Орой кардарларга жылмайып мамиле кылууга аргасызсыз, кээде орунсуз тамашага деле күлүп жооп берүүгө туура келет, чарчаганыңызга карабай (аялзат) үй-бүлө мүчөлөрүнө кечки тамакты күлүп-жайнап беришиңиз керек. Балким, бул сизге кыйын эместир, башкаларга да жагымдуу. Бирок сезимдериңизди баш көтөртпөй баса берүү, аны жасалма нерсеге алмаштыруу – бул сизден чоң ресурсту талап кылат. Психологияда бул жагдай эмоционалдык эмгек же эмоционалдык тейлөө деп аталат.
Эмоционалдык тейлөөнүн сылыктыктан айырмасы эмнеде?
Америкалык социолог Арли Хохшильд кардарларга ыңгайлуу жагдай жаратыш үчүн персоналдын өз эмоциясын кармануусун же имитиациялашын “эмоционалдык тейлөө” деп атаган. Эмоционалдык эмгек – адамдын өзүнүн чыныгы эмоцияларын басып, башкаларга ыңгайлуу шарт түзүү аракети. Бул аракет кээде адамдын өзүнө байкалбайт деле. Башка адамга жагуу кыйын деле эмес деп ойлошу мүмкүн айрымдар. Бирок окумуштуулар өзүнүн сезимдерин басып, ресурсун коротуп, баарына ыңгайлуу боло берген адам көп психологиялык дарттарга кабылышы мүмкүн дешет. Башкысы – эмоционалдык тейлөөнү кадимки сылыктык, кичи пейилдик деген сапаттар менен чаташтырбаш керек. Сиз өзүңүз жакшы көргөн, жакшы билген адамдарга гана сылык боло аласыз, бул мамиле чын жүрөктөн жасалат. Ал эми эмоционалдык тейлөөдө адам жасалма болууга, башкаларга жакшы таасир калтырыш үчүн өзү каалабаса да жакшы көрүнүүгө аракет кылат.
Эркектерге караганда аялдар көп аткарышат
Аялдар табияттан камкор жана баамчыл деген түшүнүктөн улам эмоционалдык тейлөөнүн үлүшү көбүнчө аялдарга туш келерин белгилешет адистер. Алсак, ачуусу келгенине карабай орой жүргүнчүлөргө дайым жылмайып мамиле кылууну кадимки иш деп кабыл алган стюардессалар. Үйдө күйөөсүнүн тынч отуруп тамактануусу үчүн аялдын ыйлаак баласын кол жаңсоо, мимикалар аркылуу (көзүн алайтып, кабагын түйүп) жан талашып сооротуусу, күйөөсүнүн маанайы бузулбашы үчүн чарчап турса да ал жумуштан келгенде жылмайып тосуп алуусу сыяктуу көрүнүштөрдө кездешет. Жүрүм-турум боюнча изилдөөчү Женнифер Пирс эмоционалдык тейлөөнү юридикалык фирманын кызматкерлеринин мисалында изилдеп көргөн. Жыйынтыгында аялдар статусу өзү менен бирдей эркектерге караганда реалдуу сезимдерин көбүрөөк жашырарын, эмоционалдык тейлөөгө жакын болорун далилдеген. Бул нерсе медицина кызматкерлери арасында жүргүзүлгөн башка изилдөөлөрдө да далилденген. Мунун себеби коомдо аялдарды сезимтал, жагымдуу, боорукер болууга үндөгөн стереотиптердин көптүгү болушу мүмкүн дешет окумуштуулар.
Бизнесте пайдасы зор
Дайыма күлүп, шайыр жүргөн кызматкерлер кимге жакпасын? Ал сезимдер жасалма болсо да бизнеске зор пайдасы тиет дешет адистер. Позитивдүү маанай - кардарлардын кайра ошол компанияга келип акча коротуусуна салым кошору бышык. Жылмайган официант, жайдары гид, сабырдуу таксист...
“Эмне маанайың суз, күлбөйсүңбү?”
Эмоционалдык тейлөө – бул милдеттүү сылыктык, дайыма жылмайып жүрүү гана эмес. Кээде коллекторлор карыздар адамдан акчаны эртерээк өндүрүш үчүн тескерисинче, ачуулуу, агрессивдүү түр менен психологиялык басым жасаганга аракет кылышат. Эмоционалдык тейлөө жумушта гана эмес, адамдардын жеке жашоосунда да актуалдуу. Туугандардын, өнөктөштөрдүн, достордун арасында эмоциясын башкарып, башкаларга ыңгайлашууга, курмандыкка барууга аргасыз болгондор жок эмес. Мисалы, кыргызда келин менен кайын журттун ортосундагы эмоционалдык тейлөө. Эгер сиз кайсы жерде болбосун “эмне маанайың суз, күлбөйсүңбү?”, “кардардыкы дайыма туура, эсиңде болсун!”, “эмнеге талашып-тартышып жатасың, жөн эле оозду жаап калуу кыйынбы?”, “келиндей болуп минтип, тигинтип койбойсуңбу?” деген сөздөрдү уксаңыз, демек, сизден эмоционалдык тейлөөнү талап кылып жатышат.
Адамды чарчатат, стресске түртөт
Эмоционалдык тейлөө адамдын энергиясын соруп, чарчатат. Жумуш учурунда 14 саат бою калп жылмайып каттамдан кийин үйүнө кайтып келген стюардесса эмоционалдык жактан “күйүп кетет” (выгорание). Арли Хокшильд жазгандай, жасалма эмоцияларды узак мөөнөткө чагылдыргандан кийин адам “эмоционалдык өлүү” абалына туш келип, ага жакындары менен нормалдуу мамиледе болуу кыйыныраак болот. Мындан тышкары, үзгүлтүксүз эмоционалдык тейлөө менен алпурушуп чарчоо психикалык ден соолук үчүн бир нече терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн: стресс өнөкөткө айланып, чарчаңкы абал кадимки көрүнүш болуп, андан ары депрессияга айланып кетүү коркунучу бар дешет психологдор. Жасалма эмоцияда көп жүргөндөрдүн дагы бир көйгөйү – сезимдеринде баш аламандык жаралат. Кызматкер жумуш берүүчүнүн талабы менен өзүнүн жеке көз карашын айкалыштыра албай ички сезимдери менен күрөшө баштайт. Мисалы, кызматкер адам катары орой мамилеге жооп кайтарып өзүнүн чек арасын коргогонду жакшы билет, бирок жумуштун талабына ылайык анте албайт, атүгүл ак жерден кечирим суроого милдеттүү, анткени “кардардыкы дайыма туура”. Нью-Йорктогу Буффало университетинин окумуштуулары адамдар менен көп баарлашууга аргасыз болгон аймактарда иштеген 1500дөн ашык адамды сурамжылоого алышкан. Эмоциясын жасалмалап, кыжырдануусун жашырган респонденттер башкаларга караганда спирт ичимдиктерине жакын болушарын далилдешкен.
Үй-бүлөдө эмоционалдык тейлөө тең бөлүнүшү керек
Үй-бүлөдө эмоционалдык тейлөө тең бөлүштүрүлүшү керек деп айтылат. Адегенде эмоционалдык тейлөөнү кабыл алууга көнүп калган жана аны байкабаган өнөктөшүңүздү ушундай “эмгек” бар экенине ынандырышыңыз шарт. Мисалы, ага колдоо көрсөтүп, өзүңүзгө кыйын учурда да аны сооротуп жүргөнүңүздү айтып бериңиз. Андан кийин өзүңүз да андан ушундай мамилени күтөрүңүздү, кааларыңызды билдириңиз. Эмоционалдык тейлөөнү бир адам эле аткара берсе үй-бүлөдөгү, жубайлар ортосундагы мамиле бузулат. Аткаруучу өнөктөш чарчайт, кыжырданат, ыза болот, таарынычтарды топтойт, акырында көңүл коштук жаралышы мүмкүн. Мындан тышкары, психологдор эмоционалдык эмгекти түгөйлөрдүн бири көбүрөөк аткарса ортодогу мамиле бала менен ата-эненин мамилесине айланат деп эсептешет. Анткени түгөйлөрдүн бири дайыма жоопкерчиликти өзүнө ала берсе, экинчиси жардам гана күтө берет.
Лунара Бекиева