Мадалена Абдрахманова, актриса: «Блогер эмес, актриса катары таанылгым келет»

Бул аптадагы каарманыбыз – блогер, актриса, белгилүү актёр Арнис Кыдырмышев менен актриса Альбина Имашованын кызы Мадалена Абдрахманова. Маекте кызы, балалыгы, кыялдары, жолдошу тууралуу кызыктуу баяндап берди.

 – Куш келипсиз, Мадалена! Кызыңыз чоңоюп жатабы? Кыздуу болгондон бери жашооңузда эмнелер өзгөрдү?

– Чакырганыңарга чоң рахмат, келип калдык. Кызым чоңоюп жатат, буюрса, 9 ай болду. Кыздуу болгондон кийин көп нерсе өзгөрдү, өзүңө жоопкерчилик алып, бала өстүрүп жатам деп ага татыктуу тарбия берүүгө аракет кылып калат экенсиң. Мурда баары бир болчу да (күлүп).

– 11-классты бүтүп эле турмушка чыктыңыз. Эрте турмушка чыкканыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Мындай болду, 7-июнь күнү аттестат тапшырылды, 8инде кыз узатуу болду. Өкүнбөйм, тескерисинче, эң туура чечим деп эсептейм. Эрте ийгиликке жетип, эрте иштеп дегендей, кыскасы, жакшы.

– Актрисалык сиз каалаган кесиппи же?..

– Мен каалаган кесип. Ата-энебиз актёр-актриса болгону үчүн бизди кичинебизде эле ролдорго чакырып калышчу, бир топ спектаклдерде кичинекей ролдорду аткардым. Биринчи чоң долбоорум Бегалы Наргозунун “Алтын” деген киносу. Башкы ролду аткардым, азыр фестивалдарда көрсөтүлүп жатат. Жакында мени Францияга чакырышты, мүмкүнчүлүк болсо барам. Кичинекейимде эле “чоңойгондо театрда иштейм” дечүмүн. Кийин бул тармактын көп кыйынчылыктарын көрүп, башка эле кесиптин ээси болоюн деп чечкен элем. Бирок сахнада роль ойноп жатканым түшүмө чейин кирет десеңиз (күлүп). Учурда киноактриса болгонго аракет кылып жатам.

– Эңсегениңиз театр, кино болсо, блогерликке кантип киришип кеттиңиз?

– Турмушка чыкканда биздин үлпөт той интернетте аябай ажиотаж жаратпадыбы. Кыз узатуу күнү аябай көп катталуучу келди баракчабызга. Үлпөт тойдо андан да көп болуп кетти (күлүп). Ошондо Нуркулга (ред.: жолдошу, актёр Нуркул Адылбек уулу) “кел, кызыктуу видео тарталы, элди кызыктырып кармап калалы” дедим. Анан тарткан видеолорубуз көп көрүлүп жатты, ошентип блогер болуп кеттик.

– Актёр Алтынбек Казакбаевдин жубайы Акылай айым менен бирге жараткан абысындар долбоорунун идеясы кимге таандык?

– Алтынбек байке менен Нуркул чогуу иштешет, ага-ини катары жакшы катышат. Экөө аркылуу Акылай жеңе менен тааныштым. Башында Алтынбек байке айтса керек бул идеяны. Биринчи видеону Алтынбек байке өзү тартып берген. Ал жакшы көрүлдү, ошентип улантып кеттик.

– Ал роликтерде кайненелерге оор тийиши мүмкүн болгон учурлар бар, кайненелериңер таарына элекпи?

– Жок, Акылай жеңе биз видео тартып баштаган кезде кайненесин көрө элек болчу. А мен көргөм, бирок чогуу жашабайт элек. Биз өзүбүздүн жашообуздан эмес, башкалардын жашоосунан алынган окуяларды тарттык. Ошондуктан кайненелирибиз таарынган жок деп ойлойм.

– Айрым аялдар декреттик өргүү учурунда өзүн артта калгандай сезишет экен, сизге андай ойлор келбейби?

– Мага “төрөдүм” деп эле бала менен отуруп калган жакпайт. Анткени муну чоңойтуп, кайра эле төрөйсүң да. Ишиңди улам кийинкиге жылдыра берсең, өмүр бою иштебей калышың мүмкүн. Ошондуктан үйдө отуруп калбай, иштегенге аракет кылып келатам. Жакшы сунуштар түшүп жатат, тандап тартылуудамын. Анткени жаңы жүзмүн, жүзүмдү ар кайсы жакка чыгара бербей, жакшы гана долбоорлор менен таанылгым келет.

– Жолдошуңуз экөөңүздөрдү эмне бекем байланыштырат?

– Кино, театр... Экөөбүз кинодон таанышканбыз. Сиңдим Асман 2 айлык, апам бардык тартуу иштерине мени алып барчу, бала карап жанында жүрчүмүн. Нуркул агалары менен ошол кезде “Махабатизация” деген сериал тартып жатышкан. Келип, “баланын аты ким?” деп сурап, таанышып калганбыз. Андан кийинки жолугушууларыбыз дагы киного байланыштуу болду. Кино болбосо, балким, таанышпайт болчубуз.

– Турмушка эрте чыкканыңызды жактырбаган интернет колдонуучулары көп болду окшойт...

– Ооба, биз да окуп жаттык. “Ии, мээси жок, неге эрте тийип алдың?” деген комментарийлер жазылды. Мен Нуркулду башынан эле катуу сүйүп, сүйүүгө мас болуп башым айланган эмес. Башында симпатия болду, “ушул бала жакшы бала окшойт, аракетчил, тың бала экен” дегем. Ошентип акыл калчап, анан тийдим. 

– Бизге 2022-жылы берген маегиңизде “Европада жашап, иштөөнү кыялданам” деген экенсиз...

– Ошентиптирминби? Ал кыял күйөөгө тийгенде жоголуп кетти окшойт (күлүп). Кыргызстанда, өзүңдүн жүрөгүңө жакын жерде иштеп, өзүң каалаган ишти кылганың жакшы да. Америкага барып өзүмө жакпаган жумушта иштегим келбейт. Ал жактан мени актрисалыкка эч ким албайт, эч ким мени киного тартпайт (күлүп). Нуркул экөөбүз баш кошкондо “ушул жактан иштейбиз, ийгиликтерге жетебиз, анан жыл сайын чет өлкөгө саякаттап турабыз” деп сүйлөшкөнбүз. Буюрса, жыл сайын саякаттаганга аракет кылабыз.

– Азыр эмнени кыялданасыз?

– Чоң бир долбоордо башкы ролду аткаргым келип жүрөт. Сценарийи жакшы, элдин эсинде кала турган, көрүлө турган киного тартылып, блогер катары эмес, актриса катары “ушул киного тартылган” деп таанылгым келет.

– Атактуулардын кызы болуу жакшыбы сиз үчүн?

– Бизди ата-энебиз “болбойт” деген чектөөлөр менен өстүргөн. Мисалы, “көчөдө ойноп жүргөн болбойт, досторуң менен киного барсаң, жалжактап жүрсөң, сеники эле байкалып калат, тигилердики байкалбай калышы мүмкүн. Бизди уят кылып коюшуң мүмкүн” дешчү. Азыркыга чейин менде “эл карап турат, болбойт” деген нерсе бар. Ата-энемди уят кылып койбоюн деп турасың.

5-классымда классташтар чогуу киного бармай болушту. Атамдан сурана албайм десеңиз, жүрөгүм дүкүлдөп, бирок баргым келип жатат. Анан акырын “папа, классташтарым киного баратышыптыр, барып келсем болобу?” десем, атам “угузба, алар бара берсин, сага болбойт, өзүң билип эле экинчи суранбай жүр” деген. Ошондон кийин эч жакка суранган жокмун. Кафеге барып же көчөдөн классташтарым менен бир нерсе жеп отуруу деген нерселер болгон жок. Азыр ойлосом, бул туура эле экен. Ата-энесин “сен” деп сүйлөп, ата-энеси кеңеш айтса “жок, сеники туура эмес” деп талашып-тартышкандарды көрүп таң калам. Сиңдилерим Аруукени да, Асманды да карадым. Арууке саат 12де сабакка кетиш керек болсо, мен 11 жарымда мектептен чыгарым менен үйгө барчумун.

– Бала ойногусу келет да баары бир. Балалык оюнга тойбой калган жоксузбу?

– Жо-ок, антип айта албайм. Анткени ата-энебиз бизди үйдө эле отургузуп койгон жок, “ойногуң келип жатабы, бизге айт” дечү. Бир жакка баргыбыз келсе, дароо алып барышчу. Киного да ата-энебиз менен барчубуз, бардык жерде алар менен чогуу болдук. Тескерисинче, балалыгым ата-энем менен бирге өткөнү жакшы элес болуп сакталып калды.

– Үй-бүлөдө түгөйлөргө кайсы сапаттар зарыл экенин байкадыңыз?

– Бири-бирин түшүнүшүү зарыл экен. Нуркул мени түшүнөт, колдойт. Мисалы, бүгүн сиздерге интервьюга келеримде “эркин, жакшы баарлашып кел” деп үйдө баланы карап калды. Эч качан “эмне кыласың, отур, баланы кара” дебейт. Дайыма “баргың келип жатабы, бар. Жасагың келип жатабы, жаса” деп турат. Мен да аны түшүнөм. Бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылсак, уруш-талаш болбой турганын түшүндүм.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан