Сулуулукту сактаган КИВИ

Бул мөмөнүн биздин жашообузга киргенине 30 жылдын тегереги болду. Башында эмне деген өсүмдүк деп жактыра бербей, жебей келсек, азыр кадимки алма менен алмуруттай жайдыр-кыштыр дасторконго коюлуп, ашканада да алмашылгыс ордун тапты. Буга жемиштин кычкыл-таттуу даамы, баасынын да кымбат эместиги себеп болсо керек. Мындан сырткары табитти ачып, тамактын сиңишине жардам берерин кадимки адам байкайт. Дагы кандай пайда, зыяны бар, адистер менен биргеликте тактап чыктык. 

Тамак-аш адисинен кеңеш

Организмибиздин вирустар менен күрөшүүсүнө, иммунитеттин чың болушуна С витамининин таасири чоң. Кивиде С витамининин өлчөмү ит мурун менен болгар калемпиринен кийинки эле орунда экени далилденген.

С витамини:

Ит мурундун 100 граммында –420 миллиграмм

Болгар калемпири, чычырканак, карагаттын 100 граммында – 180 миллиграмм

Кивинин 100 граммында – 100 миллиграмм

С витамининин 1 күндүк нормасы –100 миллиграмм (чоң кишиге)

“Кивинин курамы көптөгөн витамин, микроэлементтерге бай. Канча өлчөмдө, кайсы убакта жегенибизге карап пайдасын же зыянын алышыбыз мүмкүн”,- дейт тамак-аш адиси, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Нурудин Кыдыралиев:

– Мисалы, анын курамында белокту ажыратуучу актинидин аттуу фермент бар, ал ашказанда, ичегиде жара, гастрит болсо ошол жерди жабыркатып жибериши ыктымал. Ошондуктан мындай көйгөйү бар адамдар кивини ачкарын жегенден, көп жегенден абайлашы керек. Актинидин белокту ажыратат дебедикпи, демек, тамак жегенден кийин, тамак сиңбей жатканда жеген туура.

Ал эми балдардын организми кивидеги кээ бир ферменттерди сиңирүүгө жетиле элек болот. Аллерген дагы. Ушул себептүү жаш балдарга берүүдө абайлаңыз. 2 жаштан кийин аз-аздан берип көндүрүп баштаса болот.

Кытайдан келген азык деп зыяндуулугу тууралуу ойлонобуз. Азыкка бат чоңоюшу үчүн ар кандай химиялык заттар берилбесе зыяны деле болбойт. Кытайда эмес, өзүбүз жашылча-жемиштерди өстүрүүдө химиялык жер семирткичтерди колдонуп жатпайбызбы.

100 грамм киви 61 калорияга барабар

Углевод – 14 грамм

Тамак-аш булалары – 3 грамм

Киви 80 пайыз суудан турат

Белок – 1  грамм

Май – 0,1 грамм

Кивинин курамындагы С витамини жалпысынан иммунитетти сактап, вирустук оорулар менен күрөшүүдө жардамдашат. Ал эми В тобундагы витаминдер нерв системинин иштешин жакшыртууга көмөктөшөт, айрыкча жаш балдарга, кош бойлууларга пайдалуу. Калий менен магний жүрөктүн саламаттыгына жооп берет. Кара данектеринде эрибей турган тамак-аш булалары ичти жумшартууга көмөкчү. 

Кимдер абайлашы керек?

 Цитрус жемиштерине аллергиясы барлар

 Тамак сиңирүү органдарынын оорулары – гастрит, ашказан, ичеги жарасы барлар

 Ич өтүүгө жакын адамдар

 2 жашка чейинки балдар

Гинекологдон кеңеш

100 грамм кивиде:

Калийдин өлчөмү – 312 миллиграмм

Кальцийдин өлчөмү – 34 миллиграмм

Натыйжада кош бойлууларда:

 Түйүлдүктүн нерв системинин, жүрөк-кан тамырынын калыптанышына, калыптагыдай иштешине

 Эненин психоэмоционалдык абалынын жакшырышына, тынчтануусуна

 Ич катуунун жеңилдешине

 Түйүлдүктөгү баланы ар кандай инфекциялардан коргоого

 Зарна болуунун алдын алууга көмөктөшөт.

Бул иргелген интернеттен алынган, жалпыланган маалыматтар. Ушундай маалыматтарды тактоо максатында гинекологго кайрылганыбызда буларга токтолду:

Жибек Урбаева, гинеколог:

– Киви же башка азык кош бойлуулардын белгилүү бир витамин же минералга болгон муктаждыгын толуктап салды деген изилдөөлөр бизде жок. Ошондой эле өсүмдүктөр кантип өстүрүлүп жатканына кепилдик бере албайбыз. Буга байланыштуу дал кош бойлууларга С витамини же фолий кычкылы бар деп кивини сунуштай бербейм. Анткени бул күчтүү аллерген, диареяны да чакырып маселе жаратышы мүмкүн. Болгону ичти жумшартуу максатында жесе болот деп айта алам. Ар бир организм индивидуалдуу да, эгер сиңимдүүлүгү жакшы болсо, эч кандай көйгөй жаратпаса жей бергиле. Болгону доктуру менен кеңешип, анын көзөмөлүндө болууну унутпоо зарыл.

Косметологдон кеңеш

"Кивидеги көп өлчөмдөгү С витамини коллагендин иштелип чыгышына, клеткалардын жаңырышына таасир этип, териге эрте бырыш түшүрбөөгө көмөктөшөт. Чачтын эрте агаруусуна бөгөт коёт. Ошондой эле курамындагы В тобундагы витаминдер теринин өңүн, зат алмашуу процессин жакшыртууга жардам берип сулуулукту сайтайт",- деп белгилейт косметолог Алина Орозбаева.

100 грамм кивиде:

В6 витамини (пиридоксин) – 0,65 миллиграмм

В2 витамини (рибофлавин) – 0,4 миллиграмм

В9 витамини (фолий кычкылы) – 0,25 миллиграмм

– Бирок кивини аарчып алып маска, скраб катары колдонууга болбойт. Анткени анын курамындагы актинидин ферменти терини жабыркатып, аллергия кылат. Ушул фермент болгондугу үчүн да кивини этти маринаддап жумшартууда колдонушат. Ошондуктан үй шартында мындай тобокелдикке баруунун кажети жок. Жөн гана жемиш катары, бышырбастан жеген көбүрөөк пайда.

Жаралуу тарыхынан

Кивинин мекени Кытай. Киви тууралуу 12-кылымдагы кытай жазмаларында жазылса, 18-кылымда Европага, 19-кылымда Англияга, 20-кылымдын башында Америкага белгилүү болуп, жыш гүлдөгөнүнө карап алгач аны көрк берүүчү дарак катары өстүрүшкөн. Ушул учурда жаңы зеландиялык биолог Александр Элисон бул мөмөнү Жаңы Зеландиядагы кичинекей киви чымчыгына окшоштуруп киви деп атаган. Ага чейин жемиш кытай актинидиясы деп аталып келген. Кийин мөмөсүнө да баа берилип, Жаңы Зеландия биринчилерден болуп мөмө алуу максатында өстүрө баштаган. Дарагынын узундугу 10-15 метрге чейин жетип, мөмөлөр шактарында жыш байлаган өсүмдүк өзгөчө даамы, пайдалуулугу менен дүйнөгө тарап кеткен. 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан