Жаш балдардын жылдызы МИЛАНА ХАМЕТОВА

Я вся такая Умка, Умка, Умка

Ла-ла-лаЛайки меня любят

И в Тики-Тик-Ток я в рек по всюду

Ведь я снимаю круто, круто, круто

Хоть и малютка Умка...

Хит болгон “Умка” ырын ырдап чыкканда Милана 4-класста окучу, азыр ал 14 жашта. Концерттерине миңдеген көрүүчүлөрдү топтойт, YouTube’дагы клиптери миллиондогон көрүүлөрдү багындырып келет. Милана Хаметова – акырындан аудиториясын кеңейтип, шоу-бизнес сахнасын багындырып келе жаткан ырчы. Жаш болсо да Forbes’тун тизмесине “30 жашка чейинки ийгиликтүү адам” катары кирген орусиялык кыздын көрөрмандары Кыргыз жергесинде да көп.

Туулган жери: Орусия, Новосибирск

Туулган жылы: 2010-жыл, 5-март

Жылдыз белгиси: балык

Кесиби: блогер, ырчы, модель, актриса

Бою: 136 сантиметр

Белгилүү ырлары: “Умка”, “Воздушный поцелуй”, “С днём рождения” жана башка

“Кичинекей мисс Орусия”

Баласына 1 мүнөт бош убакыт калтырбай түрдүү ийримдерге киргизип койгон ата-энелерди колдогондор да бар, ошол эле учурда каршы чыккандар да кезигет. Новосибирскте жашаган Евгений менен Альбина кызы ийгиликке жетиш үчүн кичинесинен жардам бериш керек деген ата-энелердин катарында эле. Андыктан Милананы кичинесинен гимнастика, бий, моделинг сыяктуу түрдүү ийримдерге жаздырып коюшкан. Мойтойгон, сүйкүмдүү кыз 3 жашынан баштап эмгек жолун баштаган. Тагыраагы, “Gloria Jeans”, “Stilnyashka”, “Непоседа”, “AcoolaKids”, “Pelican Kids”, “Vera Shasherina” жана башка атактуу бренддерде модель болуп, мода журналдарына, катологдорго сүрөттөрү чыгып калган. 6 жашында “Мини-мисс Сибирь” аталса, 1 жылдан соң “Кичинекей мисс Орусия” сынагында таажы кийген. 

“Супер Хаус”

“Темирди ысыгында чап” деген кептин маанисин Милананын ата-энеси туура багытта колдонушту. Кызын бардык социалдык тармактарга каттап, фотосессияларын киргизип, ТикТокко кыска видеолорду тартып жүктөй башташкан. 9 жашында ТикТокто миллиондон ашык катталуучу топтогон кыз акырындан таанымал боло баштаган эле. Муну байкаган ата-эне чоң ийгиликке жетиш үчүн борбор калаага барыш керек экенин түшүнүп, Москвага көчүп келишкен. Албетте, азыркыдай ийгиликке жетиш үчүн шоу-бизнес чөйрөсүндөгү кимдир бирөөнүн жардамы керек эмеспи. Милана Хаметова үчүн жардам колун сунган блогер, ырчы Давид Манукян (Дава) болду. 10 жаштагы кичинекей тиктокерди Дава өзүнүн «Супер Хаус» блогерлер үйүнө чакырган. Ошол күндөн азыркыга чейин ал Милананын продюсери, устаты катары жол көрсөтүп келе жатат.

“Миллионер”

Социалдык тармактардын баарында баракчасы бар дебедикпи. Ошол баракчалардын баарында Милананын катталуучуларынын саны миллиондон жогорку көрсөткүчтө. Багын ачкан ТикТок тиркемесинде 2 миллиондон ашык катталуучусу бар эле, бирок тиркеме аны жашы жете элек деп, баракчасын блоктоп койгон. Ошентсе да кыздын видеолорун анын фанаттарынын баракчаларынан көрсө болот. Миллион демекчи, 2021-жылы Милананын алгачкы “Умка” ыры чыккан. Кыска убакыт аралыгында YouTube’да 110 миллиондон ашык кароо алып, жаш балдардын жылдызына айланды. Орусиялык Forbes аны “30 жашка чейинки ийгиликтүү адамдардын” катарына бекеринен кошпосо керек. Журналдын эсептөөсү боюнча, 6 миллиондон ашык катталуучусу бар YouTube каналынан эле айына ырчы кыздын чөнтөгүнө 5 миллион рубль түшүп турат. Андан сырткары социалдык тармактардагы жарнамалар үчүн алынган гонорар да чоң сумманы камтыйт. Анткени Милананын баракчаларында түрдүү жарнамалар байма-бай чыгып турат.

Баса, былтыр Милана өз эмгеги менен тапкан каражатына үй-бүлөсүнө 3 кабаттуу үй сатып алды. 13 жашында ак сарайлуу болгон кызга сын таккандар, аны колдоп мактагандар да болду. Ал эми кыз жаңы үйүнүн фонунда түшкөн сүрөтүн: “Жаңы жыл алдында орундалган эң сонун кыялым. Албетте, Аяз атага ишенем, бирок өзүмө көбүрөөк!” деген билдирүү менен коштоп жарыялаган.

Орундалган кыял

Алгач моделдиктеги жетишкендик, анан блогерлик, кийин ырчылык статусту кошуп алды. Атактуу ырчылар менен дуэттерди аткарды, клиптерге тартылды. Мунун баарын жазып жатып, мен 11-12 жашымда эмне кылып жүрдүм эле деген ой келди. А сиздин эсиңиздеби, окурман? Орусиянын биринчи каналында “Спокойные ночи, малыши!” деген берүүнү убагында мен да жакшы көрчү элем. Степашка, Филя менен Хрюшанын сүйлөгөндөрүнө кызыкчумун. Көрсө, Милана Хаметова дагы ал берүүнүн күйөрманы экен. Орус телеканалында 1964-жылдан бери азыркыга чейин көрсөтүлүп жаткан берүүнүн каармандары менен жолугушуу Милананын кыялы болчу. Ал кыял орундалды, 2021-жылы аны атактуу берүүнүн алып баруучулугуна чакырышкан. Сүйүктүү Хрюша менен сүрөткө түшкөн Милананын бактысында чек жок. 

Сүйгөн сабагы – математика

Концерттеринде миңдеген күйөрмандарды топтоп, жылдызга айланган Милана үйүндө ата-энесинин эрке кызы. Сабактарын өз күчү менен окуганга аракет кылат, бирок көп калтыргандыктан кээде мугалимдердин кошумча сабагына же апасынын жардамына муктаж. Аралыктан окуган мезгил да болгон, учурда кадимкидей эле мектепке барып окуйт. Сүйгөн сабактары – математика жана география, ал эми жактырбаган сабагы – чет тилдери. Жумушу көп болсо да 4-5 деген бааларга окуйт. 

Али балалыктын таттуу кучагында...

• 3 жашынан бери Лёва деген жумшак оюнчугун кучактап уктайт.

• Иш графиги тыгыз болгондон улам эс алууга, курбулары менен сүйлөшкөнгө убактысы жетпейт. Мындан улам стресс болгондо pop it  оюнчугун алып, унчукпай жарым саат ойноп, алаксып калат. Бул оюнчуктун коллекциясы бар.

• Милананын жакшы көргөн жаныбары бар, ал – Жерри аттуу балыгы.  

• Бөлмөсүн жыйнагысы келбейт, андан көрө уктаганды жакшы көрөт.

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан