Жумадил Эгембердиев, ишкер: “Камчылап, таяктап чоңойткон баладан жаратман чыкпайт”

Белгилүү ишкер, “Шорону” негиздегендердин бири Жумадил Эгембердиевдин бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык. Ал кандай адам? Жашоодо эмнелерге умтулуп жашайт? Байыркы кыргыздар жердеген Алтайга барып эмнеге өкүнүп келди?..     

“Атамдын тиленип жүрүп көргөн балдарыбыз”

– Ыраматылык атам Эгемберди уулу Бердигул 1900-жылы жарык дүйнөгө келиптир. Улуу Ата Мекендик согуштун башынан аягына чейин катышкан. Согуш майданындагы көп кызыктарды жомок кылып айтып берчү. Табылды агам экөөбүз зериккенде эле аны “согуштагы кызыктарыңыздан айтып бериңиз” деп зордой берет элек. Биз атамдын 50 жаштан өткөндө тиленип жүрүп көргөн балдарыбыз. Токолунан төрөлгөнбүз, бирок муну кеч түшүндүк. Атамдын байбичесин кичинебизде чоң энебиз деп ойлочубуз. Улуу аялы бир эле кыз төрөп төрөттөн калат. Анан ошол байбичеси акылмандык кылып атама өзүнүн алыс туугандарынын кызын токол кылып алып берген экен. Жаш апам Табылды агамды, мени жана карындашыбызды төрөгөн. Ошентип мен 10го чыкканда атамдын көзү өтүп кетти. Эки апабыз, 3 баласы болуп турмуштун азабын куп эле тарттык. Апам абдан кайраттуу аял эле, 29 жашында жесир калып 3 баласын элден кем кылбай багып чоңойтту. Жокчулукта өстүк, 50 тыйыныбыздын жоктугунан киного бара албай ыйлаган күндөр болду. Суусамырдын 40 градус суугунда тоодо шишип-тоңуп мал кайтарат элек, отун жок талаадан көң издечүбүз. Табылды агам экөөбүз, жамалуу чапан, өтүк менен чоңойдук, турмушка быштык.

“Үйдүн сүймөнчүгү Табылды агам эле”

– Атам 50гө чыкканда зарлап күткөн баласы төрөлүп, атын Табылды коюшат. Андан 2 жылдан кийин мен, менден кийин Анара деген карындашым бар. Бирок үйдөгүлөр Табылды агама өзгөчө мамиле кылышчу, үйдүн сүймөнчүгү эле. Кийимдин эң жакшысын кийчү, мен студент болгуча эле андан арткан кийимдерди кийип жүрдүм. Казанда бышып жаткан эттин чүйгүнүн кесип жеп “болду, тойдум” деп дасторконго отурбай туруп кетсе деле ага боло берет эле. Табылды агам ооз тиймейинче дасторконго кол салчу эмеспиз. Ушундай үй-бүлөлүк тарбия, философия менен чоңойдум. Табылды байкем окуган китептин бирин да окуган жокмун. Өмүр бою анын ат токууру болуп, кара жумуш жасадым. Кийин “Шоро” компаниясын негиздеп бизнес баштаганда деле агамдын ат токууру болуп жүрдүм. Алгач базарда флягалар менен максым сатып баштагам. Ал убакта сооданы сарттар эле кылат деген түшүнүк бар эле, анан да “кыргыз акты сатпайт” деп коюшчу. Ошондон уялып көбү сатышчу эмес. Агам экөөбүз ал стереотиптерди толугу менен жокко чыгардык. Менден көптөр “туугандардын чогуу бизнес кылганы түйшүктүү эмеспи?” деп сурашат. Ооба, азыр баласы атасын, бир тууган бир тууганын укпай калган заман, тууган, жердеш дегендерди бизнестен оолак кармашың керек. Бирок бизде ага-инилик мамиленин пайдубалы бекем болчу, бир да жолу ортобузда мамиле салкындаган жок. Агам катары мен аны укпай коюуга, аны менен айтышууга акым жок болчу. Агам эмне десе ошону кылчумун.

“Бийикте жашагандар бийик ойлонушат”

– Кыргыз эмне деген тарыхты, кыйынчылыкты басып өткөн эл. Тээтиги Алтайда, Тывада калып калбай, дал ушул Ала-Тоонун боорун жердеп калышканы үчүн ата-бабаларга аябай ыраазымын. Мен ошол ата мурасыбыз калган Алтайга, Тывага барып келдим. Таанышсам  аттары Андрей, фамилиялары Иванов, уруум кыпчак дешет, “атаңдын оозун урайындар, ит эле болупсуңар” дедим. Балким, биз деле ошол жакта калып калсак азыркы уюткубуз, көрөңгөбүз, касиетибиз жок болмоктур, ким билет. Кыргыз тоо жандуу эл, чокуда мал кайтарып жүрүп түзөңдө эмне болуп жатканын баамдап койгон. Бийикте жашагандар бийик ойлонушат, түздүктө жашагандар өзүнөн 200 метр арыда эмне болуп жатканын билбейт. Бийикте жашагандарда стратегиялык көз караш пайда болуп, бул жээкке кар жаады, эртең бул жайлоого көчөбүз деп пландашкан. Согушта аскерлер эмне үчүн биринчи “вышканы” алууга умтулушат? Анткени ал жактан айлананы карап стратегиялык план түзсө болот. Ал эми кыргыз бийик чокуларда жашагандыктан бул нерсе канында бар. Ээн-эркин ойлонот, таза аба жутат, кымызын ичет бул нерсенин баары биздеги эркиндиктин духун калыптандырган. Кыргызды рамкага сала албайсың, салам деген күнү жабылып келип аңтарып, кайра тоосуна кетип калат. Кыргыз бийиктеги таза жандыктар аркар, кулжа, теке, уларлар менен сүйлөшкөн. Түздүктөгү чөө, түлкүлөрдү теңине алган эмес.

“Уруш-талашы көп үй-бүлөдөн жакшы бала чыкпайт”

– Эркин ойлонгон адам гана жаратман боло алат. Эсимде, Табылды байкем бир нерселерди ойлоп таап, жасай берчү. Атам такыр урушчу эмес, кайра “ап-бали, балам” деп кубаттап коёр эле. “Кой, бул туура эмес” деп такыр шагын сындырган жок. Биз туура эмес кылганыбызды жасап көрүп анан билет элек. Балага ушундай эркиндик керек. Бурчка тургузуп, камчылап, таяктап чоңойткон бала жаратман боло албайт. Андан террорист, өкүмзар, бандит чыгат. Баланы эркин ой жүгүртүүгө тарбиялаш керек, ката кетирүүгө, жаңылууга уруксат бер, төпөштөп жатып калбай. Биз бир бөлмөлүү кепедей тамда атам, анын эки аялы, балдары болуп чогуу жашадык көп жыл. Бир да жолу алардын кер-мур айтышып урушканын көргөн эмеспиз. Мына мамиле, мына сый, мына тарбия. Уруш-талаш көп болгон үй-бүлөдөн жакшы бала чыкпайт. Бала кийин коомдо мамиле куруу, аялга кандай мамиле кылыш керек экенин үй-бүлөдөн үйрөнөт.

“Апам алып берген кызга үйлөндүм”

– Учурда “Жаңы жашоо”, “Бакубат карылык” деген концепциялардын үстүнөн иштеп жатам. Япондор 90-100 жылга чейин жашашат, бизге эмнеге болбосун? Күндө спорт залга барам, чуркайм, тоого чыгам, кышында сноуборд тебем, мен баспаган кыргыздын тоолору калган жок. Кыргыздар 60ка чыкканда эле “болду карыдым, өлөм” дешет. Же небере багып үйдө отурат, баласы менен келинине жүк болуп. Анын не кереги бар? Биз азыр жубайым экөөбүз ээрчишип барып спорт залда машыгабыз. Келиндерге кийлигишпе, балдар өз оокатын кылсын, биз өзүбүз үчүн жашайлы деп айтам. Келин балдарга да “үйдө отурасың баламды карап тур, жумуштан келгиче тамак жасап кой” дегендерди токтоткула дегенбиз. Бактылуу карылыктын сыры туура тамактанууда, тынымсыз кыймылда жана спортто. Акчаң жок болсо Кыргызстандын ичин эле кыдырып саякатка чыксаң болот, сени эч бир кыргыз ачка койбойт көчөдө. 5 балам, 15 неберем бар. 23 жашымда апам алып берген кызга үйлөнгөм, ошону менен эриш-аркак жашап келе жатам. Токол алууга уруксат бере элек азырынча (күлүп). Бул адамга үйлөнүп калганым да өзүнчө тарых. Табылды байкем апамды укпай 17 жашында эле үйлөнүп алган, кийин апам ошону айтып арман кылып жүрдү. Менин сүйлөшүп жүргөн кызым бар эле, апам “мен алып берген кызга үйлөнөсүң” дегенде, “кой, тынч жашайынчы” деп сүйгөн кызымды садага чаап, азыркы жубайыма үйлөнгөм. Апам көрөгөч болгон экен, жакшы келин чыкты. Ушул күнгө чейин мага каяша айтып, тил көтөргөн жок. Уй саап, бээ саап, апам менен жарыша максым, бозо жасап мени менен чогуу бизнести түптөштү. 5 бала төрөп берди, баарына ыраазымын.

Лунара Бекиева 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан