Мураталы Үчкемпиров, мекендеш: «Японияда майда жер титирөөлөр жума сайын эле болуп турат»

Япония тууралуу кызыктарды көп уксаңыз керек, окурман. Бул өлкөнүн билим берүүсүн, улуттун учугун улоо маданиятын үлгү катары көрсөткөндөр бар. Японияда 2 жылдан бери жашап, докторантурада  окуп жаткан мекендешибиз Мураталы Үчкемпировдон дагы кызыктарды билдик.

– Мураталы мырза, Японияда докторантурада окуп жаткан экенсиз. Ал жакка кантип, качан кеттиңиз?

– Ооба, учурда Японияда санарип бизнес жана инновация факультетинде докторантурада 2-курста окуп жатам. Бул жакка атайын программа менен 3 жылга келгем. Буга чейин да 2016-2018-жылдары магистратураны окуп кеткем. Өзүм Ала-Бука районунда 1980-жылы туулгам. Жалал-Абад мамлекеттик университетинен маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системдери боюнча бакалаврды бүткөм. Кийин ушул багытта Жаштар министрлигинде иштедим, 2011-жылы жаңы эле түзүлгөн министрликтин борбордук аппаратына чакырышкан.

Алгач магистратурада “Жапондун мыкты бизнес көндүмдөрүн кыргыз бизнесине колдонсо болобу?” деген теманы изилдедим. Магистратураны аяктап, мекенибизде 3-4 жыл иштеп, кайра 2022-жылы докторантурага келгем. Азыр “Жасалма интеллект системдерин социалдык жыргалчылыкта жана жумуштагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатууда, дегеле жаштардын жумушсуздугун жоюу багытында колдонуу” деген теманы изилдеп жатам. Бул азыр өтө актуалдуу болуп жатпайбы. Азыр мен-мен деген ири компаниялар жасалма интеллектти, ChatGPT`ни колдонуп башташты.

– Эмне үчүн Япония өлкөсүн тандадыңыз?

– 36 жашымда “эми эмне кылам? Буга чейин эмне иш кылдым?” деген ойлор келди. Ага чейин чет өлкөдөн илимдин докторлугун жактап келүү, эл аралык компания ачуу деген максаттарым бар эле. Бирок 36 жашка чейин мамлекеттик кызматта отуруп стратегиялык жактан өспөй жатканымды сездим, анан издендим. Англис тилимди жакшыртып, бул программага акыркылардан болуп илинип калдым.

Эмне үчүн Япония? Биринчиден, ошол мезгилде Япониянын жашоо турмушуна аябай кызыгат элем. Экинчиден, мен бара турган окуу жайда үй-бүлө мүчөлөрүн алып барганга шарттары, жатаканасы бар экен. Үчүнчүдөн, япон технологиялары  дүйнө жүзүндө сапаты боюнча жогору жана экономикасы 3-орунда турат.

– Изилдеген темаңыз боюнча, жасалма интеллект адамдардын ордуна иш кылып калса, жумушсуздук, тескерисинче, күчөбөйбү?

– Ооба, жумушсуздук чындыгында экономикалык циклде көбөйөт, бирок башка кесиптер пайда болот. Жасалма интеллект көбөйгөн сайын жасалма интеллектти башкаруучу программисттер, аны окутуп, көзөмөлдөөчү операторлор, аны оңдоочу инженерлер болушу керек. Кайсы бир жумуш орундары жок болгону менен, кайра башка жумуш орундарын пайда кылат. Болгону бир сектордон экинчи секторго өтөт. А биз ошол секторго даярбызбы, даяр эмеспизби? Ушул багытта ойлонуш керек.

– Жакшы. Япон элинен кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

– Кыргыздар менен окшош жагы – үйгө бутун чечип киришет. Тазалыкка аябай көңүл бурушат. Таштанды таштоо системи аябай жакшы иштейт. Баштыктарды көп колдонсо деле аларды жок кылууда түтүнү көчөгө чыкпайт, фильтрлерди колдонушат. Эли бири-бирине аябай камкор, этият, сылык мамиле кылышат. Дагы бир артыкчылыгы – жер титирөөгө туруштук берген технологиялары, автоматташтырылган дааратканалары, мындайды башка өлкөлөрдөн көргөн жокмун.

Булар тапкан айлыгынын 60 пайызынан көбүн иштетпейт, 40 пайызы сөзсүз топтоого кетет. Бир нерсени пландаштырганда 2-3 ай мурун пландаштырып коюшат. Буга биз башында көнө албай жүрдүк. Пенсионерлери жумуштан кийин спорт оюндарына катышат, ар кандай клубдарга барышат. Баса, үй алуу маселеси жок буларда, бул жакта үйү жок дегендер өтө аз. Тескерисинче, үй ашыкча болуп, мурдагы эски типтеги үйлөрү айылдарда кароосуз калып жатыптыр. Өткөндө көйгөй катары улуттук телеканалынан көрсөтүп жаткан.

Жаштары кеч үйлөнүп, кээ бир учурда жалгыз жашашат. Көбүнчө 1-2 балалуу болушат, 3 бала көп балалуу деп эсептелет. Мен азыр бул жакта үй-бүлөм менен жашайм. 4 балам бар, бири бала бакчада, калганы мектепте окушат.

– Балдарыңыз барганда кыйналыштыбы?

– Кыйналышты, бир аз тил түшүнбөй, кичине балам дагы деле кыйналып жүрөт. Орто мектепке барган балам күнү-түнү окуп жатып тилди өздөштүрүп кетти. Негизи англис тилинде деле сүйлөп жүрө берсе болот. Гугл-котормочу менен которуп сүйлөшүп жүргөндөр деле көп.

– Билим берүүдө кандай өзгөчөлүктөрү бар?

– Булардын билим берүү системи төрт түргө бөлүнөт. Биринчи – бала бакча, андан кийин башталгыч класс – 6-класска чейин, elementary school дешет. Андан кийин junior school, бул 9-класска чейинки орто мектеп. Анан 10-11-12-класстарды жогорку мектеп деп коюшат, high school. Андан кийин анан университеттерге тапшырышат. Ар бир окуучу мектеп курагында 3 мекеме-мектеп алмаштырат.

Башка жактарда жеке адамдарга басым жасаса, буларда командага басым жасайт. Жумуштарды командалык түрдө бүтүрөт, бала кичинесинен командалык духта тарбияланат. Бир кемчилиги, балдар тартынчаак болуп, өзүн эч качан “менин ийгилигим” деп көрсөткөнгө аракет кылбайт.

Мектептер баары стандарттуу, айылынан шаарына чейин. Ар бир окуучунун өзүнүн партасы бар. Тартип аябай жакшы, киргенде бут кийимин чечип, мектептин ичинде башка бут кийим кийишет. Түштөнүүдө 3 түрдүү тамак беришет. Тамактанганда деле атайын ашканага киришпейт. Класстарына алып келип, тамакты куйганы деле, таратканы деле өздөрү – окуучулар. Андан кийин баары биригип классты тазалап чыгышат. Үй тапшырмаларын мектептен аткарышат. Жадакалса тамактангандан кийин тишин да жуушат. Дагы бир өзгөчөлүк – ар бир баланын өзүнүн өсүмдүк өстүрүүчү кутучасы болот, анда ар бир бала өсүмдүк өстүрөт.

– Жашоого каражат көп кетсе керек?

– Мен атайын программа менен келгендиктен, стипендия берилет. Анын эсебинен батир, тамак-ашыбызды жабабыз. Биз 6 айдан ашык убакытка келгенбиз да, резидентпиз, резидент катары балдарга стипендия, жөлөк пул берилет. Мектептер, ооруканалар атайын камсыздандыруу менен бекер. Балдарга кам көргөнү аябай жакшы, баарына тегиз кам көрүшөт. Биз жарандары кандай укукка ээ болсо, ошондой эле укуктарга ээбиз, болгону шайлоого катышпайбыз. Мисалы, инфляция болгон сайын жылына 1-2 жолу жардам берилет экен. Ушундай колдоолор менен кыйынчылык чечилип калат.

– Мигранттар көппү?

– Жалпы бир пайызды түзөт экен. Бир пайыз дегенде 1 жарым миллион адам. Көбүнчө Шри-Ланка, Бангладеш, Чыгыш Азиядан, Индонезия, Кытайдан, Таиланд, Непалдан келишет. Мурдагы Британияга колония болгон өлкөлөрдөн келет, себеби булардын унаа рулдары оң жакта да, машинелер сол жак менен жүрүшөт. Алар менен окшош. Мигранттар баары легалдуу келишет.

– Жаратылыш кырсыктары көп болот эмеспи, андан корккон жоксуздарбы?

– Ушул жылдын январында катуу жер титирөө болду, очогунда 90дой адам набыт болду дешти. Майда жер титирөөлөр жума сайын эле болуп турат. Биз көнүп калдык, чайпалып-чайпалып өтүп кетет (күлүп). Кайра булар тез-тез болуп турганына сүйүнүшөт. Эгерде көп убакытка болбой калса катуу силкиниши мүмкүн экен.

– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

– Негизги максатым – дүйнөлүк деңгээлде биздин жаштарыбызды атаандаштык деңгээлине өстүрүүгө жеткирүү. Башкача айтканда, жаштар карьера курууда же кесибин алмаштырууда туура багытты тандоого үгүттөө. Анан жасалма интеллекти изилдөө, өлкөбүзгө ушул багытта долбоорлорду тартуу. Дагы бир максатым – Япония менен Кыргыз өлкөсүнүн соода-сатык байланышына салым кошсом дейм. Булардын компаниялары өтө ишеничтүү, булар өнөктөштөр менен кылдат, достук мамиле жасашат. Продукциянын сапатына аябай көңүл бурушат. Япония менен стратегиялык шериктештикти түзүшүбүз керек. Бул элдин ала турган пайдалуу жактары, кызматташканга ыңгайлуу тарабы көп.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан