Садыр Жапаров: “Мындан ары бейөкмөт уюмдар ачык иштешет”
Кыргызстанда көптөн бери талкуу жаратып келе жаткан бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга кол коюлду. Президент Садыр Жапаров документке кол койгонун 2-апрелде өзүнүн социалдык желедеги баракчасы аркылуу жарыялады. Мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк булактардан каржыланып жана саясий иштерге аралашып жүргөн уюмдар “чет өлкөлүк өкүл” деген тизмеге кошулат.
– Мурда өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен. Мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары каттоодон өтүшөт, ачык-айкын иштей башташат,- дейт президент. Президенттин бул сөзүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү четке кагып, буга чейин деле каттоодон өтүшкөнүн, каттоодон өтпөй туруп ишмердүүлүк жүргүзүү мүмкүн эместигин эскертишти.
Садыр Жапаров мыйзамдын кабыл алынышы менен өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук башталат деген пикирлерге макул эмес.
– Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт. Колуңардан келсе миллиондорду эмес, миллиарддарды алгыла. Болгону баарын ачык-айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле. Ошондо чет өлкөлүк донорлоруңар дагы канча акчасы кайсы долбоорлорго жумшалганын ачык көрүп турушат.
Болбосо буга чейин “баланча тегерек стол уюштурдум, түкүнчө тренинг уюштурдум, баланча долбоорго баланча акча жумшадым” деп, жеке кызыкчылыгыңарга жумшаган акчаңарды дагы ишке кошуп донорлорду алдап отчёт берип келгенсиңер. Калп десеңер четиңерден таап берем,- дейт Садыр Жапаров.
Быйыл февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен аталган мыйзам боюнча тынсыздануусун билдирип президент Жапаровго кат жазган. Ал эми президент аны Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырган. Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү да мыйзамга кескин каршылык билдирип келген.
Депутат менен министр тирешүүдө
Жогорку Кеңеш 3-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу аталган министрди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптап, анын ишин депутаттык топ иликтеп чыгышы керектигин айтты. Башка депутаттар да өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы абалды сындап, депутат Коргонбай уулунун сунушун жактырышты. Комиссияга 8 депутат кирди, аны Жусупбек Коргонбай уулу жетектейт.
Быйыл 14-мартта аталган депутат министр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп да айыптап чыккан. Мындан кийин министр “кадыр-баркыма шек келтирди” деп депутатты сотко берген. Алымкадыр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулунун аракетин “анын өтүнүчүн аткарбай койгонум үчүн” деп баалап жатат. Айтымында, Жусупбек Коргонбай уулу бир таанышын кызматка дайындоону суранып, министр андан баш тарткандан кийин экөөнүн мамилеси келишпей калган.
Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салынышы мүмкүн
Кыргызстанда көзү ачыктардын жана төлгөчүлөрдүн кызматын жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 3-апрелде карап, биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев башында турган 25 депутат демилгелеген. Максат – жарандардын аң-сезимин кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн манипуляциялоого жол бербөө.
– Биздин салтыбызга да, динибизге да каршы келген, тарыхыбызда болбогон көзү ачыктар акыркы кезде кулач жаюуда. Бул алдамчылык. Алар өздөрүн жарнамалап, элдин башын айлантып жатышат. Ошолорду тизгиндейли деп ушундай мыйзам долбоорун демилгелеп жатабыз,- деди Маматалиев.
Депутат сыйкырчы, экстрасенс дегендерге көбүнчө турмуштук кыйын кырдаалга кабылгандар кайрыларын, андай жарандардын саны көп экенин белгиледи.
Айта кетсек, бул маселе парламентте буга чейин да көтөрүлүп келген.