Темирлан Султанбеков, саясатчы: “Үйлөнгөнгө убакыт келе элек”

Темирлан Султанбеков дымагы күчтүү жаш  саясатчылардын бири. Жаш болсо да тарыхы бай “Социал демократтар” партиясын жетектеп, дүйнөлүк “Социнтерн” уюмунун вице-президенти болууга жетишти. Темирлан мырза бизге балалыгы, жеке жашоосу жана саясаттагы баалуулуктары тууралуу кызыктуу кеп салып берди.

“Депрессивдүү шаарда өсүп чоңойдум”

– 1998-жылы Балыкчы шаарында аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Экономикада “депрессивдүү райондор” деген түшүнүк бар. Мурда абдан өнүгүп, бирок кийин кандайдыр бир себептерден улам заводдор жабылып, фабрикалар иштебей калган райондорду ушинтип атап коюшат. Балыкчы да ошондой депрессивдүү шаарлардын бири эле. Колунда жок, кедей адамдар көп жашачу. Эсимде, көчөдө баратсам колун сунуп акча же дагы бир нерсе сурагандар көп жолукчу. Бала болсом да ичимден ошол адамдардын жашоосун аябай өзгөрткүм келчү. Мендеги элдин жүгүн көтөрүү каалоосу ошондо эле ойгонсо керек. Балыкчыдагы Аскерлер шаарчасы деген райондо жашачубуз. Кийин ата-энем Москвага окууга кетишкенде таенемдин колунда калдым. Атам аскер кызматкери болгонго бир полктун эрке баласы болуп чоңойдум. Командирлердин, алардын орун басарларынын баарынын үйүндө жашагам. Балалыгымды эстегенде менде жагымдуу сезимдер гана болот. Мектепте жакшы окудум. 7-классымда биринчи жолу шайлоо өткөрүп, мектептин президенти болуп шайлангам. Ал кезде көбүнчө 11-класстын окуучулары гана президент болушчу. Ошондо биринчи жолу мага мектептен иш бөлмө бөлүп беришкен. Айтор, окуучу кезде активист катары бир да илимий иш-чара, Олимпиаданы калтырбайт элем. Мектептен эле БУУнун суу маселеси боюнча талкуусуна катышкам, мэр, губернатор, мамлекеттик ишмерлердин көбү мени таанышчу. 18 жашымда КСДПга мүчө болуп кабыл алынгам.

“Чөйрөңдү саткындардан тазалайм десең, жалгыз каласың”

– Саясатта мени абдан иренжиткен нерсе – саткындык. Кээде саткындардын жоругун эстегенде “балким, саясат мен үчүн эместир?” деп өзүмө-өзүм суроо берип коём. Анткени өзүм кандай жагдай, кырдаал болбосун бетке айткан, чынчыл адаммын. Азыр коомубуздун 99 пайызы саткындар. Алар алыстан келбейт, жаныңда жүрүп эле котур ташын коюнуна катып жашашат. Позициясын бир жылда эмес, бир саатта алмаштырып жиберчүлөр көп. Эртең менен бир маселени сүйлөшүп келишесиң, түштө эле оюнан кайтып кеткен болот. СССР кезинде үй-бүлөсүнө чыккынчылык кылгандарды партиядан чыгарып салышчу. Албетте, бирөөнүн үй-бүлөсүнө, жеке жашоосуна кийлигишкен туура эмес. Бирок ушул жаман сапатты коом өзү жерип, саткындарды коомдон четтетип койбосо, өнөкөткө айланып кетиши толук мүмкүн. Азыр тегерегиңдеги саткындарды тазалайм десең, жалгыз каласың.

“Абактагы 4 күнүм”

– 2020-жылы 10-октябрда мени “массалык баш аламандык уюштуруп, мамлекетте төңкөрүш жасоого аракет кылган” деп камашкан. Саясий позициям үчүн мага көп эле бут тосуулар болгон, жакындарымды, атамды кызматтан бошотушкан. Андыктан менин камалышым деле таң калтырган жок. Саясий жолду тандаганда эле баарына даяр болушум керектигин билгем. Анткени биз мамлекеттик түзүлүшү жагынан Африканын Ботсвана, Зимбабве өлкөсүндөй эле мамлекетте жашайбыз. Мен ысык-суукка денемди аябай көндүргөм, кышында жылаңайлак карда баса алам, ысык контрасттык душка түшөм. Эртең эмне болуп кетерин билбейсиң да. Абакта 4 күн отурдум, бир да жолу даам сызган жокмун, көп ойлонуудан улам табит жоголот экен. Биринчи күнү “эмнеге тигини же муну камабайт, эмнеге дал мени камады?” деген суроолор болду. Анан ичимден “баары Кудайдын буйругу менен” деп өзүмдү тычтандыра баштаганда түрмөнүн кызматкерлери “сиз бошсуз, чыгыңыз” деп эшикти ачышты. Ал окуяга чейин шайлоо иштери менен жүрүп аябай чарчаган элем, бир чети камакта отуруп эс алып да алдым. Мени эл аралык коомчулук, кыргызстандыктар баары колдоп турушту. Коомчулуктун басымы менен эркиндикке чыктым.

“Азыр саясатта жүргөндөрдүн 99 пайызы КСДПнын элегинен өткөндөр”

– Билсеңиздер, азыркы кыргыз саясатында жүргөндөрдүн 99 пайызы КСДП партиясына мүчө болуп жүргөн адамдар. Мисалы, Өмүрбек Бабанов, Жанар Акаев, Эдил Байсалов, Мирлан Жээнчороев жана башка толтура саясатчылар биздин партияга мүчө болуп тажрыйба топтоп, буттарына турушкан. Акылбек Жапаров биздин партиянын эсепчиси болчу, азыр өкмөттү башкарып отурат. Мен ал кишинин бетине эле “сиз Кадыр Атамбаевди бала бакчага ташып жүрчү эмес белеңиз” деп айткам. Мурун мамлекетти Атамбаевдин шоопуру башкарса, азыр өкмөттү Кадыр Атамбаевдин шоопуру башкарып отурбайбы. Өкмөт башчынын азыр жашап жүргөн батиринен бери Атамбаев белек кылган керек болсо. Партия башынан көп кризистик учурларды өткөрдү, мурунку бийликтин тукуруусу менен аны чачыратып, экиге бөлүп талашкысы келгендер болду. Бирок ар бир кыйынчылык бул алдыдагы чоң мүмкүнчүлүк деп ойлойм. Азыр ошол адамдар, Кудай билет, кайда жүрөт. Мен бул партияга демократиялык баалуулуктары, идеологиясы үчүн келгем.

“Мага саякаттоонун кереги жок, жумуш учурунда эле баарын көрөм”

– 2022-жылы 4 жылга дүйнөлүк “Социнтерн” уюмунун вице-президенти болуп шайлангам. Сиз сурап жатпайсызбы “саякаттайсызбы?” деп. Жумушумдун өзү – бул саякаттоо. Былтыр 365 күндүн, 210 күнүн чет өлкөлөрдө өткөрүптүрмүн. Менин кызыгууларым, хоббим, жумушум, баары саясат менен жуурулушкан. Андан сырткаркы жашоом жок. Өмүрүмдө өз алдымча Дубайга же Египетке барып эс алып көргөн эмесмин. Бирок жумуш, иш сапар менен кайсы гана өлкөлөрдө болгон жокмун. Мен барган өлкөмдү кадимки туристтерге караганда жүз эсе жакшыраак билип алам. Анткени бизди, “Социнтерндин” мүчөлөрүн президенттер, премьер-министрлер, депутаттар тосуп алышат. Эң жакшы мейманканага жаткырып, театр-музейлерин көрсөтүшөт. Анткени атайын келген коноктор үчүн маданий программа да каралган. Жакында эле Португалиянын президенти Порту шаарына чакырды, шумдук коноктошту, эң мыкты ашканасынан тамак беришти, 200-300 жыл мурунку винолорун ачышты. Айтор, мындай меймандостукту кадимки туристтер көрө алышпаса керек.

“Ушундай заманда кайсы жоопкерчилиги бар жаш саясатчы үйлөнөт, таң калам”

– Үй-бүлө куруу – бул абдан чоң жоопкерчилик. Азыр кимди, качан болбосун камап же атып өлтүрүп кетиши мүмкүн. Биз ушундай кооптуу өлкөдө жашайбыз. Жөн эле үйлөнө бергендерге таң калам. Ушундай заманда ким үйлөнөт? Эч кандай каржылык коопсуздук жок, үй-бүлөң менен ишенимдүү бутка туруп жашап кетериңе кепилдик жок, кантип үйлөнөсүң? Мен “качан үйлөнөсүң?” деген суроону өзүмө жүз жолу берип, жүз жолу жооп алгам. Үйлөнгөнгө убакыт келе элек. Балким, өлкөбүздө эркиндик, адилеттүүлүк болсо үйлөнмөкмүн. Азыр эмне, журналистти, блогерди, 70 жаштагы апаны, акындарды, аксакалдардан бери камап жатышат. Мен саясий жолду тандагандан кийин кайсы бир курмандыктарга барышым керек да. Анткени бул менин аң-сезимдүү тандоом. Үйлөнүп алып үй-бүлөмдү да чоң тобокелчиликке салгым келбейт.

Лунара Бекиева        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан