ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 8-апрелден 14-апрелге чейин 

Кой
(21.03–20.04)

Жаңы иш баштоодо кылдат болушуңуз керек, шашылыш чечим кабыл албаңыз. Жумушуңузду, кесибиңизди алмаштырып өзүңүздү башка тармакта сынап көргөнгө аракет кыласыз. Бирок шашпаңыз, азыр профессионалдык чөйрөдө өзгөртүү киргизүү үчүн жакшы убакыт эмес. Жашооңузду түп тамырынан өзгөртө турган кабар угасыз, кабатыр болбоңуз, өзгөрүүлөр жакшы жакка болот. Каржылык  абалыңызды жакшырта турган мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбаңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Ири сатып алууларды жасабай турганыңыз оң. Аптада өзүңүзгө болгон ишеним 100 пайыз иштейт, ал эле эмес досторуңуз, жакындарыңыз, атүгүл буга чейин сизге ишенбеген адамдар кеңешин айтып, каржылык жактан жардам колун сунушат. Кокусунан жашооңузда пайда болгон таанышуудан качыңыз, жан дүйнөңүздү кыйратып кетиши мүмкүн. Романтикалык мамилелерди убактылуу токтотуп турганыңыз жакшы.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Буга чейинки каталарыңызды, ийгиликсиз күндөрдү эстебей жашаганга үйрөнүшүңүз керек. Кыска мөөнөттүк курстарга жазылып, же кызыктуу китеп окуп баштасаңыз болот. Артка кылчая бербей, алдыга бийик максаттарды коюңуз, тобокелчиликке барыңыз, баары сиз ойлогондой ишке ашат. Эгиз айымдарга позитивдүү эмоциялар жана жагымдуу эскерүүлөр тартууланат. Көптөн бери кош бойлуу болууну каалап жүргөндөр аракетин ушул аптада баштаса болот.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Убактыңыздын көбүн документтер менен байланышкан маселелерди чечүүгө арнайсыз. Учурда жүргүзүлүп жаткан бизнес сүйлөшүүлөр да жакшы жыйынтык берет. Бирок ири өлчөмдө инвестиция жасабай турганыңыз жакшы. Руханий энергияңызды толтуруу менен алектенишиңиз керек, жакындарыңыз менен көргөзмөгө же кызыктуу экскурсияга барыңыз. Жаңы идеялардын үстүнөн иштесе чоң максаттарды ишке ашыра алышат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Баарлашуу жолу менен гана так түшүнүп, бир бүтүмгө келе аласыз. Күчкө салып эч бир көйгөйдү чече албашыңызды түшүнүшүңүз керек. Балдардын тарбиясына өзгөчө кылдат болуңуз, балаңыздын шектүү жүрүм-турумун байкасаңыз, демек, бул сизге коңгуроо деп билиңиз. Таасирдүү тааныштарыңыздан жардам сураңыз, алар сизден баш тарта алышпайт. Айымдар чөйрөсүн тазалап алганы жакшы, тааныштарыңыздын арасында далыңызга бычак сая турган эки жүздүү адамдар бар.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Аптада коркуп жаткан нерсени баштабай туруңуз, тобокелчилик сиз күткөндөй ийгилик алып келбей калышы мүмкүн. Жумушта жетекчилик менен бейтарап мамиледе болуңуз, азыр нааразычылыктарды айтуу үчүн ыңгайлуу убакыт эмес. Сүйүү мамилесинде романтикага бай апта күтүүдө сизди, сезимдери өчүп бараткан түгөйлөрдүн ортосунда кайра сүйүү тутанышы күтүлөт. Айымдарга чыгармачылыкта бардык потенциалды ачууга мүмкүнчүлүктөр бар.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жамааттык иш сиз үчүн ийгиликтүү болуп, чогуу уюштурган иш-чаралар жакшы деңгээлде өтөт. Кызматтык тепкичтен көтөрүлүп, айлык акыңыз жогорулашы мүмкүн. Көптөн бери кийинкиге калтырып жүргөн маанилүү чечимди кабыл аласыз. Жакын адамдарыңыз сиз менен жакшы жаңылыктарды жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтери менен бөлүшө алышат. Көптөн бери батир алууну каалап жүрсөңүз, бул апта сатып алууга эң жакшы убакыт.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Күтүлбөгөн чыгашалар шаштыңызды алышы мүмкүн, андыктан үнөмдөп жашаганды үйрөнүңүз. Үй-бүлө камкордугуна өзгөчө көңүл буруңуз, сиздин мээримиңизге, камкордугуңуз керек болгон жакындарыңыздын муктаждыгын толтурсаңыз болот. Бойдоктор кумарлуу сүйүүгө жолугат. Сүйүктүүңүз алыста эмес, сиздин чөйрөңүздө эле жүрөт, сүйүүсүн билдирсе чочубаңыз. Дал ошол адам сиздин болочоктогу өмүрлүк түгөйүңүзгө айланат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Учурда сизди бүт аалам колдоп турат, баштаган ишиңиздин баарынан жакшы тыянак чыгарсаңыз болот. Өзгөчө каржы жаатында кошумча киреше же күтүлбөгөн пайда табасыз. Чыныгы каалоолоруңузду талдап чыгууга убакыт келди. Бул үчүн жалгыздыкта ой жүгүртүү, табият коюнунда басуу жардамга келет. Ашыкча иштөө, дайымкы чарчаңкы абал ден соолугуңузду бир топ алсыратып коюшу мүмкүн. Андыктан организмиңизди эс алдырып турганыңыз жакшы.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жаңы таанышуулар узакка созулушу күмөн, андыктан алардан келечектүү мамиле күтпөңүз. Жакын адамыңызга болгон үмүтүңүз акталбай көңүлүңүз чөгүшү мүмкүн. Балким, сиз андан көп нерсе күтүп жашагансыз, жылдыздар сизге эч кимге таарынбай жана өткөндү эстебей жашаганда гана бейпил жашоо келерин эскертишет. Үй-бүлөлүк мамилелер текечер айымдар үчүн артыкчылыктуу болушу керек, күйөөсүнө жана балдарына жетиштүү көңүл бурушу керек.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Ишкердик байланыштарды түзүүгө, маанилүү сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрүүгө ылайыктуу мезгил. Чыгармачыл суу куярлар кайсы багытта иш кылбасын ийгилик коштойт. Курулуш иштерин баштап жаткан болсоңуз алдын ала каражатыңызды камдап алыңыз, куруп жаткан объектиңизге сиз ойлогондон да көп каражат сарпталышы мүмкүн. Балдарыңызга тиешелүү жакшы жаңылыктар болот, аларга татыктуу тарбия бергениңизге, элдин алкап жатканына ичиңиз жылыйт.

Балык
(20.02–20.03)

Аптада жакшылык гана кылыңыз, агрессивдүү болбоңуз. Эртеби-кечпи бардык жамандык-жакшылык өзүбүзгө кайтып келерин эске алыңыз. Башка шаардан же башка өлкөдөн узак мөөнөттүү кызматташуу тууралуу сунуш түшөт, ойлонбой макул болуңуз. Бул кадам сиздин кең келечегиңизге жол ачат. Сүйүүдө талапчылдыгыңыз, көп доомат койгонуңуз жан шеригиңизди чарчатышы мүмкүн. Түгөйүңүзгө эркиндик берип, убактылуу жайына койгонуңуз туура болот.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан