Канат Шабданбеков, блогер: “Бойдокчулук мени стресс кыла баштаганда үйлөндүм”

Күлкүлүү пранктарды тартып элге таанылган Канат Шабданбеков учурда белгилүү блогерлердин бири. Андан тышкары ырчы Анжелика Кайратова менен бирге “Биз жолуктук” долбоорун негиздеп, алпаруучулук кесипти да аркалап келет. Каарманыбыз жакында үйлөндү, бирок күйөрмандары анын үйлөнгөнүнө ишенбей “кезектеги пранк, хайп” деп чыгышканын айтат Канат мырза. Маекте үйлөнүүсү, чыгармачылыгы, Анжелика айым экөөнүн “хайп сүйүүсү”, балалыгы тууралуу кенен айтып берди.

 “Жубайым таанышкысы келбей “койчу, баягы бабник го” деген”

– Азыр мен 30 жаштамын. Эркек кишинин 26дан өткөндөн кийин бирөөнү жактырып, сүйүп калышы кыйын экен. 29 жашка чейин үйлөнбөй жүрдүм. Айрыкча акыркы бир жылда бойдок жүргөнүм өзүмө жакпай, санаа тарта баштагам. “Эч кимди сүйбөй каламбы, ушинтип эле жүрө беремби” деген ойлор мээни жеп, бойдокчулук мени стресс кыла баштады. Ошондо “жок, мен үйлөнөм” деп чечим чыгардым. Кудайдан “мага жакшы кыз жибер” деп сурандым. Жашоодо көп эле кыздар жолукту, бирок аларды жүрөгүм тандаган жок. Бир жолу стоматолог досум азыркы жубайым Нургүлдү сунуштап калды, “таанышып көрбөйсүңбү, медреседе окуган сонун кыз” деп. Бир видеосун көрсөттү, эжесинин тоюнда куттуктоо айтып жатыптыр. Орундуу сүйлөгөн, токтоо кыз экен. Дароо эле жүрөгүм жактырды, мурда кездешпеген такыр башка сезимдер жаралды. Ал эми Нургүлгө менин сүрөтүмдү көрсөтүшсө “эй, бул баягы бабник бала го, таанышпайм” дептир да. Ошондон кийин 3-4 ай байланыша албай жүрдүм, Инстаграмынан жазсам жооп бербейт. Досумдан сурасам “ал кызга куда түшкөндөр көп экен, бирөөлөр кудалап кетишиптир” деди. Ошондо меники эмес окшойт деп үмүтүмдү үзө баштадым. Бир күнү жанагы досума жолуксам “баягы кыз турмушка чыкпай эле жүрөт, мен сени үмүтүн үзсүн деп жөн эле айтып койгом” дейт. Таанышуу аракетин кайра баштабадымбы. Эжеси экөөнү кафеге чакырып тааныштык, пранк, хайп деген нерселер жумушум экенин, ал эми жашоодо такыр башка адам экенимди айттым. Экөө “мейли, ойлонуп көрөбүз” дешкен, ошол бойдон 20 күн жок болуп кетишти. Кайра кыжалат боло баштадым, жакпай калдым окшойт деп. Андан кийин “телефон менен сүйлөшкөнгө макулмун” деген жообун берди. Ошентип сүйлөшүп баштадык. Биринчи жолугушууда эле мамилем олуттуу экенин, ага үйлөнөрүмдү айткам. Экөөбүз 3-4 жолу жолугуп эле, 12-февралда сөйкө салсак, 2-мартта үйүнөн кичи мекеним Казарманга алып кеттим. Буюрса, чоң тоюбуз май айында болот. Жубайым 19 жашта, түбү Кара-Кулжадан, бирок чоң ата-энелери 60 жыл мурун Беловодскийге көчүп келип, ошол жакта жашап калышкан экен. Менин үйлөнгөнүмө көптөр дагы деле ишенбей “хайп, пранк” деп жатышат. Ошого үй-бүлөлүк жашообузду тез-тезден социалдык желеге чыгарып жатам. Буюрса, чоң тоюбуздан кийин мунун баары токтойт.

“Мени пранкка салса экен деген ырчылар, атактуулар көп”

– Чыгармачылык жолум тамашалуу пранктарды тартуу менен башталды да. Ошол убакта аябай атактуу, белгилүү болгум келип “кантип элге таанылам?” деп жүргөн кезим эле. “Тамашоудо” да ойноп жүрдүм, бирок ал учурда эл аталган долбоорду көп көрбөй калган. Мен ойногон команда да мени сахнага дароо чыгарып жиберген жок. Стол көтөрткөнгө эле кошушту, анан анча-мынча тамашаларда сахнага чечинип чыгып берип койчумун. Ал кезде спорт менен машыккан “качок” бала болчумун да. Ал жактан кеткен соң Калыбек деген досум экөөбүз пранк тарта баштадык. Ошол убакта ырчы Кайрат Примбердиев “Голос” сынагында финалга чыгып, эл уу-дуу болуп жаткан. “Мен да “Голоско” барайын деп жатам, угуп баа берип коюңузчу, кандай ырдайт экем” деп элди пранкка салгам. Аябай жакшы тарады. Ошондон кийин пранк тартуунун даамын татып, кызыгып кеттим. Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Эмил Эсеналиев баары менин пранкыма түшүшкөн. Кээде бир пранкты уюштурууга эле 1-2 ай убакыт, 3-4 миң долларга чейин каражат кетет. Мунун баары жакшы контент үчүн жасалган аракет. Пранктардан кийин ырчылардын кадыр-баркы, аброю көтөрүлгөн учурлар болгон. Менин пранкыма түшкүсү келген, ушул мени пранкка салса экен деген атактуу ырчылар, шоу-бизнес өкүлдөрү көп, ачыгын эле айтып коёюн.

“Анжелика айым экөөбүздүн “хайп мамилебиз” ийгиликтүү болду”

– Анжелика айым мага жарнама тартууга буюртма берип, ошондо таанышып калганбыз. Андан соң кызматташалы деп сунуштап калды. Кыргызстанда Анжелика айым хайптын ханышасы да, мен да блогерлер арасында хайптын туу чокусунда жүрөм. Экөөбүз биригип сонун долбоор ачалы, аны жарнамалоо үчүн абдан кылдат иштелип чыккан, эл ишене турган хайп уюштуралы деп сүйлөшкөнбүз. “Биз жолуктук” деген долбоорду ачыш үчүн ошол “хайп мамилени” бир жыл бою артыбыздан ээрчитип жүрдүк. Жубайым да башында ушул нерсени сурады, жадакалса кайнатам да “ай, ал Анжеликаны албады беле” деп айтыптыр. Мен муну биздин “грамотный” хайпыбыз болду деп эсептейм. Анын артынан жаштардын башын бириктирген, жаңы түгөйлөрдү табыштырган сонун долбоорду ачтык. Хайп кылсаңыздар ушундай хайп кылгыла, хайптын натыйжасы болуш керек сөзсүз. Эгер “Биз жолуктук” долбоору ачылбаганда менде кыжалатчылык болмок. Эл дагы “эмнеге ушундай арзан хайп жасайсыңар” деп урушмак. 

“Блогер катары КМШ, Азияга таанылгым келет”

– Максаттарды чоң-чоң, бийик-бийик эле коюш керек экен деп калдым. Мындан 5-6 жыл мурун “Кыргызстанга таанылсам, атактуу болсом” дечүмүн. Азыр өз атымды жасаганга жетиштим, акчам да бар. Бирок акча, байлык бул өсүү эмес да. Мен азыр максаттарды чоңураак коюп, Кыргызстандын аудиториясын гана эмес, КМШ, Азия өлкөлөрүн багындыргым келип жатат. Акырындан англис тилин үйрөнүп, казакстандык блогерлер менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, чогуу пранк тартып, айтор, инсан катары өсүүнүн аракетиндемин. Дүйнөлүк контенттерди анализдеп, продюсерим экөөбүз элге кандай тамашалар өтөт деп талдап жатабыз. Мындан ары бизнесте жана блогерликте жаңылык жаратсам деген максаттарым бар.

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан