Жоголгон жылдар...(Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айзада колундагы кружканы жерге чаап жиберди. Өткөнүнө саресеп салуу, андагы чындык менен бет келишүү ал үчүн ар дайым оор. Алынын жетишинче өткөндү эстебей, күнүмдүк тиричилик менен алектенип жүрчү. Бирок акыркы убактарда өтмүштөн кача албай калды. Бир аз тынч алса эле көз алдына тасмадай чууруп өткөн күндөрү тартылат. Азыр баарын эстеп отурганына жини келип кетти. Шарт бурулуп, муңга толгон көздөрүнөн жашын мөлтүрөтүп бөлмөдөн чыгып кетти. Аман дал болуп ал кеткен тарапты карап туруп калды. Эмне болуп кеткенин түшүнө алган жок. Чачырап жерде жаткан айнек идиштин сыныктарын бир топко карады да, бир нече мүнөттөн кийин гана Айзаданын артынан басты. Ашканада жок, сырткы каалга ачылбаптыр. Жуунуучу бөлмөнү көздөй жөнөдү. Айзада жуунуучу бөлмөнүн эшигин ичинен кулпулап алыптыр. Аман коркуп кетти. Акырын каалгага жакындап ичин тыңшап калды, эч кандай кыймыл-аракет байкалбайт. Бул кандай окуяны баштаганы турат дагы, бир нерсенин ичинен чыгып күнөөлүү болуп калбайын деп чочулады. Эшикти кайталап тарткылады. Бир топто гана аялдын бышактап ыйлап жаткан үнү угулду.

– Айзада эже, сизге эмне болду? Бир нерсе деңизчи. Мен сизге жардам бере аламбы?- деп үн катты Аман.

– Айзада эже, өзүңүзгө зыян келтире турган эч нерсе жасабаңыз. Баары жакшы болот. Жөн эле кейип, өзүңүздү жазалай бербеңизчи...- жигит дагы эшикти тарткылады.

– Аман, сарсанаа болбо. Мен өлбөйм, ушунча жылдан бери өлбөгөн эми өлөт белем? Сен мага көңүл бурба. Барчу жагыңа барып, иштериңди бүтүрө бер. Мени ойлобо. Мен эмне бир аз ыйлап эс алам. Бир аз жалгыз болгум келип турат.

– Макул, эже. Өзүңүзгө зыян келтирүү оюңузга келбесин. Кандай жардам керек менден, мен ар дайым даярмын,- деген Аман мындан ашык аялдын тынчын алууга болбостугун түшүндү. Сыртка чыгайын деп жатып оюна бир нерсе кылт эткендей төркү бөлмөгө кирди. Жерде сынып жаткан кружканын айнектерин терип тазалап баштады. “Жылан чакпай, жылкы теппей эле бир заматта кызууланып кетти го, эмне болгонун ким билсин” деп күбүрөнгөн жигит эч нерсени түшүнбөгөндөй ийнин куушуруп, башын чайкап койду. Кружканын сыныктарын таштандыга салды да, андан кийин гана ноутбугун көтөрүп, каалганы бекитип сыртка чыгып кетти. Кетпейин, бир жаман окуя болуп кетпесин деди, бирок аялдын жалгыз калгым келип турат деген сөзү аны кетүүгө түрттү. “Акылдуу эле аял го, өз жанына кастык кылбас. Бул дагы аялзатынын дагы бир чыргоолугудур. Өз үйүндө жалгыз калгым келип жатат десе чыгып кетпей туруп алганым болмок беле? Мен бир аз акча чогултуп алсам деген бир байкушмун, бул аялга эмне жетишпейт. Эмнеге билбейм, экөөбүздүн жолдор бирикти да калды” деп жигит өзүнчө ойго чөмүлүп баратты.

 

xxx

Түркиядагы эс алууга Дайыр көптү үмүттөнүп барган. Бирок, тилекке каршы, андай болгон жок. Башы жакшы башталганы менен, акыркы күндөрү Алтынай бир да жакшы сөз сүйлөбөдү. Дайыр ушул күндөрү Алтынайдын ага болгон таарынычы канчалык күч экенин, ага болгон сүйүүсүнүн, жакшы мамилесинин ордун таарыныч ээлеп алганынын, өзүн мурдагыдай сүйүүгө, эмне кылса да жакшы сөз сүйлөөгө татыктуу болбой калганын түшүндү. Дайыр өзүн актай албайт эле. Эми түз жүрүп, Алтынайды, жакындарын сыйлап анын мурдагыдай мамилесине, сүйүүсүнө арзууну гана ойлонуп калды Дайыр. Экөө учакта бири-бирине үн каткан жок. Ортодо Алан гана бир атасынан, бир апасынан бирдемлерди сурап экөөнү алмак-салмак сүйлөтүп келе жатты. Мындай маанайдагы 5 сааттык жол суткалап жол жүргөндөй эле болду Алтынай үчүн. Учак “Манас” аба майданына келип конгондо “өх” деп оор үшкүрүнүп алды.

– Такси керекпи?- деп Алтынайды жандай басты бир жигит.

– Ооба, керек деген Алтынайга Дайыр алая карап.

– Кереги жок. Бизге машина даярдап койгон. 

– Мен түз эле үйгө кетейин дегем,- Алтынай Дайырга акырая карады.

– Сиз бара бересизби,- деди Дайыр таксистке кол шилтеп.

– Үйгө барып атам-апама учурашып койбойлубу, кайра жеткирип коём,- Дайыр Алтынайды суроолуу карады.

– Жок, чарчап турам. Үйгө эле барам, ушундай маанайым менен аларга барууну туура көрбөй элемин.

– Мындай маанайыңды сенин үйүңдөгүлөр көрсө деле эмне дейт? Дайыр эс алдырбай эле кызыбызды капа кылып алып келиптир дебейби.

– Алар мага көнүп бүтүшкөн, эч нерсе дебейт. Качан эле менин капа болбогон кабагымды көрүштү эле?- деди Алтынай.

– Унааны чыга беришке айдап келип, ачкычын тапшырды шыңга бойлуу жигит.

– Минтип бирөөлөрдү убара кылбай эле кетмекпиз,- деди Алтынай жактырбагандай.

– Ыңгайлуу болсун дегем,- деп күнөөлүү кишидей эшикти ачып жубайы менен уулун отургузду да, от алдырып бир аз жол жүргөндөн кийин жолду жээктеп унааны токтотту.

– Алтыш, болдучу, ушунча дагы таарынасыңбы? Андан көрө бир жерден чогуу тамактаналы, бир аз өзүңө келип, маанайыңды оңдоп алып анан барчы үйгө.

– Сага эмне болгон? Менин маанайым, кабагым менен качантан бери эсептешип калдың эле?

– Мындан ары дайыма эсептешем. Айткандарыңдын баарын көңүлүмө түйдүм. Алтынай, эми эски каталарды кайталабайм. Чынын айтсам, көңүлүңдү көп эле калтырдым. Бирок кайрадан сенин мурдагыдай сүйүүңө арзыгым келет. Кайрадан сенин жоодураган көздөрүңдү көргүм келет,- деген Дайыр жалооруй Алтынайды тиктеп калды.

– Сен эмне, Түркиядан сүйүү сөздөрүн жаттап келгенсиңби? Өзүңчө эле сөздөн-сөз токуп эле...- маанайы жок болсо дагы жүзүн кыска жылмаюу сүртүп өттү.

– Чын жүрөктөн айткан сөздөрүм. Жаттап, эмне айтам деп издеп деле отурган жерим жок,- деди Дайыр.

Андан ары эч ким унчуккан жок, шаарды көздөй бараткан жолдон экөө тең көзүн албай өз ойлору менен алек. Унаанын ичиндеги тынчтыкты Алан бузду.

– Апа, менин тигиндей машинам болот. Учуруп айдайм, карасаңыз деп алдыда бараткан жол тандабасты сөөмөйү менен көрсөтүп, өзүнчө кубанып жатты.

– Аласың, балам. Машина деп эле турасың, ээ?

– Ата, чоңойгончо ушунун кичинекейин алып берип турбайсызбы. Бирок ичине мен баткандай болоюн да,- деди уулу ага жакындап.

– Макул, алып берем,- уулунун бетинен өөп койду.

Алтынай башында көнбөй жатканы менен, үйгө жеткенде кадимкидей чытып турган кабагын ачылып, жайдары боло түштү. Ата-энесине сыр бербегенге аракет кылып жатканын байкаган Дайыр ичинен кудуңдап кубана түштү. Аларга алып келген белектерин тапшырып Дайыр үйүнө жөнөп кетти. Анын дарбазадан жалгыз кирип келе жатканын көргөн апасы чочуп кетти. Ушунча күндөн берки ал жактан мамилелери түзөлүп келет деп жанып турган үмүтүнө суу чачкандай эле болду. Дайыр үйгө түз кирген жок, унаасын короого киргизип жатты.

– Апей, ботом, Дайыр өзү жалгыз келиптир. Алтынайга эмне болду экен, дагы таарынышып кетиштиби, деги өздөрү жакшы болсо экен. Элдешип, ээрчишип келишет деп сүйүнүп жатпадым беле. Саякат деле жардам берген эмес турбайбы,- эне сарсанаа боло эшикти көздөй басты.

– Болдучу ар нерсени түкшүмөлдөй бербей. Отура турчу, кирсин үйгө, учурашалы, анан сурайсың чоо-жайын. Тим эле чыдамың жок да,- деп корс этти күйөөсү. Аял басып бараткан жеринде селейип туруп калды...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан