Жоголгон жылдар... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айзада өзүнө ишенимдүү эле, Жакыпов андан кете албайт деп ойлочу. Аны менен өмүрүнүн калган бөлүгүн өткөрүүгө дагы даяр эле. Ал Жакыповдун аны таштап кеткенине ишенбей жүрдү. Себеби ал башынан бери эле канча жолу “бул кылганыбыз туура эмес, токтотолу” деп кетенчиктейт, жок болуп кетет. Кайра эле бир күнү “сагындым, сен жок жашай албачудаймын” деп мышыктай болуп шыйпаңдап келип калат. Айзада ага жини келет, бирок айласы жок, андан баш тартып кете албасын билет. Кайра эле баарына көз жумуп, анын жанында болгонуна кубанып башын көкүрөгүнө жөлөп, эркелеп отуруп берет. Бир катаны эки жолу жасаганың бул жаңылыштык. Ал эми үчүнчү ирет ал тандоо дейт эмеспи. Айзада бул нерсени моюндаган. Өзү менен өзү сүлөшүп, “бул менин тандоом, сезимдериме каршы чыга албайм, эгер ал мага жагып турса кантип баш тартам” деп тыянак чыгарып койгон. Бул жолу дагы Жакыповдун биротоло кеткенине ишенбей жүрдү. Бирок Жакыпов бул жолу үйдүн ачкычтарын таштап, Айзаданы бекем кучактап, маңдайынан өөп түн жамына чыгып кетти. Айзада аны көп күттү. Телефон чалса “кара тизмеде”. Байланыш дагы биротоло үзүлдү, бирок анын үмүтү эч качан үзүлгөн жок. Үмүтү шоола болуп жанып, анын келерине ишенип турду. Бирок күндөр айга алмашып, арадан үч ай убакыт өтүп кетти. Айзада бул аралыкта өзүн ичимдик менен сооротуп жүрдү. Жолукса эле ичимдик ичип мас болуп, курбуларын дагы жадатып жиберди. Ыйлайт, арманын айтат. Акыры аны менен жолугушуудан курбулары дагы кача баштады. Ал телефон чалса жок шылтоону айтып эч  кимиси бошобой турган болду. Жалгыз ичкенге өттү. Ушул күндөрү ал кыздардын денесин сатып бизнес кылган таанышы Гуляга жолугуп калды. Гуля менен Жакыповдун эскертүүсүнөн улам таптакыр байланышты үзгөн эле.

– Ой, Айзадочка, кандай анан? Эмне жалгыз майрамдап жатасыңбы?

– Өзүңүз көргөндөй. Шерик болом десеңиз отуруңуз,- кызып калган Айзада жанындагы рюмкага толтура коньяктан куйду да, Гуляга сунду.

– Сен айтып калыптырсың, шерик болбосом болбойт го,- Гуля Айзаданын жанындагы отургучка отурду.

– Жакыпов менен мамилең жакшыбы?- Гуля кепти ушул жерден баштады. Себеби ал буга чейин Жакыпов менен Айзаданын ортосунда мамиле болбой калганын Асядан уккан эле.

– Жок, жок, ал өлгөн,- рюмканы көтөрүп калтырбай ичип жиберди да, көзүн жумуп отуруп калды. Көзүнөн жашы сызылып ыйлай баштады.

– Эмне болду? Ичиңдегини айтып, көөдөнүңдү бошотуп алчы,- Гуля ага ыктай отуруп, аны аяган көз менен карап калды.

– Кетти, ал мени таштап кетти. Ушунча жанымда жүрүп, ал мени алдады. “Сенсиз жашай албайм, сенин жаныңда гана жан дүйнөм тынч алат” деп жалгандарына мени курулай гана тойгузуп жүрүптүр. Ага мени унутуш ушунчалык оңой болду. А мен болсо унута албай кыйналып жатам. Жашоомду ансыз элестете албай кыйналдым.

– Өлгөндүн артынан өлмөк жок дейт, кеткен кетти, Айзада, жашооңду улант!

– Ал менин бул жеримден кетпей жатпайбы,- кыз көкүрөгүн чапкылап жатты.

– Сен кааласаң эле ал жериңден дагы өчөт. Кечке ойлоно берсең кетпейт да. Бул жашоодо баарынын ордун алмаштырууга мүмкүн. Алмашкыс эч нерсе жок.

– А сүйүүчү... Сүйүү деле ушундай үч күндүкпү?

– Сүйүү керек болсо бир түндүк. Адам сүйүүсүз деле жашай берет. Мен сүйүү дегенди билгеним жок ушул жашка чыгып. Сен болгону ага көнүп калгансың. Жакыпов деп өмүр бою кыйналып жүрүп өтөт белең. Эркек дегениң өзүмчүл келет турбайбы, ал сенин ушинтип эзилип жатканыңды сезип, билип жатат дейсиңби? Жок! Өз жашооңду жаша. Кеткен Жакыпов кетиптир. Керек болсо анын туткунунан бошонгонуңа сүйүнүшүң керек,- Гуля астындагы коньяктан бир аз ууртап койду.

– Балким, сиз туура айтып жаткандырсыз,- Айзада чылымын күйгүзүп кере-кере тартып отуруп калды.

Айзаданын кыйла өзгөргөнүн байкады, ичимдик ичип, чылым чекпеген акылы зирек Айзаданы таанычу Гуля.

– Ага эмне кейийсиң, жапжаш, чырайлуу кызсың, биздин жумушка барчы. Жакыповдон төөлүк өйдө жигиттерди табасың. Жүрү, мен сени азыр эле ала кетейин, көңүл ачканча Жакыповду алмаштыра турган киши издейсиң,- өздөрүнүн жумушуна тартууну көздөп жаткан Гуля убакытты курулай созууну каалаган жок. Айзаданын ушундай абалынан пайдалангысы келди.

– Барса баралы,- кызымтал болуп коньяк ичин туйлатып турган неме эч нерсени этибар алган деле жок. Ордунан туруп жатып столго акча таштап, официантка кол көтөрдү да, Гуляны колтуктай сыртка чыгып кетти.

Гуля унаасынын арткы эшигин ачып Айзаданы отургузуп коюп, телефондо кимдир бирөө менен сүйлөштү. Ал бул учурда Айзадага кардар даярдап жаткан эле. Айзаданы жарым саатка жетпеген убакытта өздөрүнүн мейманканасына алып келип, экинчи кабатка колтуктап чыкты.

– Айзадочка, азыр сага сонун жигит келет. Аны бир көргөндө Жакыповду унутасың. Тезирээк буларды кийип даяр тур,- деп керебеттин үстүнөдөгү үлбүрөгөн пижаманы көрсөттү да, сыртка чыгып кетти.

Гуля ушунча жыл бул чөйрөдө иштеп жүрүп кандай адамдын тандоосу кандай болорун жатка билип бүткөн. Ал Айзадага дайыма машыгууда жүргөн, дене түзүлүшү дал эле Жакыповдукуна окшогон бир кардарын чакырып берди.

– Эже, мунуңуз чындап тазабы?

– Ой, Тимур, мен сага качан жаман кыз тандап берчү элем. Бул анда-санда бир адам менен көңүл аччу. Ал адам менен мамилесин үзгөнүнө көп болду. Кааласаң ушул кыздын дайымкы кардары болуп аласың. Өзүң каалагандай таптаза сактап берем,- Гуля мыйыгынан жылмая карап жигитти Айзада жаткан бөлмөгө киргизип жиберди.

xxx

Айзада ушинтип экинчи ирет Гулянын колуна түшүп берди. Башында ага ылайык кардар болгондо Гуля өзү чакырып жүрчү. Кийинчерээк Айзада Гуляга өзү чалып кардар сурай баштады. Жакыповду унутам деп жатып Айзада өзүнөн-өзү бул чөйрөгө баш-оту менен кирип кетти. Ал жашоосунда болуп жаткан жагдайларга, эмне кылып жатканына баам салып дагы койгон жок. Ал эми дене ырахаты үчүн гана жашап калгандай башка нерсеге эч көңүл бурбай калды. Жүрөк, жан дүйнө, сүйүү деген нерсе эми анда жашабай калды. Уктайт, ишин аткарат, акчасын алат, банктык эсебине салат. Күн сайын ушундай окшош кыймыл-аракет кайталанат. Өзү байкабаганы менен, Айзада бүтүндөй жараатын ушул нерсе менен алаксытып, жымсалдап койгондой дос-тааныштарынан таптакыр алыстап кетти. Эми анын чөйрөсү, тааныштары, жакындары таптакыр башка адамдар эле.

xxx

Чөгөлөп жалынсаң да күндөр токтобойт, айлар токтобойт, жылдар шуулдап биринин артынан бири кылчайып койбой өтүп жатат. Өтүп жаткан өмүрдүн баркын билгени бир, билбегени миң... Кор болгон өмүрлөр канча?! Азыр да кайран өмүр кордолуп жатат. Тар бөлмө, эски керебет. Бул керебеттин кызматы чоң. Түн бир оокум, керебет кыйчылдаган үнүн баспай дагы деле кызматта. Башканын жаны тынса тынат, бирок ушул керебеттин жаны тынбайт. Обон жаратса бул керебет укмуш обон, чыгарма жазса бул керебет укмуш чыгарма жаратмак. Азыр да Айзада бул бөлмөдө кардарын тейлеп бүттү. Ал бүгүн чарчаңкы, маанайы жок. Бирок анын жумушу анын чарчаганы, маанайынын жок экени менен эсептешпейт. Кийинки кардарына даярдыкты баштоого мажбур...

 (Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан