Саясий жаңылыктар

12 жылдык билим берүү: Мектепте сабак өтүү ыкмалары жеңилдетилет 

Мектептерде 12 жылдык билим берүү системин ишке киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылат. Учурда “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программа даярдалып жатканын 26-мартта маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Жаңы программанын негизин – 12 жылдык окутуу, учурда STEM-предметтер (табигый илимдер, технология, инженерия, математика) боюнча жеке мектептер колдонуп жаткан мыкты 47 аталыштагы окуу китептерин сатып алуу түзөт. Жаңы систем киргизилсе, мектепте сабак өтүү ыкмалары да жөнөкөйлөштүрүлө турганы айтылды. Тапшырмалар академиялык, татаал стилде болбой, жеңилдетилет деп билдирди министр. 12 жылдык билим берүү модели боюнча, 1-5-класстар башталгыч, 6-9-класстар орто, 10-12-класстар жогорку класстар деп эсептелет. Жогорку класстын окуучулары ашпоз, тигүүчү, ширетүүчү сыяктуу кесиптерди кошо үйрөнүшүнө шарт түзүлүшү мүмкүн.

Жаңы системдин дагы бир өзгөчөлүгү – 1-класстын окуучулары Жаңы жылдан кийин дароо 2-класска которулушу мүмкүн. Алгачкы 2 айда салыштырма анализ жасалып, окуучулардын билими текшерилет. Жыйынтыгында 2-класстын программасына ылайык деп табылган класстын жалпы окуучулары кийинки тепкиче көтөрүлүшөт. Анткени кайталанган учурлар программадан жоюлат. 

– Дүйнөдө 197 мамлекеттин 150дөн ашыгында 12 жылдык билим берүү системи иштейт. Биздин максат – билим берүү системин дүйнөлүк стандартка ылайыктоо. Бул биздин балдардын дүйнөлүк билим берүү программаларына катышуучу болуп, эмгек рыногунда өз ордуларын табууга мүмкүнчүлүк түзөт,- дейт Кендирбаева.

Министр 12 жылдык билим берүү системи чет өлкөдөгү грант берүүчүлөрдүн таңуулоосу менен киргизилип жатат деген сөздөрдү четке какты.

– Биздин чечимдер мамлекет тарабынан өз алдынча кабыл алынат. Ошол эле учурда биз Бириккен улуттар уюмунун мүчөсү экенибизди унутпаш керек, класстарды керектүү жабдыктар менен камсыздоо үчүн кийин грант алышыбыз мүмкүн,- деди министр.

Мектептер 12 жылдык окууга качан өтүп баштай турганы азырынча белгисиз. Эксперттик топ жумушун бүткөндөн кийин айтылмакчы.

Райымбек Матраимов кармалды

26-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. УКМК билдиргендей, ал Баку шаарынан кармалып, өкмөттүк учак менен Бишкекке алынып келди. Январь айында УКМК Матраимовго эл аралык издөө жарыялаганы белгилүү. Өткөн аптада анын Азербайжанда экени аныкталганы, аны Кыргызстанда өткөрүп берүү боюнча Азербайжан тарапка кайрылуу болгону маалымдалган эле. Экс-чиновникке Кылмыш-жаза кодексинин 2 беренеси боюнча айып тагылып жатканы айтылды.

27-мартта анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алынды. 

Бакудан Райымбек Матраимовдун 3 бир тууганы да кармалып, Бишкекке жеткирилди.

Адахан Мадумаровду сот күнөөлүү деп тапты

26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров боюнча өкүм чыгарып, аны күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн ага жаза белгиленген жок. Ошол эле учурда Мадумаров эркиндикке чыгарылган жок, соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта калтырылды.

Мадумаровдун фракциялашы, депутат Исхак Масалиев “эгер кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда иш сотко жетпей эле токтотулушу керек эле” деп билдирди. Анын айтымында, “күнөөлүү деп табылсын, бирок жаза берилбесин” деген сунуш Мадумаровду депутаттык мандаттан ажыратуу аракетин көздөйт. “Соттолгон” деген статус алгандан кийин Адахан Мадумаровду депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси каралышы мүмкүн экенин белгиледи Масалиев. 

Мадумаров өзү “соттун чечими логикага сыйбайт, эртеби-кечпи адилеттик орнойт” деп билдирди.

Айта кетсек, Адахан Мадумаров 2023-жылдын сентябрь айынан бери камакта

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан