Эрбол Русланов, актёр: «Чоочун кишидеги» башкы каармандын образына келбетим туура келбейт эле»

Учурда “Чоочун киши” сериалы популярдуу болуп жатат. Буга социалдык желедеги пикирлер, талкуулар далил. Ушул сериалда Султандын ролун жараткан актёр Эрбол Русланов менен тааныштырабыз.

Каарман тууралуу

Аты-жөнү – Эрбол Русланов

Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 31-декабрь

Туулган жери –Бишкек шаары

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 75 килограмм

Хоббиси – күрөш, футбол. Ат минүүгө, китеп окууга эми кызыгып баштаган

Билими – жогорку, юрист 

Тартылган тасмалары – “Кан урсун”, “Ниет”, “Разбой” тасмалары, “Чоочун киши” сериалы

– Эрбол, алгач жылдызы жана баштаган актёрду окурмандарга тааныштыра кетели.

– Мен 28 жаштамын, Бишкек шаарында туулуп-өскөм. 4 бир туугандын улуусумун. Көптөр мени “Ниет” тасмасынан улам байдын баласы деп ойлойт экен, андай эмес, ата-энем жөнөкөй адамдар. Юридикалык академияны бүтүргөм, кесибим боюнча юристмин. Дубайга барып программалоону да үйрөнүп келдим. Чынын айтсам, юристтик да, программалоо да меники эмес экен. Актёрлуктан “бул меники” деген нерсени сезип жатам.

– Анда эмне үчүн юристтикке окуп 5 жыл короттуңуз?

– Ушундай болуп калды. Окуу жай тандап жүрүп Юридикалык академияга барсам, бирөө “эй, мен сени тааныйм, кайрымдуулук концертте жүрбөдүң беле. Жүр, эч нерсенин кереги жок, паспортуңду бер” деп калды. Анын үстүнө ошол жакка тапшырган классташтарым да бар эле. Ушуларга карап тандагам.

– Анан актёрлукка кантип келип калдыңыз?

– Актёрлукту окуган жокмун, бирок азыр китептерди окуп, курстардан өтүп өз алдымча үйрөнүп жүрөм. Башында ар кайсы жактарда иштедим, кыйналып 2-3 жылдай депрессияда жүрдүм. Ошондо Кудайдан “өзүмдү таба турган жолго алып барчу бир билет берчи, калганын өзүм эптеп кетейин” деп сурандым. Жашым 26га барып калган эле. Бир күнү 2-3 жылдан бери байланышпаган досум чалып, “келбейсиңби, бир роликке актёр керек болуп жатат” деди. Ал чоң компанияларга жарнамалык роликтерди тартчу. Ошол учурда апамдын жумушуна жардам берип жаткандыктан адегенде “барбай эле коёюн, азыр кетип калсам апам жинденет” деп баш тартайын дегем. Анан мээме “балким, мен тиленип жүргөн бир билет ушул болуп жүрбөсүн?” деген ой кылт этти. Досума “кайра чалам” дедим да, ичимден “эгер апам күлүп-жайнап жөнөтсө мен күткөн билет ушул” деп төлгө кылдым. Апам күлүп-жайнап уруксат берди. Ошентип барып, бир курулуш компаниясынын жарнамалык ролигине тартылдым.

– Демек, алгач өзүңүздү ушул роликтен сынаптырсыз да?

– Ага чейин деле роликтерде эпизоддук ролдорго тартылып калчумун. Бул роликте акцент мага коюлду, колумдан келишинче актёрлук жөндөмүмдү көрсөттүм. Ошентип башталып кетти. Бир күнү Азамат Исмаилов менен спорт залдан таанышып калдык. “Кино тартканда чакырабыз” деп телефон номеримди алган эле, маани бербептирмин. Бир жыл өткөндөн кийин “Разбой” деген кино тартып жатабыз, кел, сени байкап көрөлү” деп чакырды. Барганда эле "Мелис болосуң" деди, ошентип киного аралаша баштадым.

– Киного тартылуу, актёр болуу кандай экен? Жактыбы?

– Негизи оор, бирок өзүңө жаккан иштен ырахат аласың да. Актёр катары ролдорду укмуш аткарып жатам дебейм, камеранын артындагы чоң команда, режиссёр, сценаристтер баары биргеликте актёрдун адаттарын, мүнөзүн, жүрүм-турумун калыптандырышат. Аракет кылып жатам.

– “Чоочун киши” сериалындагы башкы каарман Толкунбектин ролуна сизди да карашкан экен?..

– Ооба, байкап көрүштү. Бирок менде кыргыз тилинен бир аз акцент бар, ушул тоскоол болду окшойт. Экинчиден, сырткы келбетим Толкунбектин образына анча туура келбейт эле.

– “Чоочун киши” романында Султан деген каарман жок эмеспи. Бул сериал үчүн режиссёр кошкон каарман экен. Образды канчалык ачып бере алдым дейсиз?

– Актёр катары өзүмө “жетишпейт” деп баа берем. Өзүмдү экрандан көргөндө “ушул жерин мындай ойносом болмок” деген ойлор келет. Негизи ыраазымын, өзүмдүн аракетимди баалабасам ички Эрболум таарынып калат го. Көбү “талант болуш керек” дешет эмеспи. Мен талантка көп ишенбейм, 1 пайыз талант болсо, 99 пайыз эмгек сөзсүз керек. 1 пайыз талант бергенине шүгүр кылам, эми эмгек кыла берем.

– Сериалда Зыйнаттын башка бирөөдөн төрөгөнүн жолдошу Күнболот кечирип жатат. Сиз мындай катачылыкты кечирет белеңиз?

– Күнболоттун кырдаалындай окуяга туш болсом... 7-8 жыл мурун болсо кечирет элем. Азыр кечирмек эмесмин.

– А эмнеге 7-8 жыл мурда болсо?

– Анткени сүйлөшкөн кызыма байланыштуу ушул сыяктуу окуя болгон, ошондо кечиргем. 19 жашта элем. Азыр кечирбейт болчумун деп ойлойм, эми билбейм, сүйүү деген өтө күчтүү нерсе да.

– Демек, чоң сүйүүнү баштан өткөргөнсүз?..

– Ооба. Бирок убакыт өттүбү же кичине өстүмбү, ал сезимдер жок болуп кетти. Чын эле сүйдүм беле деп ойлоп калам азыр.

– Ал сүйүүңүз эмне болуп аяктады?

– Кечирдим, бирок ошондон кийин сүйлөшпөй калдык. Байланыш үзүлгөн.

– Бала кездеги Эрбол кандай эле?

– Аябай “шустрый”, өтө ачык элем, күлүп-жайнап, энергиялуу жүрчүмүн. Бала бакчадан качып, көчөгө ойногону эртең менен кетип, үйгө түндө келчүмүн, дейди элем. 5-6 жашымда Жеки Чандын “Доспехи Бога” тасмасын көрүп абдан таасирленгем. Бала кыялымда актёрлор саякаттап, сонун машинелерди айдап, кинодогудай эле мушташып жүрүшөт дегем. Көп жылдан кийин кайра ошол кыялыма бара жатам.

– Сиз менен маектешкенде ар бир сөздү сууруп алыш керек экен, бала кездеги “шустрый” Эрбол каякта?..

– Ооба, көбү жабыксың дешет. Жашоо өзү ушинтип тарбиялап койду окшойт. Мунун баары жакшылыкка деп ойлойм, Кудай жөндөн-жөн эле сыноолорду бербейт болуш керек.

– Кандай сыноолор болду эле?

– Ал боюнча ачык айтпай эле коёюн. Кайсы жерде иштесем да ар кандай окуялар, жаракаттар болуп, такыр жолум болбой жатты. Кудай ушул жолго ошентип алып келди окшойт, программист болдум, курулушта, таксиде, көп жерде иштедим, айтор. Ушунун баары азыркы кесибиме – актёрлукка пайдасын берет. Эгер программистти, күзөтчүнү, таксистти же спортчуну ойно десе ойноп бере алам, баарына шүгүр кылам.

– Жерди тиктеп сүйлөшөт экенсиз. Бул уялчаактыктын белгисиби?

– Уялгандан эмес го, ойлонуп сүйлөйм. Анткени ой-пикиримди туура жеткириш үчүн ушинтип ойлоно түшүп жерди карап калат окшойм.

– Кандай ролдорду кыялданасыз?

– Биринчиден, мен ойногон каармандар элге пайда алып келсе дейм. Экинчиден, өзгөчө каармандарды, мисалы, Жек Воробейге, “Легенда” тасмасындагы Том Хардиге окшогон ролдорду, мелодрамада “Титаниктеги” Жекке окшогон каармандарды ойногум келет.

– Сизге эркин микрофон...

– Күйөрмандар, бийчи, ырчы, актёр болобу, сиздер болбосоңуздар, бир да жылдыз чыкпайт. Колдоп турганыңыздарга чоң рахмат!

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан