Атактуулардын жылмайткан окуялары

Атактуулардын эл билбеген кызыктары көп эмеспи. Аларды экрандан, сахнадан көрүп, талантына күбөбүз. Ал эми турмушта сиз менен биздей эле ар кандай жагдайларга кабылары белгилүү. Бул жолу алардын “бырс” эттирген окуяларын уксак. 

Кубаныч Ажыбаев, ырчы: “Ырдап жатсам башыма чайнектей алма түшкөн”

– 2007-жыл болсо керек эле. Студентпиз. Аскат Мусабеков экөөбүз Бишкектеги бир чайканада иштеп калдык. Чайканада тапчандар көп болчу, кардар үзүлчү эмес. Күздүн бир күнүндө адаттагыдай тапчанда отургандарга барып ырдай баштадык. Аскат уялчаак эле, менин арт жагымда аккордеон тартып, мен алдыда комуз чертип, улам бир тапчанга барып ырдап жатабыз. Отургандар коштоп кол чаап, кошо ырдашып, шатыра-шатман. Тээ төр жакта алма бактын курчоосунда көбүнчө бизнесмен, чиновниктер отурчу тапчан турчу. Анан кезек жетип ошол жерге барып ырдап баштадык. Бир маалда башыма бир нерсе “тарс” деп тийип, бетимден ылдый суу чачырап кетти. Карасам чоң кыпкызыл апорт алма 2-3кө бөлүнүп жерде жатат. Эми чоңдугун айтпаңыз, чайнектей эле бар го. Көрсө, эзилип бышкан апорт шагынан үзүлүп, башыма түшүп, ширеси башымдан ылдый  чачырап кетиптир. Эл дуу жарылды каткырып. Аскат болсо күлө берип эзилип, араң өзүнө келди. Ыйлай албай, же күлө албай, бети-башымдагы ширени сүрткүлөп алып, анан мен да каткырдым. Андан кийин Аскат экөөбүз улам эстеп күлө берип жыргатып ырдай албай койдук. Ошондон бери алма дарагынын түбүндө туруп калганда чочулап турам. 

Канат Мамырканов, актёр: “Ботодой боздоп ыйлап кинопробадан өткөм”

– “Айыл өкмөтү” фильмине тартыларда кызык окуя болгон. Бир күнү үйдүн короосунда жүрсөм бирөө эле алыстан ары жагымдан, бери жагымдан фотоаппаратка шакылдатып тартып жатат. “Ай, мени эмне тартып жатасың? Мени менен ишиң эмне, тартпа!” деп урушуп, үйгө кирип кеттим. Бир аздан кийин сырттан бирөө чакырды. Чыксам бир киши турат, көрсө, ал Эрнест Абдыжапаров экен. Саламдашкандан кийин “неге биздин балдарды урушуп жатасыз? Алар сизди фотопробага тартып жатышат. Жаңы тасмабызга Токо деген “алкаштын” ролуна актёр таппай жатканбыз. Ошого сиз туура келип жатасыз, роль аткарып бериңиз” дейт. “Өмүрү тартылып көрбөсөм, кантип тартылмак элем?” десем, Эрнест “турган турпатыңыз эле жетишет. Бир күнү чакырабыз, сөзсүз келиңиз” деди. Ийин күүшөп эле кетип калдым. Анан бир күнү кинопробага чакырышып, баягыда айткан ролун беришти. Карасам толтура адам жүрөт. Улам бирөөсүн кинопробадан өткөрүп жатышат. Мени качан чакырат деп коюп турсам бир маалда “алкоголиктер даярдангыла” деп жарыялап калышты. Антсе жиним келип “эмне, биз “алкаш” белек? Атыбыздан эле чакырбайсыңбы?” деп операторду урушуп кирдим. Көп жолу “проба” кылышып, баарында тең мага “ыйлап бер” дешти. Ыйлаш эле керекпи деп улам ботодой боздоп ыйлап берем. Ошондо Эрнест, тартуучу топ, тартылып жаткандар баары менин ыйлаганымды көрүп кыткылыктап абдан күлүшүптүр. Ошентип ойдо жок жерден тасмага тартылып калгам.

Кубан Алимов, куудул: “Сахнадагы тешикке түшүп кеткем”

– Оо, анда популярдуу болуп турган кез. Бир жолу мени Ысык-Көлгө бир концертке катышып бер деп чакырышты. Бардым, концерт ортолоп калганда сахнага чыктым. Сүйлөп жатсам эле бирөө мени көздөй өрүк ыргытып калбаспы. Бирөөсүн тосуп алып, шап жеп ийгенимди байкабай калыпмын. Эл каткырып жибергенде гана байкадым.

Эртеси дагы бир айылга концерт койдук. Клубдун жетекчиси “сахнанын полунун төр жагы чирип калган, абайлагыла” деп эскерткен, аны унутуп калыпмын. Бир кезде жарык өчүп калды. Ошол маалда мени сахнанын аркы капталында тургандар чакырып калышты. Оюмда эч нерсе жок өтүп баратып эле чуңкурга белиме чейин түшүп кетип жатпаймынбы. Кашайып дал ошол кезде жарык күйүп калып, элдин баары мен көрүп күлүп ийишти. “Кокуй, чуңкурдагы артистти чыгаргыла” деп кыйкырып да жатышат. Ошентип 2 колумдан тартып тешиктен сууруп чыгарышкан. Анан сатира аткарганы чыксам көрүүчүлөр жанагы окуяны эстеп алып кайра каткырып жатпайбы.

Борончу Кудайбергенов, куудул: “Сахнада туруп залдан суу сурап ичкем”

– 2005-жылы Бишкекте Улуттук филармонияда 2 күн концерт бергем. Жай мезгили болгондуктан күн ысык, үп. Ысыктан шайым ооп, болушунча тердеп, суусаганыма карабай  концертти бүтүрдүм 1-күнү. 

Эртеси күнү да концертке эл зал толо келди. Концерт жарымынан өтүп калганда кечээгиден да катуу суусап, тер деген моюндан ылдый куюла баштады. Көйнөк терге чыланганы калды. Улам-улам аарчынганга чоло жок. Анткени бир колумда микрофон, бир колум менен болсо жаңсагылап түшүндүрүп сүйлөп жатам. Ошентип жүдөп жатып концерт аяктап, эл менен коштошкону сахнага чыктым. Карасам сахнанын түбүндө бир таанышым бөтөлкөдөн суу ичип турат. Суу көзүмдөн учкан жаным ошол жерден эле “эй, дос, сууңдан берчи” деп ийилип, бөтөлкөнү колума алып эле кулкулдатып жутуп кирдим. Ичип жатсам эле “дуу” деп күлкү жаңырды. Көрсө, суусаган жаным элди унутуп калыптырмын. Көрүүчүлөр менен коштошо элек экенмин. Мен да каткырып, концертти өзгөчө маанайда бүтүргөнбүз.

Айпери Кулбаева, ырчы: “Спектаклди унутуп Таш-Көмүргө концертке кетип калгам”

– 2009-жыл болчу. Ошто студенттердин жатаканасында жашап, окуу менен катар драма театр жана филармонияда жарым ставка менен иштеп жүргөн кезим. 9-май күнү, саат 3тө спектакль коймокпуз, мен роль аткармакмын. Аны унутуп таң эрте саат 6да Таш-Көмүргө “Кыз-Бурак” тобу менен концертке жөнөп кеттим. Ал жакка жеткенде саат 9 болду. Спектаклди ошондо эстеп жатпаймынбы. Кенже Дүйшеевга айтсам кейип, шашкалактап Ошко таксиге салып жиберди. Аңгыча жамгыр төгүп баштады, ансайын такси жай жүрөт. Шиштин үстүндө отургансып ойдолоктоп, чыйпылыктап келе жатам, жетишип барсам экен деп.  Театрдан да чалып башташты, “батыраак айдаңызчы” деп айдоочуну шаштырам. Ошентип далбастап саат 3 жарымда Ошко, драма театрга жетип барсам “спектакль башка күнгө жылып кетти” деп жатышпайбы баарыбызга. Ошентип эки жактан тең жок, убактымдын баары жолдо өткөн. 

Канымжан Усупбекова   

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан