Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Шоола менен Жанаттын үйлөнүү тою Бишкек шаарындагы эң кымбат ресторандардын биринде болуп жатты. Ак көйнөк кийген Шоола чырайына чыгып, кимди болсо да суктанта турган абалда эле. Ал өзүн күзгүдөн карап турду. Үлпөт тоюнда ак көйнөк кийүү көп кыздын кыялы болсо керек, бирок Шоола ак көйнөк кийүүнү такыр кыялданбаган экен. Ушуга чейин Канат менен боло турган үйлөнүү тоюн кыялданчу. Ал кыялдарда эмнегедир ак көйнөк жок эле. Экөө ээрчишип барып  “үйлөндүк” деп катталып аларын, экөө гана ошол күндү майрамдашарын, балким, бал айына бир жакка учуп кетерин кыялданчу. Күзгүдө  ак көйнөк кийип турган Шоола менен анын кыялынын такыр байланышы жок эле. Ушул учурда гана жүрөгүнө жаңылыш кадам таштап жатканын туйдурган сезим келе түштү. “Кач, бул жерден, Жанат сенин адамың эмес! Тез кач!” деген нерсени ички туюм айтып жатты.  Алдастап кетти. Көз алдына баарын таштап таксиде качып кетип бара жаткан Шоола элестеди. Жүрөгү алкымына келе, теңселе түштү. Көйнөгүн кийгизип жаткан кыз аны суроолуу тиктеп калды.

– Эмне болду?

– Жок, жөн эле башым айланып кетти.

– Ии, толкундануу болот да, күндө турмушка чыгып жатпагандан кийин,- деп койду кыз жылмайып.

Шооланын кулагы чуулдап кетти. Өзүнүн качып бара жатканы, Жанаттын бозоргон абалы элестеп, Канаттын “сен аны менен бактылуу болбойсуң” деген үнү угулуп кетти. Ошондо  өзүнө келе түштү. “Жок, мен сага бактылуу боло турганымды далилдейм! Канат, мен сенсиз, бирок сенин жаныңда бактымды кура турганымды көрөсүң. Сен биздин бактыбызды көрүп, ичиң алоолоп күйөт. Мен сага өмүр бою кол жеткис болом. Жалдырап сага барып, бутуңа жыгыла сүйүүмдү айтканымды эстеп жүрөгүң ооруйт. Мен сага көрсөтөм!” 

Ызасы менен ушул сөздөрдү өзүнө айтып жатты. Баш кошуудагы максаты эмне экени эсине келе түштү. Боюн түздөп күзгүдөгү Шоолага тиктеп турду. Канчалык жылмайбасын көздөрү муңайым эле. Апасы кирип келди. Шооланы ак көйнөк менен көрүп, өзү да бир кезде ак көйнөк кийип бактысына карай бет алганын эстеди. Бирок бактылуу боло албаганын, бир өмүр жалгыз калганы оюна келе түштү. Эми жок дегенде Шооласы бактылуу болсо экен. Жаңылыш кадам болгонун билип турса да, апасы кызынын бактылуу болушун үмүт кылып жатты.

– Супсулуу кызым! Бактың да ушундай сулуу болсун,- деп чекесинен өптү. Андан кийин Жанат кирип келди да жалдырап туруп калды. Көзүнө Шоола чүрөк көрүндү.

– Керемет!- деди ал эмне дээрин билбей.

– Рахмат,- деди Шоола, эмнегедир көзүнө жаш ирмеле түштү.

– Аз калды, азыр баштайбыз!

Той акырындап кызып бара жатты. Баары өз нугунда болчу. Жанат каалагандай  кызыктуу, шаңдуу өтүп жатты. Жашоосунда андан бактылуу адам жок эле. Элдин баары анын бактысына суктанып жаткандай сезилди. Ата-энеси да келди, бирок эмнегедир келин алып жаткандай эмес, азага келгендей суз эле. Өзгөчө апасы Шоолага жоолук салып жатып бир жылмайып койбогонун байкады. Жанатты болсо тиктеп да койбоду. Атасы да ооз учунан бир нерсе дегендей болду. “Хе, баары бир келдиңерби, ушундай деп ойлогом. Келесиңер дегем. Анан да кекирейип келбейм деп коёсуңар. Мен силердин талуу жериңер Канат экенин билем”,- деди ичинен маашырлана.

Ушул учурда “менин бактыма ким чындап сүйүнүп жатат, эгерде ата-энем сүйүнбөй жатса” деген ой келбеди Жанатка. Жалган жылмаюуларга, анын аброюна карап мактаган сөздөргө эрдемсип турду. Шоолага бул үлпөт той өзүнүкү эмес сыяктуу сезиле берди. Бул нерселерди баары ага тиешеси жоктой, бирөөлөр ага колуктунун ролун ойнотуп жаткандай жөн эле жадырай жылмайып жатты. Той ортолоп калганда гана аны жомоктон сууруп чыгып, реалдуулукка алып келген бир окуя болду.

Канат! Ал кирип келди. Колунда кучак толо гүл, жүзүндө жылмаюу. Түптүз экөөнү көздөй келе жатты. Бир дагы толкундоо же сүрдөөнү байкабады. Анда ушундай бир жагымдуу энергия бар эле, Шоола эрксизден ага кадам таштап жиберди. Ошол учурда кимдир бирөө колун катуу кысты, кылчайса Жанат экен. Ал өзүн эмес, Канатты карап турганын байкады. Болгондо да коркуу, тынчсыздануу менен тиктеп туруптур. Канат жанына келди.

– Куттуктайм! Бактылуу болгула,- деди ал гүлдөрдү Шоолага суна берип. Бир көз ирмем болсо да көзү көзүмө туташса деген тилеги таш капты кыздын. Аны көз токтотуп караган жок, дароо Жанат тарапка өтүп кетти да, аны кучагына бек кысты. Эмнегедир көпкө кучактап турду. Ушунчалык жакын, жылуу кучак болчу. Жанаттын көзүнө жаш айлана түштү. Дал ушул көз ирмемде Канат ага керек болуп турганын түшүнө калды. Иниси кандай иш кылса да, эмне күнөө кылса дагы кечиргенге даяр экенин, ага ар дайым ою ак экенин түшүндү. Эртеден бери эки жүздөн ашык адам куттуктаса да эч бириники Канаттыкындай маанилүү жана жүрөктөн эмес эле. Сезди да, ушул жылуу кучактан айрылгысы келбей турду.

– Бактылуу бол, Жанат. Эми сенин бактың толук болсун, бактылуу бол жана бактылуу кыл! Мен сенден суранганым ушул...- деди Канат шыбырай.

– Рахмат, албетте! Келгениңе рахмат!

– Мен сени качан жалгыз таштачу элем...

Агасынын көздөрүнө карады. Көз карашы таптаза эле. Ишенимдүү басып барып Канат ата-энесинин жанына отурду. Апасы анын колун акырын кысып койду.

– Баары жакшы, апа!- деди ал апасынын жүзүнө тиктеп. Апасы да тынч ала түштү. Уулунун көздөрүн карап дал ушул мүнөттө анын жүрөгүндө Шоола жок экенин түшүндү. Ичиндеги бороон-чапкын токтогонун, эми бул кыз келини же жакшы көргөн карындашына айланганын билди. Анын уулу ушундай күчтүү жигит болчу!

ххх

Ак көйнөгүн чечип жаңы үйгө кирип келген колукту шалдырай диванга отурду.  Эми гана буттары талыганын, чарчаганын сезди. Таң агарып бара жаткан эле, терезени тиктеп турду. Жанат бир аздан кийин келет. Анан эмне болот? Ушуну ойлогондо коркуп кетти. Ал келгиче уктап калуу керек. Шашыла макияжын өчүрүп, ак көйнөгүн чече баштады.  Жанат досторун узатып коюп үйгө кирди. Шоолага жылмайып карады.

– Гүлдөрдүн көптүгүн карачы, бир ай үйүбүз гүл жыттанып турат окшойт ээ?

– ...

– Шоола?

– Ии?

Шоола аны карап көзүнүн ойноктоп турганынан чочуп кетти.

– Сонун той болду ээ?

– Ооба, бир аз чарчадык бирок...

– Сен кыйналып калдыңбы?

– Ии, буттарым талыды.

– Азыр мен бутуңа массаж жасап берем.

Шоола эмне кыларын билбей ванна жакка бет алды.

– Азыр мен душка түшүп чыгайын, өзү эле басылып калат. А сен уктай бер, калганын эртең жыйнайбыз.

– Мен бүгүн өзүмдүн колуктумду кучактап уктабасам уктай албайм.

Кучагына бекем кысып Шооланы жыттап алды. Кыз эмне кыларын билбей кетти. Кандай чоочун эле бул кучак, кандай катуу бул карылуу колдор? Кучагынан чыкканга аракет кылды. Бирок кычкачтай кысып турган колдор аны бошото тургандай эмес.

– Жанат?

– Ов.

– Мен барайын, чарчадым дедим го. Душка түшөм.

– Мен чарчооңду басам, алтыным.

Жанат болбой эле кучактап алкымынан өбө турган болуп бара жатканда Шоола аны жаакка чаап жиберди. Мындайды күтпөгөн эле экөө тең. Бири-бирин жалдырап эле карап туруп калышты. Шооланын көзүндө жапайы жатыркоо турган...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан