту чыңдоо физикалык да, психикалык да саламаттыгыңызды жакшыртат.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Алдыда жашооңузга туруктуулук киргизесизби же бардык баалуулуктарыңызды кайра карап чыгасызбы, башкысы – аракет кылыңыз. Кыска саякатка, тоого чыгып, жаратылыш коюнунда эс алуу сизге болуп көрбөгөндөй энергия тартуулайт. Чаян айымдар биринчи жолку аракеттен эле көп ийгиликке жете алышат. Сүйүктүүңүз сиздин колдоого муктаж, жанында болуңуз. Бойдоктор жаңы тааныштарын жакшылап карашы керек, сүйүктүүңүздү алардын арасынан табасыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаачылар үчүн жан дүйнө тынчтыгы жана өнүгүүнүн жаңы этабына өтүү үчүн ыңгайлуу мезгил. Кооптуу иштерди жана ири соода операцияларын тайманбай жасасаңыз болот. Таасирдүү достордун колдоосуна ээ болосуз. Өзүңүздүн туура экениңизге башкаларды ынандыра билүү ийгиликке алып келет. Бул мезгил искусство жана адабият менен алектенгендер үчүн ийгиликтүү. Бойдоктор келечектүү, кызыктуу, бирок кыска мөөнөттүү таанышууларга даяр болушу керек.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Мурун кетирген каталарыңызды оңдоого убакыт келди. Айтчу сөздөрдү керектүү адамдарга айтып, алардын астында катаңызды моюндасаңыз жеңилдейсиз. Мырзалар каржылык абалынын тез жакшырышына үмүттөнбөшү керек, акча сизге канчалык жеңил келсе, ошончолук бат короп кетет. Текечер айымдар бирөөгө ишеним артардан мурун анын өткөн-кеткенин сураштырып койгону туура. Ал адамдын көшөгө артындагы “скелеттерине” кийин өзүңүз таң каласыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Мүмкүнчүлүктөрүңүздү сын көз караш менен кароого убакыт келди. Талдоо жүргүзүүдө өзүңүзгө болгон ишеним, амбицияларыңызды бир аз тыйганга аракет кылып баштайсыз. Жаңы таанышуу жана кокустуктар жашооңузда чоң роль ойнойт. Сүйүү мамилесинде экинчи жарымыңызга берген убадаңызды аткарууга аракет кылыңыз. Ага жылуулук берип, камкор болсоңуз аны сөзсүз баалайт. Үй-бүлөлүүлөр үйдөгү, жубайлар ортосундагы гармонияны сактап калышканы туура.

Балык
(20.02–20.03)

Аптада бир нерсени пландоо мүмкүн эмес, баары аралашып сизди чарчатат. Кесиптик чөйрөдө кескин өзгөрүүлөрдү күтүңүз, жумушуңуздан башка филиалга которуу же алыска иш сапарга жибериши мүмкүн. Мырзаларда көпчүлүктүн арасынан өзгөчөлөнүү каалоосу пайда болот, бул нерсе аларды стилдүү кийинүүгө, чач жасалгасын өзгөртүүгө түртөт. Жеке жашооңузда активдүүлүгүңүздү көрсөтсөңүз романтикалык жолугушуулар сизди бактылуу кылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан